Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Жол коопсуздугу боюнча башкармалыкка жаңы жетекчи дайындалды


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеген.

Жаңы жетекчиге жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу жана "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызмат ордунан бошотулган.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чечим министрликтин 4-ноябрдагы коллегиялык отурумунда кабыл алынган.

Өткөн аптада Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы жаңырган.

Январь-сентябрь айларында өлкөдө 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылдын тогуз айында 898 миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталган. Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 12 миң, ылдамдыкты ашырып айдаганы 135 миң, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 6 миң, тийиштүү документтери жок автоунаага отургандар 11 миң айдоочу. Мындан тышкары автоээнбаштык жасаган 1 миңден ашуун айдоочу, коопсуздук курун тагынбаган 112 миң айдоочу аныкталган.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123 миң 303 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG