Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Жазуучу Олжобай Шакирдин жаңы китеби жарык көрдү


Олжобай Шакирдин "Акын жана өкүм" китеби.
Олжобай Шакирдин "Акын жана өкүм" китеби.

Эркиндикке чыккан жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин “Акын жана өкүм” аттуу китеби жарык көрдү. Бул эмгекте Шакирдин 2023-2024-жылдар аралыгында абактан жазган поэмалар топтому камтылган.

Жыйнактагы Толубай жана Токтогул жөнүндөгү экилтик поэма – автордун элдик оозеки адабиятты фэнтези жанрында иштеп чыккандагы ревтаврациясы. Китепке “Толубайдын арбагы” жана “Жаншерик” аттуу поэмалары да кирген. Ал эми андагы “Жаштык түрмөктөр” аттуу ырлар топтому ар кыл темада жазылганы менен жалпысынан бир поэманын мазмунун чагылдырат.

“Абактан адабий базарлык” сериясынын алкагында чыккан китептин бет ачары Чоң-Кеминдеги "Ashu" мейманканасында өттү.

Маданий саамалыкка калемгердин жакындары, санаалаштары жана бир катар китеп дүкөндөрүнүн өкүлдөрү катышты. Меймандардын адабият тармагы боюнча эркин форматтагы баарлашуусу менен коштолгон иш-чарада Шакирдин “Куйма кулак” аталган тиркемесинин да таанытымы болду. Бул тиркемеге балдар жана чоңдор үчүн жазылган жомок, ыр, аңгеме, повесть, романдар аудио форматта кирип турат.

Олжобай Шакирдин "Акын жана өкүм" китебинин бет ачары.
Олжобай Шакирдин "Акын жана өкүм" китебинин бет ачары.

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди быйыл октябрь айынын башында Жогорку сот коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.

Олжобай Шакир деген ат менен таанылган 54 жаштагы Олжобай Эгембердиев камалганга чейин коомдук - саясий окуялар боюнча өз пикирин билдирип, журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да тыгыз кызматташып жүргөн.

Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы жеке сайтын негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

Жазуучу "Үшкүрүк", "Өзүм менен өзүм" аттуу поэтикалык жыйнактардын; повесть, аңгемелерден турган "Эски тегирмендин орду" жыйнагынын жана тарыхый темада жазылган "Куюн доор" романынын автору. 2021-жылы ЛГБТ чөйрөсүнүн өкүлдөрү кабылган оор тагдырды чагылдырган “Адам+” аттуу повестин чыгарган. (MZh)

Шерине

XS
SM
MD
LG