Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Орусия Украинага сокку урду, өлгөндөрдүн арасында балдар бар


22-октябрдын түнүндө орусиялык аскерлер Украинага дрон жана ракета менен чабуул койду. Киевде соккулардан эки адам каза тапты. Дагы 19 адам жабыркаган, арасында беш бала бар. "Төрт бала жана беш киши ооруканага жеткирилди", - деп билдирди шаар мэри Виталий Кличко.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы шаардагы үч райондогу үйлөргө бомба түшкөнүн аныктаган. Андан тышкары автомобиль жана адам жашабаган имарат күйүп кеткен.

Киев облусунда атышуулардан төрт адам каза тапкан, арасында эки бала бар. Облустук администрациянын башчысы Николай Калашник Пореба кыштагында 1987-жылы туулган аял каза таап, алты айлык бала, он эки жаштагы кыз чарчап калганын билдирди. Алардын жасаттары өрт чыккан үйдөн табылган. Бровары районунда 1989-жылы туулган аял катуу жараат алган.

Николай Калашниктин айтымында, орусиялык аскерлер энергетикалык инфраструктураны бутага алган. Аймакта жарык берүүнү токтотууга туура келди.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы издөө иштерин жүргүзүп, урандыларды тазалап жатат. Чабуулдан 83 жаштагы аял каза болуп, куткаруучулар анын сөөгүн Броварыдагы күйүп жаткан үйдөн алып чыгышкан.

Запорожьеде түнкү чабуулдан кийин медициналык жардам сурап, 13 адам кайрылган. Он беш кабаттуу үй, жеке турак жайлар жана шаардын ар кайсы райондорундагы бош турган имараттар жабыркаган.

Шаршембиде эртең менен Харьковдогу бала бакча да соккуга туш болду. Соңку маалыматка караганда, бир киши мерт кетти, алты киши жарадар болду, бирөө эс учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Шаар башчысы Игорь Терехов орус тарап пилотсуз учактар менен чабуул койгонун билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар арасында балдар жок. Ага чейин бир нече наристе жарадар болгону кабарланган. Дүрмөт тийген жерде өрт тутанып, бала бакчадагылар эвакуацияланды.

Украин президенти Владимир Зеленский түнкү чабуулдардан кийин өнөктөштөрдү Орусияга салынган санкцияларды күчөтүүгө, Киевди узак аралыкка учуучу ракеталар менен камсыздоого чакырды.

"Дагы бир түн Орусияга согушту создуктурбасын деген жетиштүү кысым жасалбаганын далилдейт. Түн бою жана эртең менен абадан коргонуу күчтөрүбүз, дрондорду атып түшүрүүчү экипаждар иштеп жатты. Соккулар тынч жаткан шаарларга, негизинен энергетикага урулду, бирок турак жайларга да бир топ дүрмөттөр тийди".

Орусия соңку соккуларга байланыштуу комментарий жасай элек. Ушундай аткылоолорго карабай Москва адатта аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.



Шерине

XS
SM
MD
LG