Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

"Бакиев далыга таптап, "депутат бойдон кал" деген"


"Райымбек Матраимов - баламдын өкүл атасы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:51 0:00

"Райымбек Матраимов - баламдын өкүл атасы"

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу - мурдагы вице-премьер-министр, дипломат, профессор Ибрагим Жунусов.

Ал саясаттагы чыйыры, Бакиев менен мамилеси, Атамбаевге кантип жакканы, Эрдогандын таарынычы жана сагынычы, өкүл ата Матраимов менен алакасы тууралуу айтып берет.

- Ибрагим мырза, сиз жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин бир нече жыл Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору кызматына, профессору даражасына жеткенсиз. Анан 2007-жылы Бакиев башкарып турганда бийлик түзгөн “Ак жол” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болдуңуз. Саясатка келүүгө эмне түрткү болду эле?

- Ош мамлекеттик университетинде лаборанттан баштап, биринчи проректорлук кызматка чейин жалпы 27 жыл кызмат кылгам. Баш-аягы 30 жыл чыгармачылык менен иштедим. 1995-жылдан баштап парламенттик шайлоого катышкан саясатчылар добуш алыш үчүн артисттерди жолугушууларга көп чакырышчу. Депутаттар менен да мамилем болуп, аралашып жүргөндүктөн саясатка кызыгуум арта баштады окшойт. “Сен өзүң депутаттыкка барбайсыңбы” деп сүрөгөндөр болду.

- Сиз Бакиевдин башкаруу маалында Жогорку Кеңеште бийликчил партиядан депутат болгонуңузга карабай, Казакстан менен болгон чек ара маселесине байланыштуу бийликтин чечимин катуу сындап чыккансыз. Ага эмне түрткү болгон? Ал сындан кийин сизге бийликтин мамилеси кандай болду?


- Ал кезде парламентте Ысык-Көлдөгү Казакстанга тиешелүү төрт пансионат жана Каркыра маселеси бирге каралган. Талаш болуп жаткан жерлерди жеке өзүм барып көрүп келгем, жергиликтүү эл менен жолуккам. Барганымды жергиликтүү бийликтерге да айткан эмесмин. Жогорку Кеңеште жеке жарандык позициям менен ал жерлердин Казакстанга өтүшүнө каршы сүйлөгөм. Ошол күнү эле мени президенттин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов чакыртып, "депутаттык мандатыңды тапшырасың" деди. Мен фракциянын лидерине тапшырайын деп макул болдум. Кечинде президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Мен ал кишини "депутаттыктан кет" деп урушат го дегем, тескерисинче, “Ибрагим, мен сени ырдап эле жүргөн бир жигит деп жүрсөм, өз оюң бар депутат турбайсыңбы” деп далымдан таптап, "иштей бер" деп узатып койгон.

- 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин сиз “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен ЖКга депутат болдуңуз, эмне үчүн кайрадан парламентке келгиңиз келди?

- 2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашкандан кийин мен жумуштан кетип, бош жүрүп калдым. Жайында Июнь окуясы чыкты, аны басууга жардамдашып жүрдүм. Ошондо “Ата Журт” деген ырым жаралды, сөзү-обону болуп болгону 10 мүнөттө чыккан. Анан парламенттик шайлоо жакындап келатканда партиялардан сунуштар түшө баштады. Ары-бери ойлонуп отуруп, “Ата-Журт” партиясы менен шайлоого барууну чечкем. Биздин партия Жогорку Кеңеште 28 орун алганбыз. Партиялардын арасында кызматтык квоталар бөлүштүрүлгөндө мага вице-премьер- министрликти сунуш кылышкан. Көп консультациялардан кийин макул болуп иштедим. Ошондо Алмазбек Атамбаев менен биринчи жолу таанышкам.

- Сиз Түркияда Кыргызстандын элчиси болуп турганда БУУнун жыйынына бараткан президент Алмазбек Атамбаев Стамбулга жеткенде ооруп, Америкага жетпей калганы белгилүү. Түркиянын жетекчилиги Кыргызстандын өлкө башчысынын абалын сурап койгон эмес деп калышат. Ушул чынбы?

- Мындай маалымат туура эмес. Президент Алмазбек Атамбаевди тышкы иштер министринин орун басары, Стамбулдун губернатору, мэри ж.б. расмий адамдар тосуп алышкан. Алмазбек Шаршенович келгенде эле учактан ооруп түшкөнү чын. Ичип алганын, башкасын көрбөдүм. Биз дароо дарыгер чакырттык. Абдан дыкат текшеришкенден кийин "учакта жүрүүгө болбойт" деп бүтүм чыгарышкан. Андан кийин түрк туугандар Измир шаарына жеке учак менен жеткиришти, тынч эс алууга шарт түзүштү. Ооруканага жаткыралы дешсе, Атамбаев өзү макул болбой койду. Ал жерде эки-үч күн эс алгандан кийин Орусияга учуп кетти. Ошол учурда Түркиянын президенти Эрдоган БУУнун жыйынында жүрсө да, министрлери аркылуу Атамбаевдин абалын дайыма сурап турду.

- Ибрагим мырза, сиздин ысымыңызды Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен да байланыштырышат. Жердеш, айылдаш эле эмес, табакташ деп сындагандар бар, буга эмне дейсиз?

- Мен Райым Матраимовду 4-класстан бери билем. Союз мезгилинде айтылгандай ал Кара-Суу, мен Киров совхозунан болобуз, айылдарыбыз кошуна. Райымбектин Жыргал деген эжеси менин аялым менен бирге окуган. Кийин Ошто бир үйдө кошуна болуп да жашадык. Райым менен мамилем бузулган жок. Анын аты чыгып турганда биздин катышыбызды бузабыз дегендер болгон, бирок майнап чыккан эмес. Ооба, Райым балам Эламанга 2017-жылы өкүл ата болду, анда ал кызматтан түшүп калган. Балам Бажы кызматына үч жолу сынактан өтүп, өз күчү менен кызматка кирген. Мен Райымдын акчасына, бизнесине эч качан кызыккан эмесмин. Эгер аны менен чогуу бизнес кылганымда эмдигиче чыкмак.

(Маекти толук видеодон көрсөңүз болот)

Шерине

XS
SM
MD
LG