Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

"Коңшуларга сатылууда". Казак өкмөтү газдын баасын көтөрдү


Коңшу Казакстанда быйыл июль айында суюлтулган газдын баасы 10% көтөрүлдү. Энергетика министрлиги муну "мажбурлоо чарасы" менен түшүндүрүүдө. Казакстандык айдоочулар болсо нааразы. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери кымбатчылыктын себебин сурап билишти.

Казакстанда бензиндин ордуна газ куйган айдоочулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Анткени суюлтулган газдын баасы эки эсе, кээ бир аймактарда үч эсе арзан.

Энергетика министрлигинин маалыматында, былтыр газ менен жүрүүчү унаалардын саны 582 миңге жеткен. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 18% көп.

Автогазга болгон суроо-талап күчөгөн сайын анын баасы көтөрүлүп, тартыш болуп жатканы казакстандыктардын көкөйүнө тийди.

"Мен үч-төрт май куюучу жайга бардым, эч жерде жок. Кезекте бир сааттан бери турам. Бензин ансыз деле кымбат, жеткиликтүү эмес. Мурда 4 миңге толтурсам, азыр 4500-5000 теңгеге толтурам".

"Кымбат болсо да сатылса кана. Бар болсо, сатылса куябыз да".

"Азыр 70 теңге болду. Мага эле эмес, бардык элге таасир этет. Азык-түлүк кымбаттайт".

"Бардык суроо-талапты аткаруу мүмкүн эмес"

Казакстанда 11 ишкана жылына 1,5 миллион тоннага жакын суюлтулган газ өндүрөт. Алыскы заводдон чыккан газ карапайым калкка кантип жетет? Биринчиден, ар бир шаардын жана райондун администрациясы өлкөнүн Энергетика министрлигине өз аймагына канча суюлтулган газ керек экенин билдирет. Анан министрлик ар бир аймакка талапка жараша газ бөлүштүрө баштайт. Бирок акимчилик канча газ сураса, министрлик ошончо берет деген түшүнүк жок.

Чымкент шаардык администрациясынын маалыматында, айдоочуларга айына 9 миң тонна газ керектелет. Бирок Энергетика министрлиги бул шаарга 6 миң тонна гана берген. Министрлик "бардык суроо-талапты аткаруу мүмкүн эмес" дейт.

Учурда суюлтулган газ күнүмдүк турмушта маанилүү товарга айланды. Ошондуктан анын кымбатташы кызуу талкууланып, көпчүлүктүн нааразылыгын жаратууда.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстандагы январь айындагы кандуу калаба дал ушул газдын кымбатташына каршы нааразылык акциясынан башталган. Анда Жаңы-Өзөн шаарынын тургундары көчөгө чыгып, "Газ 50 теңге болсун!" деп талап кылышкан. Жаңы-Өзөндүн тургундарын Казакстандын башка аймактары да колдоп, акция башаламандыкка айланып, 238 адам набыт болгон.

Январь окуясынан кийин казак бийлиги суюлтулган газдын баасын төмөндөтүп, арзан бааны койгон. Бирок ал көпкө кармалган жок.

Жарым жылдан кийин Энергетика министрлиги газдын баасын көтөрүү боюнча атайын план бекитип, "газдын азыркы баасы өндүрүштү таптакыр актабайт" деп билдирген. Ошондон бери баа акырындык менен болсо да тынымсыз өсүп турду.

1-июлдан тарта суюлтулган газдын баасы дагы 10% кымбаттады. Акордо ар бир жарым жылда газдын баасын 12% көтөрө турганын убадалайт. Бирок бул аракет казакстандыктардын нааразылыгын жаратары шексиз.

"Бааны дароо көтөрө албайт. Акырындап элди алаксытып, көндүрүп атат. Элди өздөрү көтөрүлүп чыгууга түртүп жатышат. Анан дагы эл күнөөлүү дешет, бирок биз күнөөлүү эмеспиз... Кайрадан эле ошол Январь окуяларынын ары-бери жагы көрүнүүдө".

"Элдин көбү газга өттү. Колдон келсе, газ баасы ушундай бойдон калса деген ой бар. Бир калыпта турганы жакшы эмеспи".

"Мангыстаудагы автоунаалардын 80% автогаз менен жүрөт. Андыктан эл мунун аркасы менен баа көтөрүлөбү деген ойдо. Мангыстауга товарлардын баары сырттан ташылып келет", - дейт Мангыстау шаарынын тургундары.

Жаңы-Өзөндүн тургуну, активист Муратбай Жумагалиев газдын кымбатташына нааразы. Ал Фейсбук баракчасына баанын көтөрүлүшүнө каршы пикирин жазганы үчүн жергиликтүү прокурордон эскертүү алган.

"Газдын баасы 54 теңге бойдон калсын. Колдон келсе 50 теңгеге түшсүн. Себеби Жаңы-Өзөн - туңгуюкта жайгашкан шаар, азык-түлүк, чөп-чар, жем - баары сырттан ташылат. Бизде газдан башка завод, өндүрүш жок", - дейт активист.

Эмне үчүн Казакстанда газ кымбат?

