Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:25

Бишкектеги ат майдан качан оңдолот?


"Ак кула" ат майданы
"Ак кула" ат майданы

“Ак кула” ипподромун реконструкциялоо жана модернизациялоого 300 млн сом бөлүнөт.

9-майда Бишкектеги "Ак кула" ат майданында Жеңиштин 72 жылдыгына, каскадер Үсөн Кудайбергенов жана актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган ат оюндары өттү. Бул күнгө көк бөрү мелдешинин финалдык беттеши да белгиленип, оюнду көрүүгө келгендердин арасында, адаттагыдай эле, ипподромго кире албай калгандар болду.

Аталган мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы баш байгени алса, Чүйдүн “Биримдик Аю” жана “Арашан” командалары күмүш менен коло медалдарды тагынышты.

"Жыгачтар кыймылдап турат"

Оюндун калысы Табылды Асыгалиевдин айтуусунда, көрүүчүлөрдүн бардыгын ипподромго киргизүүнүн аягы кырсыкка алып келиши мүмкүн. Андыктан уюштуруучуларга билет санын чектөөгө туура келүүдө:

Табылды Асыгалиев
Табылды Асыгалиев

- Бул эми 50-жылдары курулган ипподром экен. Ушундай өзгөчө архитектурасы менен курулган Орусиянын эки жеринде гана бар экен. Бирок азыр ипподром аябай эле эскиргенин көрүп жатабыз. Жада калса эл отурган трибунанын астында жыгач тирөөчтөр турат. Эл секиргенде жыгачтар кыймылдап жатканы сезилет. Мына ошондуктан ашыкча элди киргизип жиберсек трибуна түшүп кетиши мүмкүн.

Табылды Асыгалиев кошумчалагандай, Бишкектеги “Ак кула” ат майданынын имаратында жарака кеткен жерлер барган сайын көбөйүп баратат. Бирок ошол эле учурда улуттук ат оюндарын сүйүүчүлөрдүн саны артып, майрам сайын эл ипподромго толуп калууда.

Асыгалиев ушул жазда Нооруз майрамына карата уюшулган ат оюндары бийлик үчүн дагы бир эскертүү болгонун айтат.

- Жазында Нооруз майрамында он миңден ашык эл келип, сахнанын башына чейин чыгып алганын өзүңөр деле көрбөдүңөрбү. Ошондуктан жакшы оюндардын аягы кырсык менен бүтпөшү үчүн өкмөт чара көрүп, жаңы ипподромду курбаса болбой калды.

Көк бөрү көрүүчүлөрү
Көк бөрү көрүүчүлөрү

Өкмөт азырынча жаңы ат майдан куруу тууралуу сөз кыла элек. Бирок өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков “Ак кула” ипподромун реконструкциялоо жана модернизациялоо маселесин көк бөрү мелдешинен бир күн алдыда атайын жыйын куруп талкуулаган.

Бюджеттен акча кетпейт

Ал эми 9-майда премьер-министр көк бөрү оюндарын көргөнү келип, спорт комплексин модернизация иштерине 300 млн. сом бөлүнө турганын, каражат бюджеттик эмес фонддон чегерилерин жарыя кылды:

- “Ак кула” ат майданынын келечеги боюнча президенттин тапшырмасы менен эки жолу жыйын өтүп, каражат бөлүндү. Биз ипподромго сырттан келген конокторго жана шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзгөнгө бардык чараларды көрөбүз. 300 млн. сом “Ак кула” ат майданын оңдогонго каражатты президенттин колдоосу менен бюджеттик эмес фонддон бөлүндү. Биз мындан ары дагы улуттук оюндарды өнүктүрүүгө жана зарыл шарттарды түзүүгө аракеттерди көрө беребиз.

Өкмөт башчынын айтуусунда, «Ак кула» ат майданы 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарына кирди.

Бирок ат майданды реконструкциялоо долбоору даярдалганы менен, азырынча кабыл алына элек. Бул үчүн алдыда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Бишкек мэриясы ипподромду реконструкциялоо долбоорун өкмөткө киргизиши керек.

57 гектар аймакты ээлеген “Ак кула” ат майданы 1979-жылы курулган. 1995-жылы өкмөттүн токтому менен ипподром Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Эки жылдан кийин “Ак кула” акционердик коому катары түзүлүп, имараттын 80 пайыз үлүшү эмгек жамаатына, 20 пайызы Айыл чарба министрлигинде калган.

2013-жылы сот Айыл чарба министрлигинин агрардык жана жер реформасын мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми ушул жылдын январь айында Ленин райондук соту “Ак куланы” кайрадан шаардык мэрияга өткөрүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG