Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан ишкер, “KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун адвокаты Асель Аргымбаева анын коргоосундагы адамдын ден соолугу кескин начарлап кеткенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына пост чыгарып, 21-октябрда тергөө абагына жолугушуу үчүн барганда Имамидин Ташов эс учун жоготуп кулаганын, ачкачылык кармап жаткан 22 күндүн ичинде 19 кг салмак таштаганын жазган.
Ал №1 тергөө абагынын жетекчилигине Имамидин Ташовдун абалы жана көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп арыз жазганын кошумчалаган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) камакта жаткан ишкердин ден соолугу тууралуу комментарий берип, адвокат Асель Аргымбаеванын сөздөрү чындыкка дал келбей турганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Имамидин Ташов ачкачылык жарыялагандан бери ден соолугу күн сайын текшерилип, ага ачкачылык кармоодон баш тартуу сунушу берилип жатат. Учурда абалы туруктуу.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Имамидин Ташов №1 тергөө абагына камакка алынганда 88 кг болгонун, 22-октябрда салмагын ченегенде 81 кг чыкканын кошумчалады. Кийинчерээк “Имамидин Ташов 22-октябрдан баштап ачкачылык кармоону токтоткону” тууралуу мекеме жетекчилигине арыз менен кайрылганы кабарланды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.
Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген. Иш ушул тапта Бишкек шаардык сотунда каралууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн соң Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген.
Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет. Андан сырткары алдамчылык беренеси менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон.
Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (BTo)
Шерине