Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

"Бензин түгөндү, жол күрткү". Жамбылда калган кыргызстандыктар


Казакстан. Куткаруучулар тыгылып калган автоунааларды чыгарып жатат.
Казакстан. Куткаруучулар тыгылып калган автоунааларды чыгарып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткү, бороон-чапкындан улам жолдо калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматында, Казакстандын Алга айылы менен Кордой айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай турат. Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин куткаруучулары, оор техникалары иштеп жатканы кабарланды.

Учурда Бишкек-Алматы жолу жабык. Казакстан Жамбыл облусунун Кордой жана Чу райондорунда өзгөчө кырдаалдар режимин киргизди.

"Көпчүлүгү күрткүгө сайылып калды"

Бишкектен Алматыга жүргүнчү ташып иштеген Чынберди 14-декабрда бороон-чапкындан улам Алматыга араң жеткенин айтып берди. Ал кайра Бишкекке кайтып келмек. Бирок бир жарым суткадан бери жол жабык турат.

"Биз өтүп жатканда да катуу бороон-чапкын болуп жатты. Бири-бирибиздин артынан калбай айдаганга аракет кылдык. Бирок көпчүлүгү күрткүгө сайылып жолдо калды. Мен деле ар кайсы жерге сайылып жатып, араң чыгып келгем".


Нургазы Мырзакулов Кордойдон Алматыны көздөй сапарга чыккан. Бирок катуу бороондон улам артка кайтууга мажбур болгонун кеп салды.

"Техника тазалаганы менен кайра эле шамал уруп, күрткү пайда болуп жатат. Катуу бороондо көзүңдү да ача албайсың. Ошол жердеги Кордойдун жергиликтүү балдары жол тандабас машинелери менен талаадан жол ачып, капталынан чыгып баратты. Мен дагы арасында чогуу жүрдүм. Биринчи жардам бензин болду, көбүнүн бензини түгөнүп калыптыр. Андан сырткары тамак-аш жеткирилди. Андан кийин машиненин ичиндеги адамдарды эвакуация кылдык. Ошол машиналардын артынан ээрчип чыктык. Болжол менен 150дөй машина тыгылып калган эле, нары же бери кете албай турат".

"Кордой менен Чуга өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди"

14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жааган кардын кесепетинен Алматы-Ташкент жолунда кар күрткү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган. Мындан улам Жамбыл облусунун Кордой жана Чу райондорунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол тыгынында калган адамдарды чыгарууга жардам берүү үчүн 39 куткаруучу, беш оор техника жана башка шаймандары менен Казакстанга жиберди.

"Куткаруучулар кар күрткүгө кабылып, жол жүрө албай калган Кыргызстандын 16 жаранын атайын автоунаа менен Кыргызстанга алып келе жатат. Ошондой эле биздин куткаруучулар Кордой ашуусунда кар күрткүгө тыгылып калган үч оор жүк ташуучу жана бир жеңил унааны чыгарып беришти. Ал эми Кыргыстан тарап Аламүдүн районундагы "Ак Жол" өткөрмө пунктундагы "Бишкек-Алматы" кафесине 150, ошондой эле Эне-Сай жаңы конушундагы 21-мектепте 150 жана Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын ашканасында 40 адамга ылайыкташкан жылынуучу жайларды уюштурду", - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Нурзат Муратбекова

Казакстандын аймагында кар күрткүдө калгандарды куткаруу иштери. 15-декабрь, 2023-жыл.
Казакстандын аймагында кар күрткүдө калгандарды куткаруу иштери. 15-декабрь, 2023-жыл.


Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ 1200дөн ашык адам эвакуацияланганын билдирди. Алар Кордай районундагы жылуулук түйүндөрүнө жайгаштырылган.

15-декабрдын таңына карата бийлик 2413 адамды, анын ичинде 90 баланы куткарганын маалымдады. 600дөй адам үйүнө кайтып, 1813 адам жылуулук түйүндөрүнө жеткирилген. Үч адам Кордай райондук ооруканасына жаткырылды, алардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Жамбыл облустук акимчиликтен кабарлашкандай, соңку эки күн ичиндеги катаал аба ырайынан улам жолдо тыгында калган 5 миңден ашык адам куткарылган.

“Азаттыктын” казак кызматы жергиликтүү медиаларга таянып жазгандай, облустун Чу районунда катуу шамалдан улам электр линиялары үзгүлтүккө учураган. Облустун төрт районунда миңдеген тургундар электр жарыгысыз калган. Чу – Отар багытында жүргүнчүлөрдү ташуучу 11 поезд туруп калганы кабарланган, андагы адамдар да чыгарылып кеткен.

Жогорку Кеңештин 14-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков Казакстандын "Хоргос" базарынан келеткан 90го жакын адам жолдо калганын айтып чыккан. Ага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жооп берип, Алматы шаарындагы консул алар менен иштешип жатканын айткан.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов "Азаттыкка" жолдогу абал боюнча маалымат берип, болжол менен 200дөн ашык Кыргызстандын жараны жолдо калганын айтууда.

Назарали Арипов
Назарали Арипов

"Кечээ күнү Хоргостон чыккан эки автобус Алматыга келди. Абалдары жакшы. Мен азыр эле Узун-Агаш районундагы мечитке кирип чыктым, ал жерде 80ден ашуун адам бар экен. Үч маал тамак-аш менен камсыз болгон, жаткан жерлери жылуу. Дагы 36 адамдан турган тайпа бар, аларды мейманкага жайгаштырып жатабыз. Ошого Казакстандын бийлигинен тартып жөнөкөй жарандары да жардам берүүдө. Жол ачыла элек. Колдон келсе жолго чыкпаш керек, азыр Казакстанда аба ырайы начар".

Кыргызстандын чек ара кызматы Казакстанга барууну каалагандарды жолго чыгуудан карманып турууга, же кошумча күйүүчү май, жылуу кийим жана тамак аштарды камдап алууну суранууда.

Апта башынан бери кескин суук түшүп, айрым жерлерде калың кар жаап, негизги автоунаа жолдордо чоң түйшүк жаралууда. Кыргызстандын дагы бир катар аймактарында жолдор бөгөлүп, карым-катнаш кыйындаган учурлар катталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG