Полковник маегинде 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясын болтурбай калса болот беле, бийлик жоочулар менен сүйлөшүп турганбы, кыргыз армиясынын коргонуу, сокку уруу дарамети канчалык эле, барымтадагылар чоң суммадагы акча менен куткарылганбы, окуядан кандай сабак алышыбыз керек, ж.б. суроолорго жооп берди.
- Макамбай ага, сиз бул атайын кызматка кантип келип калгансыз?
- 1975-жылы Москвадагы жерге жайгаштыруу институтун бүтүрүп, эки жыл иштеп калгандан кийин Болгарияга туристтик жолдомо менен барып калдым. Ошондо биздин топ менен облусттук партия комитетинин инструкторумун деп бир киши барган. Ошол киши кийин Ошто жолугуп, жумушка чакырып калды. “Обкомпартияга барайынбы?” десем, “КГБга” деди. Документтеримди алып барып бердим. Арадан көп убакыт өттү. 1980-жылы мени КГБга – мамлекеттик коопсуздук комитетине жумушка алышкан. Бул тармакта туура 26 жыл кызмат кылдым.
- Эл арасында “мурдагы чекист деген болбойт”, деп калышат, аны кандай түшүнсөк болт, чечмелеп берсеңиз?
- Мен пенсияда болсом да өзүмдү чекист деп эсептейм. Кыргызда “бөрү карыса да бир койчолук алы бар” деп коёт, азыр эс алып жүрсөм да көп иш колуман келет деп ойлойм.
- Маканбай ага, бүгүн сиз менен 1999-2000-жылдары болгон “Баткен окуясы” жөнүндө сүйлөшсөк. Сиз ал окуяларга катышкансыз, талдагансыз, керек болсо барымтага түшкөнсүз. 1999-жылы август айында куралчан радикал күчтөр Кыргызстанга бастырып кире турганы жөнүндө маалыматтар болгонбу?
- Биздин комитеттин кызматкерлери ал окуяга чейин эле Тажикстандын кыргыздар жашаган району Жерге-Тал тарапка байма-бай каттап, ал жерде бийлик жүргүзүп жаткан тажик оппозициясына жолугуп, “кошунабыз тынч жашайлы” деген таризде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турганбыз. Аларга азык-түлүк, дары-дармек жактан жардам берип келгенбиз.
Кыргызстандын расмий бийлигинин өкүлдөрү Бириккен тажик оппозиция күчтөрү, лидерлери менен Чоң-Алай районунун Карамык айылында жолугушуу өткөргөнбүз, “чатакташпайлы, бири-бирибиздин тынчыбызды албайлы”, деп келишимге кол койгонбуз.
Ошого карабай бизге “1999-жылдын орто чендеринде “моджахеддер” Кыргызстанга кол салышы мүмкүн” деген маалыматтар келип турган. Ал маалыматтардын баарын Бишкекке, өкмөткө жөнөтүп турчубуз. Жөнөтүп эле койбой, кантип маселени чечип, кырдаалды жеңилдетүү керек деген сунушубузду да жиберчүбүз. Тилекке каршы, борбордук бийлик тарабынан убагында тиешелүү көңүл бурулуп, чечкиндүү чаралар болгон жок.
- 1999-жылы август айынын башында диний экстремисттик, куралчан топтор Кыргызстандын Баткен районунун аймагына басып киришкен, Зардалы айылында куралчан адамдар бир айдай жашап калган турбайбы?
- Ооба, башында Зардалы, Коргон айылдарына 20дай куралчан адамдар келишкен. Алар жергиликтүү элге зордук-зомбулук көрсөткөн эмес. Тескерисинче, эл менен тил табышып, кой сатып алып союп жешкен, жергиликтүү элге доллар берип, Баткенден азык-түлүк алдырышкан.
- Сакалчан, куралчан адамдардын максаты эмне болгон?
- Алар Кыргызстандын аймагынан, Баткен-Сох аркылуу Өзбекстанга өтүп кетүүгө жол ачып берүү талабын коюшкан. Биз алардын талабын бийликке жеткирдик. “Коридор берилбейт” деген жооптон кийин абал курчуду. Чындап келгенде, ал кезде Өзбекстанга өтүү оор эмес эле. Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан чектешкен тоолуу жерлерде бангизат ташыган далай жолдор болгон. Алар атайын чет өлкөлөрдөгү демөөчүлөрүнө көрүнүш үчүнбү же эл аралык коомчулукту козутуш үчүнбү, абалды курчуткан согуштук кадамдарга барышкан.
- Президент Аскар Акаев 1999-жылдын 11-августундагы куралчан күчтөрдү жок кылуу боюнча чыккан жарлыкты аткарбаганы үчүн генерал-полковник Мырзакан Субановду кызматтан алган. Коргоо министри кылып генерал Эсен Топоевди дайындагандан кийин абал оңолдубу?
- Баткен окуясы маалында бардык күчтөрдү координациялап, бир жерден буйрук боло турган шарт болгон эмес. Башында милиция өзүнчө, Өзгөчө кырдаал министрлиги өзүнчө, Коргоо министрлиги өз алдынча аракет кылгандыктан башаламандыктар болгон. Эсен Топоев дайындалганда иш бираз жөнгө салынган. Кийин генерал Абдыгул Чотбаев Баткенге өзү барып, жалпы күчтү бир нукка салууга жардам берген.
- Кыргызстан тараптан, берки куралчан топтордон канча жоготуу болгону билесизби?
- Кыргызстан тараптан 57 аскер окко учканы айтылган, ал эми “моджахеддерден”20-30дун тегерегинде жоготуу болгонун болжолдуу айтып жүрүшөт, так эч ким айта албайт.
- Маканбай ага, “Баткен окуясында” бийлик өкүлдөрү, генералдар, жапон геологдору барымтага түшүп калышканы белгилүү. Ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин барымтадагыларды бошотууда ролу чоң болгонун айтып калышат.
- Кыргызстандын өкмөтүн ал учурда Амангелди Муралиев башкарып турган. Өкмөттөгүлөр барымтадагыларды бошотууга, өзгөчө жапон геологдорун куткарууга ким жардам бере алат деп көп баш оорутушуп, акыры Баяманга токтошкон. Биринчиден, Баяман Эркинбаев ал кезде биздин чөлкөмдө балбан, чечкиндүү жигит катары белгилүү эле. Жогорку Кеңештин депутаты болчу. Ошолорун баарын эске алып, Муралиевдин атынан Баяманга чоң мандат берилген.
(Маектин толук вариантын видеодон көрсөңүз болот)