Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барар алдында бул өлкөнүн “Синьхуа” маалымат агенттигине маек курду. Маектин текстин Кыргызстандын президентинин администрациясы жарыялады.
Садыр Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы мамлекеттер ортосунда саясий ишеним жогорку деңгээлде экенин ырастап турарын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт”, “Эркечтам” жана “Бедел” өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу тууралуу пикирин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн соода алакасы боюнча суроого да жооп берди.
“Кытай Кыргызстан үчүн узак жылдардан бери башкы соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп келген жана болуп кала берет. Саясий диалогдун эң жогорку деңгээли бизге өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык күн тартибин ийгиликтүү илгерилетүү үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетким келет. Өлкөлөрүбүздүн биргелешкен аракеттери рекорддук ийгиликке жеткирди. 2024-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү бажы органдарынын маалыматы боюнча 22,71 млрд АКШ долларына жеткен”, - деди президент.
Кыргыз президенти Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапар менен болот. Стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталан биргелешкен декларацияга жана бир катар документтерге кол коюлары кабарланган.
Садыр Жапаровдун быйылкы жылдагы алгачкы чет өлкөлүк сапары Кытайда өткөнү турат. Бул сапар соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө. Былтыр 27-декабрда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилген. Ага чейин кыргыз өкмөтү кытай компаниялары менен чогуу Чүй облусунда 700 гектар аянтты ээлей турган "Манас" соода-логистикалык шаарын курарын жарыялаган. (BTo)
Шерине