Энергетика министрлиги суюлтулган газдын кымбатташын "аргасыз чара" деп белгилейт. Газдын баасын көтөрүү - биринчи кезекте мунай өндүрүүчү компаниялардын талабы. "Анткени газ элге өз баасынан үч эсе арзан сатылып жатат", - дейт министрликтин өкүлү Элтай Алиев.

"Биз ыйгарым укуктуу орган катары чекти койдук. Бирок логистика жагын ишкерлер өздөрү карашат. Мангыстау облусунда автогаз 59 теңге. Мунун логистикасы да бар. 59га келсе, 59 теңге деп баа коёт. Биз жогорку чегин коюп беребиз, алар төмөндөтө алат, башкача айтканда бааны кармап турат", - дейт Алиев.

Олжас Бектенов
Олжас Бектенов

Ал эми Казакстандын өкмөтү газдын арзандыгы менен анын элге жетпей калышынын ортосунда түздөн түз байланыш бар экенин белгилеп келет.

Өлкөнүн премьер-министри Олжас Бектенов 16-июлдагы өкмөттүн жыйынында "Казакстандан арзан газ сатып алып, чет өлкөгө мыйзамсыз ташып кеткендер көбөйдү" деген.

"Анын (газдын) Казакстандагы чекене баасы Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана алыскы чет өлкөлөргө салыштырмалуу эки эсе арзан. Баанын арзандыгы суюлтулган газдын ири өлчөмдө коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз сатылышына алып келди. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында, суюлтулган мунай менен газды чет мамлекеттерге мыйзамсыз алып чыгуу боюнча 14 фактыга бөгөт коюлган", - деди Бектенов.

Деген менен Казакстандын Энергетика министрлиги азыр көтөрүлгөн баанын өзү, коңшу мамлекеттердин ортосундагы баанын айырмасын жоё албасын белгилейт. Министрлик оболу күйүүчү май өндүрүүчүлөрдүн чыгымын толтурууну көздөөдө.

"Долбоорубуз боюнча бааны жарым жыл сайын көтөрөбүз. Эми кийинки көтөрүү маселеси январь айында каралат. Менимче, баа өзгөрбөйт. Биздин план боюнча заводдун чыгымын эсепке алып келебиз", - дейт министрликтин өкүлү Алиев.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Асет Наурызбаевдин айтымында, бааны бийлик бекиткени туура эмес. "Муну базар чечиши керек", - дейт ал.

"Жаратылыш газынын баасы көтөрүлө берет. Анткени Казакстандын ички баасы тышкы рынокко салыштырмалуу өтө төмөн. Албетте, логистика артыкчылыктары бар. Бул да газдын арзандыгына таасирин тийгизип жатканы анык. Бирок ички рынокто газдын баасын аныктоочу механизм керек. Азыр андай механизм жок. Бир кезде бийлик биржа түзүүгө аракет кылган, бирок андан майнап чыккан жок. Эми бааны биржа эмес, Энергетика министрлиги аныктайт. Министрликке ишеним жок. Анткени алар бааны өздөрү каалагандай коюшат. Менин сунушум, Казакстандын мунай жана газ өндүрүүчүлөрүнө стимул, аларга сатылган газдын көлөмүнө жараша экспорттук квота берүү керек. Анан газды экспорттойбуз деген ниетте аны көбүрөөк сатуу үчүн баасын түшүрүүгө аракет кылат. Мындай жол менен бааны Энергетика министрлигинин бир тараптуу чечими эмес, базар аныктайт", - дейт казакстандык серепчи.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен автогаз эң арзан сатылган өлкө - Казакстан. Анда 1-июлга чейин суюлтулган газ 54-86 теңге (9,60- 15 сом) аралыгында сатылып келген. Ал эми көгүлтүр отун Орусияда 24,55 рубль (23,65 сом), Кыргызстанда 29,70 сом, Өзбекстанда 1800 сум (12 сом), Тажикстанда 6 сомониден (55 сом) сатылууда.

Автогаз таппай кыйналган кыргыз айдоочулар

Белгилей кетсек, 25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр түгөнүп, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган.

"Азаттыкка" Бишкектен тышкары айрым облустардын тургундары да кайрылып, автогаз жок болуп жатканын айтышкан.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш катары сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирген. Уюм мындан сырткары Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан улам кыргызстандык компаниялар Орусиядан гана ташып келип жатканын, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалып жатканын кошумчалаган.

3-июлда аталган ассоциация Кыргызстандагы соңку автогаз тартыштыгынын фонунда Орусиядан аны жүктөп, жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү Бишкекке келип түшкөнүн билдирген. Ассоциациянын президенти Канат Эшатов "Азаттыкка" ырастагандай, адатта автогаз жүктөлгөн 20-30 вагон бир келет. Ар кайсы компанияларда буюртмасына ылайык ар кандай көлөмдө болот.

"Кыргызнефтетрейдерлер" бирикмесинин жетекчиси ушул тапта Бишкектеги автогаз бекеттеринде тартыштык дээрлик жоюлганын, Орусиядан жөнөгөн жүк толук келсе, дефицит болбой каларын белгилеген.

Аталган ассоциациянын маалыматында, Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы автоунаалардын 10% жетпейт. 90% ашуун машине күйүүчү май менен жүрөт.

XS
SM
MD
LG