Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

Азык-түлүк кымбаттоодо. Өкмөт бааны кантип ооздуктайт?


Күндөлүк керектелчү азык-түлүктүн түрү
Күндөлүк керектелчү азык-түлүктүн түрү

Министрлер кабинети 2024-жылы социалдык маанидеги азык-түлүк түрлөрүнүн баасын өстүрбөй кармап туруу боюнча план камтылган атайын тескеме иштеп чыкканын кабарлады. Бирок ал планды жарыялай элек. Эксперттер тышкы жагдайдын таасири күчтүү болгондуктан, баалар кымбаттай берерин боолголоп турат.

Кыргыз өкмөтү буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүп, айрым товарларды экспорттоого чектөө киргизген.

Өкмөт өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу боюнча мындай чечимди соңку үч жылдан бери жыл башында чыгарат. 12-февралда чыккан тескемеде социалдык маанидеги азык-түлүк түрлөрүнүн баасынын өсүшүн кармап туруу жана ички рынокту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планы бекитилген.

Муну менен катар мамлекет айрым тармактардын өндүрүүчү, импорттоочу жана соода ишканалары менен кумшекер жана ундун базардагы баасын кармап туруу боюнча келишимдерди түзүп келет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков Кыргызстанды ун азыктары менен камсыздоо чараларын мындай түшүндүрдү:

“2023-жылы аба-ырайына байланыштуу өндүрүш азыраак болду. Бирок ошого карабастан январь айында Айыл чарба министрлиги, Экономика министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана кайра иштетүү ишканаларынын ортосунда төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Келишимде кайра иштетүүчү ишканалар өздөрүнө “бааларды көтөрбөйбүз жана азык түлүктү өлкөгө керектүү көлөмдө камсыздап беребиз” деп милдеттенме алышты. Мындан тышкары, өз кампаларында кичи ишканалар 700 тоннага чейин, ири ишканалар 3000 тоннага чейин чийки зат сактап турууга милдеттендирилди. Мамлекет тарабынан кайра иштетүүчу ишканаларга импорттолуучу чийки заттын салыгы нөл пайызга түшүрүлдү. Жетпей калган бөлүгүн башка мамлекеттерден алып келип, кайра иштетип, ун кылып сатышат”.

Өкмөттүн планында дагы бир катар мекемелердин аткара турган милдеттери каралган. Материалдык резервдер фонду номенклатуралык азык-түлүк товарларынын запастарын камсыз кылып, эгерде баалар кандайдыр бир өзгөрүп кетсе, товардык интервенция жасайт. Мындан тышкары, социалдык маанидеги товарларды өстүргөн дыйкандар менен өндүргөн ишканаларды салыктан бошотуу, жеңилдетилген насыяларды берүү жана ал товарларды экспортко чыгарууга тыюу салуу механизмдери да каралган.

Экономика министрлиги маалымдагандай, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө бааларды турукташтырып, продукциянын тартыштыгын алдын алуучу мамлекеттик механизмдер бар. Беларус, Казакстан жана Орусияда ички базарларды негизги өндүрүмдөрдүн кымбаттоосунан коргоо үчүн мамлекет тарабынан бааларды жөнгө салуу, экспортко тыюу салуу же чектөө, кайсы бир товарларды алып кирүүгө же чыгарууга экспорттук алымдарды чегерүү, ошондой эле дотация, товардык интервенция өңдүү чаралар колдонулат.

Кыргызстанда дагы импорттолгон өсүмдүк майы, ун жана буудайга кошумча нарк салыгы жоюлган да, жем, пияз, жер семирткич өңдүү айрым товарларды экспорттоого чектөө киргизилген.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги базар бааларынын негизсиз кымбаттоосун алдын алуу милдетин аткарат. Агенттиктин жөнгө салуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжар Кокошеров эгерде базарда баа негизсиз көтөрүлүп кетсе, анда мамлекеттик жөнгө салуу киргизилерин билдирди:

“2023-жылга чейин бир айдын ичинде 20% жогору өсүп кеткен учурда гана мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген болсо, сентябрь айынан бери андай ченем жок. Баалар өзгөргөн учурда Экономика жана коммерция министрлиги өзүнүн буйругу менен жөнгө салууну киргизе алат. Ал 90 күнгө киргизилет. Ошондой чечим кабыл алынган учурда биз тараптан баалардын эң жогорку чек деңгээли белгиленет. Анан ошонун аткарылышын көзөмөлдөө иш-чаралары жүрөт. Былтыр октябрь айында көмүргө, тандыр жана бөлкө нанга карата мамлекеттик жөнгө салуу киргизилип, январь айына чейин тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн”.

Министрлер кабинетинин 2023-жыл, 8-сентябрдагы “Социалдык маанидеги товарларга мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомунда 16 товардын тизмеси каралган.

Экономика жана коммерция министрлиги социалдык маанидеги товарлардын экспортун өнүктүрүү, натыйжалуулугун арттыруу үчүн сатууну уюштуруу жана көзөмөлдөөчү бирдиктүү оператор түзүүнү сунуштайт. Мекеме мындай кадам экспорт процессин жөнөкөйлөтүү жана стандарттоо, бирдиктүү соода шарттары менен келишимдерди аныктоо, ошондой эле баа саясаты менен көлөмүнүн шайкештигин камсыздайт деп эсептейт.

Айыл чарбасы боюнча эксперт Качкынбай Кадыркулов өкмөттүн иш-аракеттеринин натыйжалуулугу тышкы жагдайларга да байланыштуу экенин, узактан бери айтылып, бирок аткарылбай келген иштер да көп экенин айтат:

“Бул жерде эң чоң кайчылаш механизм бар. Солярка, бензин, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармек – ушулардын бардыгы бизге дүйнөлүк баа менен келет да. Биз өзүбүз чыгара албайбыз, чыгарган да жокпуз. Аны аргасыз алыш керек болот. Анан дыйкан-фермерлер азык-түлүк өндүрүп сатайын десе, өздүк наркын жаппай да калып атпайбы. Өкмөт анын баарын субсидия менен кенемтелеп бере албайт. Насыя берип жатат, бирок ал насыя 10% эле жабат. Ал насыя да, субсидия эмес. Өкмөт эң биринчи кезекте жолдорду жаппай, ачык болушун камсыз кылышы керек. Өздүк наркты жаба турган шарт түзүп бериши керек. Чоң-чоң көлөмдөгү азык-түлүктү даярдап, экспортко чыгара турган механизмдерди түзүшү керек. Айтылып атат, бирок азырынча аткарыла элек да”.

Статистикалык маалыматтар боюнча, январь айында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө баалары менен тарифтер жогорулады. Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын баасы декабрь айына карата 0,4%, ал эми 2023-жылдын январына карата 3,3% кымбаттады.

“Рим декларациясы” боюнча өлкө өзүн кайсы бир продукция менен 80% жогору камсыздаса, анда ал ошол продукция менен өзүн-өзү камсыздады деп эсептелет. Кыргызстандын “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда социалдык аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн 90 күндөн ашкыдай запасы болсо, анда өлкө камсыздалган болот деп жазылган.

Кыргызстан мурда социалдык маанидеги азык-түлүктүн тогуз түрүнүн үчөө менен өзүн-өзү 100% камсыздап келген. 2023-жылы кумшекер жана эт менен 80% ашуун камсыздай баштады.

XS
SM
MD
LG