Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:03

Кытайга кирген үчүнчү жол. "Бедел" ачылды


"Бедел" өткөрмө бекети.
"Бедел" өткөрмө бекети.

Ысык-Көл облусунун аймагындагы “Бедел” өткөрмө бекети жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеги убактылуу шарттар түзүлүп, ишке берилди.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында өткөрмө бекеттин салтанаттуу ачылышы 3-сентябрда болду.

Иш-чарага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чара Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Шинжаң-Уйгур автоном райондук компартиясынын катчысы Ма Синжуйдун видео кайрылуусу менен башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышына байланыштуу атайын куттуктоо жолдоду.

“Бедел” өткөрмө пунктун ачуу – биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик, анткени биз өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жана дүйнөнүн алдыңкы экономикасы - Улуу Кытай менен өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалын түптөп жатабыз, бул Кыргызстандын транспорттук-логистикалык потенциалын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи президент.

Ма Синжуйдун видео кайрылуусу
Ма Синжуйдун видео кайрылуусу

Ал эми эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүү жакынкы жылдары эки өлкө биргелешип ишке ашырат.

Буга чейин "Бедел" ачылса, Барскоон-Үч-Турпан-Аксу автоунаа жолу да ишке кире турганы айтылган. Электр энергиясы киргизилип, аталган багытындагы 58 чакырымдык убактылуу автоунаа жолу курулган. Толук кандуу жолдун курулушу жана бажы, чек ара инфраструктураларын түзүүнү 2027-жылга чейин эки өлкө биргелешип ишке ашыра турганы кабарланган.

Бул кыргыз-кытай чек арасындагы үчүнчү автожол багыты болуп калмакчы.

20-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен Бишкекте жолуккан.

Анда кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ал тилке аркылуу өтчү Барскоон-Үч-Турпан-Аксу унаа жолунун курулушу тууралуу кенен сүйлөшүү жүргөн.

Төрөбаев ага чейин май айында да кытай тараптын тийиштүү кызматкерлери менен өткөрмө бекеттин инфраструктурасын куруу боюнча биргелешкен техникалык маселелерди иштеп чыгууну талкуулаган.

Өткөрмө бекетти ачуу тууралуу эки тараптын 12-июнда кол койгон келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 24-июндагы жыйынында карап, колдоп берген.

Ушул маалга чейин “Беделде” көпүрөнүн курулушу бүткөрүлгөн. Ал эми эл аралык стандарттарга жооп берген толук кандуу инфраструктураны түзүүнү жакынкы жылдары эки өлкө биргелешип ишке ашырат.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде төмөндөгүлөрдү айткан:

“Буга чейинки жол жүк ташууга ыңгайсыз болгондуктан чоң чыгымдарды талап кылат экен. Азыр ошол маселелер каралып, даярдыктар көрүлүп жатат. Сентябрь айында, жок дегенде, жеке жарандар менен жеңил автоунааларды өткөргөн деңгээлге жеткирели деп жатабыз. Азыркы күндө оор жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө эки тараптын тең даярдыгы жок болуп калат. Оптимисттик пландарга ылайык, ал жерге 2027-жылга ЕАЭБдин талабына жооп берген көзөмөл өткөрмө пункту курулат. Ага чейин көпүрөлөр, жолдор жана тоннель да курулуш керек экен. Чыгымдар каралып, инфраструктура курулгандан кийин жүк ташуучу унаалар өтөт”.

Андан тышкары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Барскоон - Үч - Турпан - Аксу автоунаа жолунун курулушунун техникалык - экономикалык негиздемесин даярдап жатканы айтылган.


Мекеменин басма сөз катчысы Кишимжан Сариева мындай маалымат берген.

“Кара - Сай постунан №6 чек ара мамысына чейинки узундугу 58 чакырымды түзгөн "Барскоон-Бедел өткөрмө пункту – Үч-Турпан-Аксу унаа жолунун курулушу" долбоорунун алкагында чек арачылардын өтүүсүн камсыз кылуу үчүн технологиялык жолду куруу боюнча орточо оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Аталган объектте башкы подрядчы катары №1 Жол куруу башкармалыгы иштеп жатат жана 4 субподрядчы иш алып барууда. Бүгүнкү күндө 27 чакырымга шагыл жол салуу иштери аяктап, жер жумуштары аткарылып, каттам берилди. Мындан тышкары, Ашуусу ашуусунда имерилиш жолдор салынып, жер жумуштары жасалып жатат. Анын узундугу 11 чакырым. Долбоор боюнча 16 темир көпүрө салуу иштери пландаштырылган. Көпүрөлөр үчүн темир бетон материалдары камдалып жатат. Аталган жолдун жалпы 58 чакырым аралыгына шагыл жол салуу иштери жүрүүдө”.

"Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышы.
"Бедел" өткөрмө бекетинин ачылышы.

Экономист Эркин Абдразаков Барскоон-Үч-Турпан-Аксу автоунаа жолу ишке кирсе, Кытай менен Кыргызстандын соода байланыштарына жаңы дем берет деген ойдо:

“Кыргыз-кытай чек арасына “Бедел” бажы өткөрмө пунктун ачуу тууралуу мамлекеттик деңгээлде кол коюлган. Биз Кытай менен соода алакабызды жакшыртышыбыз керек. Унаа жолдор канчалык көп болсо, ошончолук карым - катнаш көбөйөт. Кыргызстан Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө реэкспорт кылган транзиттик өлкөгө айланышыбызга коңшу мамлекеттер да кызыкдар болуп жатпайбы. Бул Кытайдын өзүнө да пайдалуу. Бирок ошол эле учурда экологиялык маселелер да көңүл сыртында калбашы керек. Анткени “Бедел” ашуусу Кыргызстандын курорттук зоналарын аралап өтөт”.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда учурда эки автожол – Ош облусундагы Эркечтам ашуусу жана Нарын облусундагы Торугарт ашуусу аркылуу кирген жолдор бар.

Кыргыз-кытай чек арасына жаңы жол куруу жана өткөрмө бекет ачуу 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн.

Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык алакасы соңку жылдары кескин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, соода жүгүртүү 2022-жылы 4,1 млрд доллар болсо, 2023-жылы 5,4 млрд долларга жеткен.

Ошондой эле Кыргызстан менен Кытай акыркы жылдары саясий - экономикалык кызматташтыгын да күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG