Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Уран, торийди иштетүү аракети: Мыйзам долбоору парламентке түштү


Кызыл-Омпол: Парламент уран казууга уруксат берген мыйзамды карайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Кызыл-Омпол: Парламент уран казууга уруксат берген мыйзамды карайт

Кыргыз өкмөтү сунуштаган уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоору парламентке келди. Февралдын соңунда президент Жапаров Ысык-Көлдөгү жолугушууда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан эле.

Беш жыл мурун чуу чыгып, уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу.

"Негизги элементтерге кызыктар компаниялар бар"

Министрлер кабинети сунуштап жаткан документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери белгиленет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги уран кендерин казууга салынган мараторий алынары менен казуу иштери башталат деген ойдон алыс болууга коомчулукту чакырууда. Маселен, өкмөт долбоорду сунуштардын алдында коомдук талкуу жүргүзүп, жөнгө салуу таасирин талдап, эксперттер менен иштешкен.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Медер Машиев ошондой эле бүгүнкү күндө Кызыл-Омпол өңдүү кендердеги урандан башка негизги элементтерди иштетүүгө кызыктар компаниялар бар экенин белгиледи.

Медер Машиев
Медер Машиев

"Пайдалуу кен чыккан байлыктардын арасына стратегиялык кен чыккан Кызыл-Омпол да кирет. Анын курамын коштогон уран жана торий бар. Бул мыйзамдын негизинде ал жерде чалгындоого тыюу салынган. Бүгүн ошондой кендерди иштетүү максаты бар, экинчиден, уран жана торий камтылган кендерди адамдын ден соолугуна коопсуз кылуу үчүн аларды тазалап алып чыгып кетүү максаты да бар. Мисалы, Кызыл-Омполдо негизги элемент титаномагнетит мамлекеттик баланста турат, экономикалык жана өнөр жай мааниге ээ ал. 0,17% торий болгондуктан иштете албайбыз. Радиациялык фон жогору турган жерлер бар, эгер мыйзам кирсе, чалгындоо иштерине баары даяр болот. Азыркы тапта урандын аркасынан келип аткан компаниялар жок. Уран экономикалык пайдасыз, анын өнөр жайлык да мааниси жок. Анда негизги элементтер бар, ага кызыктар компаниялар бар. Мисалы аллюминий, рудалык көрүнүштөрү бар титаномагнетитке кызыкдар мекемелер болууда".


Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине келип түшкөн. Бирок депутаттар аны менен толук тааныша элек. Комитеттин мүчөсү Эмил Токтошев өкмөттүн сунушун эл өкүлдөрү кылдаттык менен мамиле жасоого тийиш деп эсептейт.

"Биз анын зыяндуулугун карашыбыз керек. Азыркы учурда айрым

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

эксперттер уран бар жерден аны алып кетип, жерди рекультивация жасап койсо, такыр зыяны жок болот дешет. Андай болсо биз колдоп беришибиз керек, эгер биосферага зыяны тийбесе... А эгер калктуу конушка зыяндуу болсо, анда биз толук тыюу салышыбыз керек. Ошондуктан бул мыйзамды кабыл алууда анын маанилүү жагына көңүл бурабыз. Негизгиси - жаратылышка зыян келтирбеши керек. Казат же казбайт деген ал экинчи маселе. Ал кайсы жерде казат, кандай шартта? Президент айткан кайсы жаңы технологиялар болот? Ага ким кепилдик берет? Мыйзам кабыл алып аткан учурда балким ошону мамлекет өз мойнуна алышы мүмкүн".


Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин уран казуу иштери токтогон.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Ошол жылы жазында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Кызыл-Омпол: Уран казууга убакыт келдиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:57:40 0:00


Ушундан улам өкмөт кенди казууга камынган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Экосистемага, элге таасири

Өлкө уран кендерин иштетүүгө даяр эмес, өкмөт бир гана экономикалык артыкчылыктарга гана басым жасап жатат деген эколог адистер да бар. Алар оболу тоолуу аймактын экосистемасы тездик менен бузулушу ыктымалдыгын белгилешет.

Медицина илимдеринин кандитаты, эколог Калия Молдогазиванын пикиринде:

Калия Молдогазиева
Калия Молдогазиева

"Советтер Союзунун убагында эле уранды иштетип, 70-жылдары ал иштер токтогону рекультивация жасалбай, баары калып калган. Азыр 39 уран калдыктары сакталган жерлер бар. Аны эми кайра калыбына келтирип, рекультивация жасоо керек, ага аябай чоң каражат керек. Дүйнөлүк банктан эки-үчөөнө гана каражат берилген. Эми ошону рекультивация жасабай жаңы кендерди иштетебиз деген анча туура эмес чечим. Өкмөт "Жашыл экономика" деген программаны кабыл алган, ал таза суу, таза аба, таза жаратылышты сактап, токойлорду көбөйтүүнү көздөгөн. Ошонун фонунда уранды иштетүү такыр түшүнүксүз. Алар жумушчу орун түзүлүп киреше алабыз дешет. 700 кишиге чейин иш менен камсыз болот деп жатат. Менин билишимче, көлдүн жээгиндеги Көк-Мойнок, Кызыл-Омпол андан сырткары Чоң-Кемин биосфералык аймагын да иштетүү пландары бар экен. Бирок мындай биосфералык аймактарда кенди казуу болбойт, ага мыйзам да жол бербейт. Экинчиден, анын калдыктарын кантип алат? Айтор, урандын таасирин изилдеген эмес, элдин ден соолугуна болгон терс таасири да каралган эмес. Техникалык экономикалык негиздеме жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүү керек эле, аны жасаганы же жасабаганы белгисиз, ал тууралуу ЖМКда бир да маалымат жок. Ошондуктан биринчи элге, коомчулукка ачык маалыматтарды жарыялап, эл менен кеңешип, жарандар толук маалымат алганы жакшы болчу. Анын терс таасири, туура жагы айтылышы, талкууланышы керек эле. Эч нерсени айтпай туруп эле "иштетебиз" деп чыкканы туура эмес".

Советтик доордо Кыргызстанда бир нече жерде уран казылып, радиактивдүү калдыктар төгулгөн. Маселен, Майлуу-Сууда 23 уран калдыктары көмүлгөн жер бар. Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш сыяктуу жерлерде чет элдик донорлордун жардамы менен рекультивациялоо иштери жүрүүдө.

"Уран казуу энергетикалык кризистен чыгарат"

Ошол эле маалда заманбап технология менен уранды казууга уруксат берүүдөн кооптонуунун кереги жок деген коз караш да бар. Депутат Карим Ханжеза бул долбоор Кыргызстанды энергетикалык көз карандылыктан арылтат деген ойдо.

Уран казуунун негизги максаты - энергетикалык өз карандысыздык, бул

Карим Ханжеза
Карим Ханжеза

бизге ушундай эркиндикти берет. Ошондуктан пайда чоң, мен ошого ишенем. Бирок адамдын коопсузудугу биринчи орунда болушу керек. Эгер адистерди алып келип, бизге, элге түшүндүрүп, коопсуздук, экология коопсуздугу камсыздалат деп айтып, аны камсыздап, далилдеп берсе анда сөзсүз колдоп бериш керек. Биздин президенттин, депутат жана министрлердин, баарыбыздын максатыбыз бир - пайда алып келүү. Ошондуктан жакында документ келсе биз аны карап, кандай сунуш-пикирлер болсо кошумча берип коебуз.


Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Балыкчы шаарында Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага чейин Кызыл-Омполдо баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

Ачык маалыматтарда айтылгандай, 1951-жылы ачылган Кызыл-Омполдо жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. СССРдин убагындагы чалгындоо иштери бул жерде уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттар бардагын аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG