Ал Маданият министрлигинин коллегиялык жыйынында кыргыздын каада-салтына туура келбеген маалыматтарды интернетте чектөө керектигин айтып, бул боюнча мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөт башчынын ажырашкан келиндер тууралуу айтканы интернет колдонуучулардын сынына кабылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыздын той-топуру ашкере чыгым жана аша чапкан каадалар менен өтүп жатканын айтып, салт-санааны иретке келтирүүнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырды.
Өкмөт башчы Маданият министрлигинин коллегиялык жыйынында сүйлөп жатып, кыргыздын каада-салты өлкөнүн бардык аймагында бирдей колдоно тургандай болушу керектигин белгиледи.
"74% титулдук улутпуз деп жатабыз. Бала төрөлгөндө Нью-Йоркто болобу, Кочкордо же Кочкор-Атада болобу, биздин каада-салттардын бардыгын бирдей өткүдөй кылып берсеңиздер. Кыз узатуу, келин алуу, тушоо кесүү сыяктуу кыргыздын тойлору бир түрдүү болсо. Мисалы, кавказдын элдери Лондондо үлпөт той берип жатса дагы алардыкы экенин билесиң. Арабызда жашап жаткан уйгур, өзбек калкы тойду Нарында же Өзгөндө өткөрсө дагы бирдей. Биздики бүт айырмаланат, ар бир тамада каалагандай, ар бир үй-бүлө өзүнүн аң-сезимине, деңгээлине жараша өткөрөт. Пил болсо аны деле алып келмек. Жакында ат жетелеп кирип жатышат тойкананын ичине. Каада-салттын баарын иретке келтирип берсеңиздер деген өтүнүч".
Буга чейин үлпөт тойдо кыздар арабча ырдап чыкканы кызуу талкуу жараткан. Андан мурдараак өлкөнүн аймактарынын биринде баланы бешикке салуу жөрөлгөсү боюнча социалдык колдонуучулар түрдүү пикирлерди жазышкан. Айрым тарыхчылар жана этнографтар ар бир аймакка тийиштүү салт-санаалар болорун, буга түшүнүү менен кароо керектигин жазган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева бардык аймактарда бирдей салт-санаа колдонулсун дегенге кошулбагандардын бири:
"Биздин мамлекетибизде аймактык өзгөчөлүктөр бар. Анын баарын бир калыпка салып, жипке тизгендей окшош кылуу керек деген туура эмес. Улутту улут катары көрсөтө турган анын маданияты жана каада-салты. Ар бир аймактын, жамааттын өзгөчөлүгү бар. Каада-салт жашап жаткан адамдардын дооруна, шартына жараша калыптанат да. Мыйзам чегине салып, муну жаса, муну жасаба деген болбойт. Мажбурлоо жолу менен ушундай гана болосуңар дегенге кошулбайм. Биз байистүү (светтик) өлкөбүз, экинчиден, 21-кылымда жашап жатабыз. Бизде адам укугу жана адамдын тандоосу деген бар. Эгер ошол маданият, каада-салт адамдын укугун тебелесе, анда жөнгө салынышы керек. Бирок бардыгы бирдей болуш керек деген туура эмес".
Буга чейин коомдук ишмер жана тарыхчы Алмаз Кулматов каада, нарк-насил, салт, үрп-адат, ырым-жырым, жөрөлгө, азем, зыйнат – мына ушунун баары байыртадан келе жаткан социалдык регулятор, коомдук турмушту, адамдын адамга, айлана-чөйрөгө мамилесин жөнгө салуучу эрежелер экенин белгилеген. Ошондой эле салттар мыйзам менен жөнгө салынбай турганын айткан:
"Баары традиция деген универсал көрүнүшкө биригет. Болгону биз санап өткөн нерселердин ар бири - мааниси, ишке ашуу жолу, масштабы, кырдаалга жараша функциясы менен айырмаланган социомаданий система. Каада-салт, ырым, жөрөлгө, зыйнат, азем сыяктуу салттын түрлөрү - ири алдыда баалуулук. Экинчиден, этностун иденттүүлүгүн аныктоочу функцияга ээ. Этноско таандык болуу ошол этностун канынан жаралуу менен гана автоматтык түрдө аныкталбайт. Ошол этноско мүнөздүү баалуулуктарды, социомаданий эрежелерди, нарк-насилди, дүйнө таанымды, мүнөздү, ыйык эсептелген нерселерди боюнча сиңирүү процессинде ишке ашат. {...} Окумуштуулар эки жагдайды белгилешет. Традициялар прагматикалык жана сакралдык функциядан тышкары укуктук жүк көтөрөт. Тескерсинче, традицияларды мыйзам менен жөнгө салуу кыйын, бул опурталдуу укуктук тажрыйба. Чет мамлекеттердин тажрыйбасына, тарыхка көз чаптырсак, элдик каада-салтты мыйзам менен жөнгө салуу кеңири кездешпейт экен".
