Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:36

“Аккула” ат майданынын жерин алууга эмне үчүн атамекендик инвестор чыккан жок?


Бишкектеги "Аккула" ат майданы.
Бишкектеги "Аккула" ат майданы.

Бишкек мэриясы “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданын эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун сунуштады. Ага ылайык, ROX Group жана TNG Global Foundation ишканаларына 55,73 гектар аянты менен “Аккула” ат майданы комплексин түз сатуу жолу менен менчиктештирүү сунушталган. Буга чейин катышуучулар жок болгондуктан аукцион өткөрүлгөн эмес. Көз карандысыз эксперттер ипподромду баалап, баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, ушул суммага аукционго коюлган эле. Мэрия сатууга бел байлаган компаниялар тууралуу эмне белгилүү? Эмне үчүн ачык аукциондо кардар чыккан жок?

Бишкек мэриясы чет элдик эки компания менен “Ак-Кула” ат майданынын жери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирип, шаардык кеңешке тиешелүү чечимди сурап кайрылган. Токтомду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбей турганы белгиленген.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Рысбай Аматов ат майдандын жерине байланыштуу соңку чечим шаардык кеңештин сентябрдагы отурумдарында кабыл алынарын билдирди. Депутат чечим кабыл алуунун жол-жобосун мындайча түшүндүрдү.

“Азыр бир ай коомдук талкууда турат. Бир айдан кийин сессияга кирип, анда талкууланат. Сессияга чейин туруктуу комиссиялар өзүнүн корутундуларын чыгаргандан кийин, атайын профилдик комиссия бар, коомдук талкуудан кийин бардык нерсени эске алып депутаттар корутунду чыгарса жана ал оң жактуу болсо, ошол корутундунун негизинде сессия болот. Сессияда ачык айтылып, бекитилсе, анан төрага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет”.

Мэриянын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-июлу күнү ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынан “Ак-Кула” ат майданынын мүлк комплексин жалпы аянты 55,73 гектар жер тилкеси менен кошо сатып алуу сунушу келген.

Токтомдун долбоорунда жазылгандай, ат майдандын жери жана мүлк комплекси бир нече шарт менен сатылат. Инвестор-компаниялар алынган жерге турак-жайларды жана коммерциялык объекттерди куруудан тышкары, өз каражатынын эсебинен жалпы билим берүү, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, шаардык жолдорду жана сейил бакты куруп, аларды Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүүгө милдеттенет.

Эгерде сатып алуучулар мэриянын шарттарына макул болсо, анда сатуу-сатып алуу келишими түзүлөрү жазылган токтомдо.

Сооданын акчалай наркы канчага турары жана салына турган инвестициянын көлөмү азырынча белгисиз.

"Шаардын жүгү оорлоп баратканда жаңы долбоорлорду кылдат пландоо зарыл"

Сайтындагы маалыматка карасак, ROX Group 2008-жылы АКШнын Аризона штатында түзүлгөн. Медиа, кыймылсыз мүлк жана ага байланыштуу кызматтарды көрсөтөт.

TNG Global Foundation эл аралык девелопердик компания. Баш кеңсеси Гибралтарда жайгашкан. Компания интернеттеги сайтында дүйнөнүн чар тарабында турак-жай, коммерциялык жана мейманкана тармактарында ири девелопердик долбоорлорду ишке ашырып келатканын жазган. Гибралтардын медиалары жазган маалыматтарга карасак, TNG Global Foundation 2021-жылы Истсайд аймагын өздөштүрүү укугу үчүн Гибралтар өкмөтүнө 90 фунт стерлинг төлөгөн. Мындан тышкары, курулуш долбоорлоруна 240 млн фунт инвестиция салууну макулдашкан.

Архитектор жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жер кодекси баштаган мыйзамдар боюнча мамлекеттин жери шаар куруу документтеринин негизинде берилерин айтат. Башкы план, деталдуу пландоо долбоору жана курулуш долбоору деген документтерди адистер кылдат эсептеп чыгышат. Ал эсептерде ошол жерге “турак-жай комплексин курса болобу, коммуникациялар жетиштүүбү, ооруканасы, мектеби, бала бакчасы, маданий, турмуш-тиричилик тейлөөсү камсыздалганбы же жаңысы курулабы деген суроолорго жооп даярдалат” дейт ардагер архитектор.

“Коммуникацияларга катуу жүк болуп жатат. Кичи райондор тыгыздашып, мурда жашап жаткан кишилерге суу жетпей калып жатат, канализациялык система иштебей калып жатат. Унааны коёр да жер болбой калып жатат. Балдардын ойной турган жери жок болуп калып жатат. Демек, бул өтө татаал маселе. Тилекке каршы, бүгүн мэрия мыйзамды уруп койгон жок, шаар куруу документтерин иштеткен жок. “Бул жерге курам, бул жерге уруксат берем” – болду. Адистер сыртта калды. Ушундай заман болуп жатат. Болуптур, атмайданга бир кичи район куруп койсун. Анан мен айткан маселелер кантип чечилет? Кайда барышат? Шаар куруу деген өтө татаал нерсе да. Эмне үчүн 4-5 жыл Башкы пландын үстүнөн иштешет? Ошондо мүрзө кайда болот, таштандылар, канализациялык система кайда барат, ошону көтөрө алабы-көтөрө албайбы, ошончо жүктү кайда жиберет? Мен айткандан башка да жүздөгөн-миңдеген суроолорго жооп бериш керек”.

"Атамекендик инвесторлордун ат майданды сатып албаганынын жөнү бар"

Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу боюнча электрондук аукцион 15-апрелде жана 11-июнда эки жолу жарыяланып, арыз жоктугуна байланыштуу экөөндө тең өтпөй калган.

Мыйзамга ылайык, аукционго чыгарылган муниципалдык мүлк эки жолу сатылбай калса, анда аны жергиликтүү кеңештин чечими менен түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүгө болот.

Жеке менчикке сатууга алгач чыгарып баштаганда көз карандысыз эксперттер ат майданды баалап, баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеген, буга чейинки аукциондорго ушул суммага коюлган.

Экономикалык талдоочу Марат Мусуралиев аукционго катышууга жергиликтүү инвесторлордун чыгынбай жатышынын себебин бийликтин ишкерлерге жана жеке менчикке карата жасап жаткан калпыс иш-аракеттеринен көрөт.

“Балким, биздин Кыргызстандын ичинде акчалуу адамдар болсо деле, чыгаргандан коркушабы же сарсанаалары барбы. Анткени, далай эле чоң бизнестерди азыркы бийлик келгенден баштап “кустуризация” деген бир процесс болду го, дагы эле уланып жатат го дейм. Ошого каратабы... Балким, Кыргызстандын ичинде акча бардыр. Бирок, салгандан коркушат го деп ойлоп жатам. Анткени, далай эле курулуш компанияларына, дагы башка тармактарга ошондой басым сыяктуу нерселер болуп атты. Чет элде инвестициялык климат жөнүндө ар кандай индекстер бар. Ошол индекстерде акыркы жылдары Кыргызстан жакшы болуп баратат деп эч уккан жокмун. Балким, тескерисинче, начарлап баратат го деп ойлоп жатам”.

"Аккула" ат майданынын тарыхый таржымалы

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-жылы курулган. Узак жылдар бою ал жер ат жарыштарынын, ар кандай көргөзмөлөрдүн жана көк бөрү өңдүү улуттук спорттун сүйүүчүлөрүнүн ордосу болуп келген. Ат оюндарыны өнүктүрүү үчүн анын алдында мектеп, ветеринардык дарылоо пунктун жана жатакана курулган.

1998-жылы Айыл жана суу чарба министрлиги ат майданын жеке компанияга сатып жиберген. Андан кийин көп жылдар бою жеке колдо пайдаланылып жүргөн. 2000-жылдардын башында республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. Узак соттошуулардан кийин, 2018-жылы муниципалдык менчикке кайтарылган. Бирок, 2020-жылы ат майдандын имараты авариялык абалда деп таанылып, мындан улам колдонууга тыюу салынган. Ошол эле маалда, аянтында көк бөрү боюнча командалардын машыгуулары өтүп келет.

Мэриянын маалыматына ылайык, анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөн.

“Ак-Куланы” жаңыртуу маселеси буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп келген. Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы жаңы ат майдан куруу ниетин билдирип, атүгүл жаңы эскизин жасоого сынак дагы жарыяланган. Архитектор А.Абдраимов баштаган топтун долбоору сынактын жеңүүчүсү болуп табылган. Жеке компанияларга Бишкекте мамлекет менен чогуу ат майдан куруу сунушталган. Арийне, Жээнбеков бийликтен кеткенден кийин долбоор токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта 20 миң орундуу жаңы ат майдандын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан.

XS
SM
MD
LG