Буга чейин казынадан миллиондор бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин, Туризмди өнүктүрүү фондунун башчылары дагы “коррупция” беренеси менен камалып чыгышкан.
Сындан арылбаган "Кыргызиндустрия"
Өлкөнүн өндүрүш тармагын өнүктүрүү үчүн уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнүп, 2021-жылы түзүлгөн "Кыргызиндустрия" ишканасына парламентте байма-бай сын айтылып келет. Маселен, 2023-жылы 18-майда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Оштун азыркы мэри, ошол кездеги депутат Жеңишбек Токторбаев "Кыргызиндустрияны" натыйжасыз, жөн эле каражат сарптаган ишкана деп кескин сындаганы бар.
“Сиз 843 миллион 504 миң сомду жоготупсуз, аны 19 ишканага бөлүп бергенсиз. Ал эми 1,5 жыл ичинде тапкан кирешеңиз - нөл. Калган 54 миллион сомду 65 кишиге айлык катары таркатып бергенсиз. Муну "мамлекетти тоноо" деп койсо болот. Сиз 1,5 жыл ичинде 2 миллион сомдон ашык, төрт вице-президентиңиздин ар бири 1,7 миллион сомдон ашык айлык алыпсыздар. Жарасул Осмоналиевич, чукул арада бул акчаны кайтарып беришиңиз керек. Болбосо түрмөгө отурасыз. Түрмө сизди күтүп, ыйлап турат. Бул мамлекеттин, элдин акчасы”, - деген Токторбаев.
Ал жыйында “Кыргызиндустрия" ишканасынын ошол кездеги башчысы Жарасул Абдураимов ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берген. Абдураимов депутатка жооп берип жатып, ишкана өкмөттөн алган акчаны актайт деп ишендирген.
“1 миллиард сом уставдык каражат алсак азыркы күндө биз түзгөн ишканалардын активи 3 миллиарддан ашкан. “Кыргызиндустрияда” ашыкча структура жок. Өнөр жайга адисттерди чакыруу абдан кыйын. Бүгүнкү күндө жумушка келген кишилер көп жыл иштеген, өнөр жайды билген адистер. Алардын айлык маянасы Министрлер кабинети менен макулдашылган”, - деген ал.
Ошол эле жылы Эсеп палатасы "Кыргызиндустрия” ишканасы жөнүндө отчетун жарыялаган. Анда 2022-жылы ишкана "1 миллиард сомду максатсыз пайдаланганы, материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилгени" кабарланган.
"Уставдык капитал катары бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 84,3% же 843,5 миллион сому «Кыргызиндустрия» ААКсы жаңыдан түзүлгөн ишканалардын уставдык капиталына чегерилген жана өкмөттүн токтому менен берилген мамлекеттик үлүшү бар 16 ишкананы реанимациялоого багытталган эмес. Анын ичинен 2022-жылы 245,2 миллион сом (29%) өнөр жайга тиешеси жок долбоорлорго бөлүнгөн", - деп айтылат Эсеп палатасынын сайтындагы маалыматта.
Президенттен сыйлык алган
Айтор, "Кыргызиндустриядагы" каржылык мыйзам бузуулар, анын жетекчилигине сын-пикир айтылып келди.
Анткен менен "Кыргызиндустрия” ишканасын өлкө жетекчилери жакшы эле колдоду. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматта турганда ишканага бир нече жолу барып, өкмөттүн басма сөз кызматы мында өндүрүш өз жолуна түштү деген таризде маалымат тараткан.
Өкмөт "Кыргызиндустрия” ишканасын өлкөнүн өнөр жай тармагын жандантып, завод-фабрикаларды ачып, айрымдарын модернизациялоо менен атамекендик буюм-тайымдарды чыгарууга багытталганын айтып келет.
Мамлекеттик медиаларда “Кыргызиндустрия" топчу, мыктан баштап уюлдук телефон, ноутбуктарга чейин чыгарып жатканы чагылдырылып келет.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 15-декабрда өткөн Элдик курултайда "Кыргызиндустрия” заводдорду жандандырып, жыйырма чакты долбоорду ишке ашырып жатканын айткан болчу.
Ошол эле жылдын 28-декабрында президент Садыр Жапаров “Кыргызиндустрия" ишканасынын ошол кездеги башчысы Жарасул Абдураимовго Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер сыйлыгын тапшырган.
Ага чейин июль айында ал "Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен сыйланган.
"Кыргызиндустриянын" ишинде саясат барбы?
Белгилей кетүүчү жагдай, “Кыргызиндустрияны” дайыма сындаган мурдагы депутат Жеңишбек Токторбаев ишкананы түзүү демилгеси Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Акылбек Жапаровго таандык экенин айтып, Абрураимов экөөнүн жакындыгын кыйытып келген.
Абдураимов Жапаров кызматтан кеткенден эки айдан кийин камалып отурат.
Жогорку Кеңештин депутат Исхак Масалиев мындай деди.
"Эмнегедир алар чыгарган продукцияны мамлекет тараптан сатып алуу болгон жок. Башкача айтканда, колдонулбай калууда. Мисалы, ошол жерден чыккан ноутбуктарды мугалимдерге бергиле деген. Бирок өкмөт алардан албай, Исхак Раззаков атындагы университеттин факультетинин көзөмөлүндөгү ишканадан алды. Биз фракциянын чечими менен өкмөткө кайрылганбыз. Жок дегенде ушул компьютерлерди албайсыңарбы деп. Анан медициналык каражаттарды да чыгарып жаткан, аларды да эч ким албай жатат. Бир жагынан өкмөт шарт түзүп чыгаргыла деп, экинчи жагынан анын продукциясын албайт. Жеке пикиримде, кызыкчылыктардын тиреши бар деп ойлойм", - деди Масалиев.
Масалиев айтып жаткан ноутбуктар жөнүндө төмөндөгү макаладан окусаңыз болот.
Улуттук коопсуздук комитети Жарасул Абдураимов жана анын орун басары кармалганын 25-январда билдирди.
Атайын кызмат 2022-2024-жылдар аралыгында “Кыргызиндустриянын” алдында 40тай компания түзүлгөнүн, шектүүлөр туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып жатканын маалымдады. Ошондой эле жетекчиликтин кызматтарга жакын туугандарын, санаалаштарын койгонун белгиледи.
Абдураимов анын алдында 24-январда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматынан алынганы белгилүү болгон.
Бул кызматты ал 2022-жылдын январынан тарта аркалап турган. Абдураимов жана анын мурдагы орун басарлары атайын кызматтын айыптоосу жөнүндө үн ката элек.
2024-жылы июль айында "Кактус" басылмасына Жарасул Абдураимов ишкана жөнүндө комментарий берип, казынадан бөлүнгөн каражат текке кетпегенин, жыл аягына чейин “Кыргызиндустриянын" активи 10 миллиард сомго жетерин айтып берген экен.
Азырынча өкмөт “Кыргызиндустриянын” мурдагы жетекчисинин кармалышы, ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө комментарий бере элек.
Абдураимовдун ордуна Алманбек Исмаилов дайындалганы учкай кабарланды.
Бир жылга жетпей жабылган “Улуу көчмөндөр мурасы”
Эми “Кыргызиндустрия” сыяктуу ири каражат бөлүнүп, жетекчиси коррупцияга илинген долбоорлорду эстейли.
2022-жылы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги түзүлүп, өкмөт ал кен казуу сыяктуу тармактарда отуздан ашык ири долбоорду ишке ашырат деген планын жар салат. Холдинг бир жылга жетпей жоюлуп, ага бөлүнгөн 3,4 миллиард сом казынага кайтарылары кабарланган.
Эсеп палатасы "Кумтөр Голд Компани" ишканасы “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине 2022-жылдын алты айында 32 долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 908 миң доллар жумшаганын жарыялаган. Жүз барактан турган отчетто кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор жазылган. Холдингди башкарып турган Теңгиз Бөлтүрүк камалып, 10 миллион сом төгүп абактан чыккан.
Туризмди өнүктүрүү фонду
2023-жылы май айында уставдык капиталы 1 миллиард сомдук Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов кармалган. Анда дагы атайын кызмат бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз сарпталып, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.
"2022-жылы фондго өлкө бюджетинен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллиондон ашыгы туризмди өнүктүрүү долбоорлоруна кеткени белгилүү болгон. Маселен, 21 эс алуу жайынын ("Рест Поинт") куруу долбоорунун негизинде жалданма уюмдарга келишимдеги 100% сумманы, тактап айтканда 105 миллион сомдон ашык акча которулган. Бирок долбоордук-сметалык документтери, аткарылган иштердин актылары жана каржылоонун негиздемеси жок болуп, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы объект пайдаланууга берилген эмес. Тергөөдө бир гана арыздын негизинде фонддон жеке компанияларга жеңилдетилген шартта насыя берүү фактылары, бизнес-пландары жок шартта, келечеги бүдөмүк долбоорлорго 65 миллиондон ашык сом жумшалган фактылар аныкталган. Фонддун жетекчилиги өзүнө жогору айлык акы коюп алган. Туризм тармагында тажрыйбасы жок, бирок айына эмгек акысына алты миңден ашык доллар коюлган чет өлкөлүк консультанттарды тартуу тажрыйбасы колдонулган",-деп жазылган УКМКнын маалыматында.
Калашникова ага чейин бул маселе парламентте көтөрүлгөндө дооматтарды четке кагып, Rest Point ажаткана эле эмес, эс алуучулар үчүн атайын жай экенин, жалпысынан 68 жерге салынып жатканын түшүндүргөнгө аракет кылган.
Туризмди өнүктүрүү фонду 2022-жылы түзүлгөн. Калашникова 2023-жылы май айында кармалып, орун басары менен июль айында үй камагына чыккан.
Казынадан корогон каражатка ким жоопкер?
Ишкер Тилек Токтогазиев ийгиликсиз ири долбоорго сарпталган каражатка ким жоопкер деген суроо салат.
"Мен ишкер катары иш баштап жатканда тобокелчиликтерди өзүмө алам. Күйүп кетсем менин каражатып коротулат. Бул жерде дайындалган жетекчи миллиондогон акчаны канчалык натыйжалуу колдонот, баары бир. Аны соттогон күндө деле ал акча кайтырылып келбейт. Мамлекеттин бизнеске киришкенинин эч чоң кемчилиги ушул болуп жатат. Элдин акчасына ким жооп берет?" - деди Токтагазиев.
Ишкер Токтогазиев мамлекеттин ишкана түзүп, бизнеске аралашуусун туура эмес деп эсептейт. Ал мамлекеттин милдети ишкерлерге шарт түзүү экенин кошумчалады.
Токтогазиевдикине окшош пикир парламентте дагы айтылып жүрөт. 2024-жылы октябрь айында тармактык комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков мамлекеттик ишканалар экономикалык жактан жетиштүү пайда алып келбей турганын, анын ордуна жеке бизнеске көңүл буруу керектигин айтып чыккан.
“Мурдагы чакырылышта алты мамлекеттик ишканадан башкасынын баарынын кереги жок, ошолорду сатпайсыңарбы деп айтып чыкканбыз. Дагы эле ошол алты ишкана 21 миллиард сомдук пайда берип жатат. Кечирип койгула, биз дагы эле мамлекеттик ишканаларды улам ачып жатабыз. Жеке секторго бергиле, жеке секторду өнүктүргүлө. Мына, “Кыргызиндустрияңар” эмне болуп жатат? Анын ичинде 18 ишкананын үчөө эле иштеп жатат деп угуп жатам. “Кыргызтуризмдин” иши кандай ызы-чуу менен бүттү?! Ушунун баарын токтотолу”, - деген болчу депутат Сыдыков.
Шерине