Жапаров мындан сырткары министрликтен өкмөттүн, парламенттин жыйындарында чапан сыяктуу улуттук кийим кийип отуруу боюнча сунуш берүүнү өтүндү.
Кыргызстанда ырым-жырымдарды жөнгө салуу, аш-тойлордо чыгымды чектөө демилгелери бир нече жолу көтөрүлүп, мыйзам долбоору сунушталган. 2022-жылы президент Садыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарган. Ал өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда бары-жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткени менен, бул көрүнүш толук тыйылган жок. Ысырапкорчулукту тыюу максатын көздөгөн президенттин жарлыгын дагы коомчулук өз убагында кызуу талкуулаган.
"Келин жоолук салынып, кайненесин сыйласын"
Өкмөт башчынын ушул эле жыйында келиндер тууралуу айтканы социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.
Айрым колдонуучулар өкмөттүн бул сөзү кыз-келиндердин укугу ансыз деле тебеленип, кулак-мурду кесилип, зомбулукка кабылып жатканда өлгөндүн үстүнө көмгөндөй кылганына капа болушту.
Акылбек Жапаров бул жыйында "келин болуп кызмат кылгандын ордуна, ажырашкан келиндерди үлгү тутууга болбой турганын" айткан:
"Мындан ары биздин үрп-адатыбызга, каада-салтыбызга туура келбеген маалыматтардын бардыгына чектөө киргизишибиз керек. Кайната-кайненени сыйлабаган келинди, социалдык тармакка чыгып алып атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бөлөк бирөөнүн үйүнө барып келин болуп, кызмат өтөп байбиче болуу ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баарынын социалдык тармакка чыкканы уят. Чолок шымчан жүрбөгүлө деп биздин атабыз үйрөтчү да, анын сыңары келиндер дагы жоолукту баштан түшүрбөсүн дейли".
Укугу бузулган аялдарга колдоо көрсөтүп жүргөн "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова үй-бүлөлөрдүн жеке турмушу, туугандарынын жакшы-жаман адаттары туурасында социалдык тармактарга жарыялоону туура көрбөйт. Анткен менен келиндердин кыйласы барган жеринин же күйөөсүнүн мамилесине, зомбулугуна чыдабай ажырашарын айтты:
"Кээ бир учурда биз зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен зөөкүрдөн ажырап, өз алдынча турмушун баштап, баласын багып кеткен келиндерди үлгү кылып эле көрсөтөбүз. Кээ бирде кайненесинен начар мамиле көрүп калат. Келиндер деле жыргаганынан ажырашпайт, айласыздан барат бул жолго. Эч нерсенин кереги жок, тынч жашайын деп алименттен, башка нерселерден баш тартат. Башканы жакшы көрүп калдым деп чанып кеткени чанда болот. Ызы-чуу чыкса, балдарга да таасир этет. Бирок муну бир беткей айтканга дагы болбойт".
Экс депутат Гүлжамал Султаналиева соңку кезде жаштар дагы, улуулар дагы сабырсыздык кылгандыктан, бул ажырашууларга алып келүүдө деп эсептейт. Ал ажырашкан келиндерди күнөөлөгөндөн мурда балдарга үй-бүлөлүк баалуулуктарды тааныштырып, тарбия бергенди көбүрөөк ойлонуу зарыл деген пикирде:
"Кээде социалдык тармак адамдардын ички дүйнөсүндөгү абалды, сезимдерин чыгара турган, бөлүшө турган курал катары колдонулуп жатат. Акылбек Жапаров айтып жаткан келин эмнени чыгарып жатканын билбейм. Балким, ага коммуникация, колдогон учур болбой жаткан үчүн, ички сезимдерин чыгарып жаткандыр? Эгер такыр эле укугун бузуп, аброюна шек келтирсе, анда ошол адам өзүнүн укугун мыйзам чегинде коргоп алышы керек. Үй-бүлө бузулбасын десек, коомдо кандайдыр бир иш-аракеттер болуш керек. Биз кандай тарбия берип жатабыз, коомдо кандай баалуулуктар басымдуулук кылып жатат, мамлекет кандай багыттап жатат - ошонун баарын эске алып, комплекстүү аракет кылыш керек. Ал эми аялдардын мойнуна дөңгөлөк илип койгондо, машинага сүйрөгөндө гана зордук-зомбулук деп атайбыз. Аялдардын чыдап жашай берейин, моралдык, физикалык жактан тебелесе деле коом мени колдобойт деген абалга түшүп калганы туура эмес. Өзгөчө саясат жасап, бизди жетектеп, багыт көрсөтүп жаткан адамдар ушундай сүйлөгөнү туура эмес".
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өткөн айда камалган 11 журналистти бийлик "тарбиялоо" үчүн камаганын айтканы талкуу жараткан. Маданият министрлиги TikTok, YouTube жана башка социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүп, коомго зыяндуу делген контентке бөгөт коё турган борбор ачуу планын да билдирген эле.