Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Өкмөт Кызыл-Омполду иштетүүгө инвесторлорду чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү чет элдик инвесторлорду тоо-кен тармагындагы бир катар долбоорлорго катышууга чакырды. Алардын арасында уран жана торий элементтери бар экени айтылган Кызыл-Омпол кенин иштетүү долбоору да бар.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран иштетүүгө жана чалгындоого киргизилген мораторийди алып салган мыйзамды колдогон.

Өкмөттүн чакырыгы

Кыргыз өкмөтү 19-июнда өткөн MINEX Борбор Азия-2024 форумунда жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго Кыргызстандагы тоо-кен тармагына инвестиция салууга чакырды.

Бул үчүн сунушталган бир катар долбоорлордун катарында Кызыл-Омпол уран кени да айтылды. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мунайды, темирди жана уранды иштетүү боюнча өкмөттүн сунуштарын жарыялады.

“Металлургияга болгон талап барган сайын арта турганы анык. Кыргызстанда темирдин руда түрүндөгү запасы 5 миллиард тоннадан ашат. Бизде жыл сайын баштапкы продукцияны экспорттоонун көлөмүн 12-14 миллиард тоннага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Минералдык жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу да артыкчылыктуу долбоор болуп саналат. Таш-Булак аймагынан уран иштетүү мүмкүнчүлүгү да сунушталат. Кыргызстан буга чейин сейрек кездешкен жер металлдары менен белгилүү. Бүгүнкү күндө бул металлдарды 50 миллион тоннадан ашуун запасы бар Куттуу-Сай-2 жана Калесай кендеринин базасында иштеп чыгууга болот”, - деди ал.

Ал арада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ушул эле форумда Кызыл-Омпол кенин казууга жакында кирише турганын, бул долбоорго кызыккандар көп экенин билдирди.

“Азыр даяр турган эки долбоор – Кызыл-Омпол титаномагнетит жана Куттуу-Сай, Калесай деген сейрек кездешкен металл кендери. Эки долбоорду иштетүүгө жакында киришебиз. Лицензиялар жакында берилет. Бул боюнча чалгындоо иштери жүрөт. Көп компанияларды критикалык минералдар жана сейрек металлдар кызыктырып жатат”, - деди Тургунбаев.

Министр кыргыз бийлиги тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын, жер казынасын пайдаланууда жаңы технологиялар колдонуларын, чалгындоо иштерин жакшыртуу үчүн “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына быйыл 1 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи. Бул шарттардын жана жасалган жумуштардын арты менен өкмөт тоо-кен тармагына инвесторлорду тарткысы келет.

Экологдор дале камтама

Жогорку Кеңеш 13-июндагы жыйында уран казууга жана чалгындоо киргизилген чектөөнү жокко чыгарган мыйзамды кабыл алган.

Бул документке президент Садыр Жапаров кол койсо, өкмөткө Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө жол ачылганы турат. Өкмөт уранды чалгындоодо жана иштетүүдө заманбап технологиялар колдонулуп, коопсуздук чаралары сактала турганына ишендиргени менен, бул иштердин экологиялык кесепетине чочулагандар бар.

Эколог Анара Султангазиева өкмөттүн Кызыл-Омпол кенин иштетүүдөгү жарыялаган иш планынын кооптуу жагдайларын белгиледи:

“Уран жана торий жер кыртышынын жогорку катмарында деп жатат. Демек, аны казып алуу иштери ачык жүрөт. Мындан тышкары аны Кызыл-Омполдон казылган материалдарды ажыратып алып, уран менен торийди Кара-Балтага алып келип кайра иштетебиз дешүүдө. Балыкчыдан Кара-Балтага ташып келүү үчүн Чүй облусун баштан аяк аралап өтүш керек. Анын үстүнө Кара-Балта деген Майлуу-Суу же Макмал эмес, ал өндүрүштүк зона. Жанында эл жыш жайгашкан Сокулук жана башка жерлер бар”.

Уран иштетүүгө коюлган мораторийди жокко чыгаруу маселеси талкууланып жаткан маалда, 30-май күнү Кыргызстандын жарандык коомунун ондогон активдүү өкүлдөрү бийликтин уран казууга тыюу салган мораторийди жокко чыгаруу аракетине тынчсыздануусун билдирген кайрылуу жарыялаган.

Кайрылууда долбоорго көз карандысыз экологиялык экспертиза өткөрүү жана айлана-чөйрөгө таасирин баалоо талап кылынган. Долбоордун экологиялык жагдайына көңүл буруу керектигин Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков да айтууда.

Ал уран иштетүүдөн мурун жүргүзүлө турган чалгындоо иштери, экспертизаларга өзгөчө көңүл бурулушу керек деген ойдо:

“Лицензияны алган компания үч экспертизадан өтөт. Анын бирөөсү экология боюнча болот. Колдон келсе, Кыргызстандын же Орусиянын адистери эмес, дүйнөлүк аброю бар, бул тармакта алдыңкы он компаниянын бирине экспертизага берген туура. Анда үч маселе коюлушу керек. Уранды иштетсе болобу? Алар болот деп жооп берсе, мында кандай кооптуу жагдай чыгышы мүмкүн экенине көңүл бурулушу керек. Эгерде “иштетүүгө болбойт, себеби ушундай кесепеттерге алып келет” деген тыянак чыкса, анда бул долбоорду токтотуу керек”.

"Өкмөттүк көзөмөл катуу болот"

Анткен менен өкмөт тоо-кен иштетүүдөгү бардык долбоордун экологиялык жагына көзөмөл катуу болорун кайталап жатат.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев бул жааттагы эл аралык стандарттар толук сактала турганын, чалгындоо иштеринен тарта долбоор аяктагандан кийинки рекультувациянын бүтүшүнө чейин өкмөттүк көзөмөл болорун убада кылды.

"Долбоорлорду каржылай турган банктар да экологиялык талаптардын сакталышын талап кылууда. Бул жактан Кыргызстан эл аралык экологиялык талаптарды сактайт деп кепилдик берем. Биз ар бир этапты көзөмөлдөп турабыз. Эгерде биздин талаптарга жооп бербей жатса, тезинен чара көрөбүз".

Расмий маалыматтарга караганда, Кызыл-Омпол кенинин совет мезгилинде изилденген бир участогунда 10 млн тонна титаномагнетит, 330 миң тонна цирконий, 300 миң тонна фосфор, 8 миң тонна сейрек кездешүүчү металлдар бар. Руданын 0,002% уран, 0,0005% торий түзөт деп айтылат.

2019-жылы да кенди казуу аракеттери болуп, бирок калктын катуу каршылыгынан улам “Уран, торийди чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда парламент бүгүнкүдөй эле көпчүлүк добуш менен бул металлдарды иштетүүгө тыюу салган.

MINEX Борбор Азия-2024 форуму 19-20-июнга белгиленген. Анда Борбор Азиядан, Европадан жана дүйнөнүн бир катар өлкөсүнөн 100дөн ашуун компаниянын өкүлдөрү катышып жатат. Форумдун алкагында кызматташуу боюнча документтерге кол коюлары да пландалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG