Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

"Мурдагы мэрлер берген". Ататүрктөгү элди акцияга чыгарган чечим


Нааразылык акциясына чыккандар менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жолукту.
Нааразылык акциясына чыккандар менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жолукту.

Бишкекте убагында Ататүрк паркына таандык жерге салынган там-ташта жашаган айрым тургундар 20-майда нааразылык акциясына чогулду. Алар мэриянын парктын жерин калыбына келтирүү, үйлөрдү бузуу чечимине каршы экенин айтышты.

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев чогулгандардын алдында сүйлөп, мэриянын планына ылайык, биринчи этапта муниципалдык жердеги мыйзамсыз курулуштар бузула баштарын айтты. Андан кийинки аракеттер үйлөргө байланыштуу чыгарылган сот чечимине жараша болорун билдирди.

Буга чейин шаар мэриясы мэр сейил бактагы 198 объект мыйзамсыз курулганын билдирген.

Ондогон киши катышкан нааразалык акциясына чыккандардын бири Келгенбек Токмамбетов Ататүрк паркынан 2017-жылы жер сатып алган. Ал колунда менчигин ырастаган бардык документтер бар экенин, сатуу-алуу мыйзамдуу болгонун айтууда.

"Мыйзам чегинде сатуу-алууну Мамлекеттик каттоодо жүргүзгөнбүз. Алар "чектөө жок" деп уруксат берген. Андан дагы күмөн санап курса болобу деп тиешелүү мекемеде да текшерткем. Ал жактан болот дешкен. Ошондон кийин сатуу-алууну жүргүзүп, долбоор жазып, Бишкекбашкыархитектура менен макулдашып, алар долбоорду бекиткен. Мен ошол 2017-жылы алып, эми-эми гана курулушту бүттүк. Азыркы мэриянын, азыркы депутаттардын тушунда, февралда уруксат берилген сатуу-алуу болгон. Ушул кезге чейин эч кандай чектөө болгон эмес. Анан кантип эле 1992-жылга таянып мыйзамсыз деп калышты?".

Чогулгандарда Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев келип, мэриянын планын айтып берди. Ага ылайык, иштин биринчи этабында, 20-майдан тартып муниципалдык жердеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу башталат. Экинчи баскычында парктын аймагына салынган үйлөрдүн тагдыры сот аркылуу чечилет.

"Чыга турган чечимдердин баары чыккан. Ал жерде баары так, даана аныкталган. Бүгүнтөн баштап биз айрым муниципалдык жердин чегине чыгып кеткен курулуштарга байланыштуу иштерди жүргүзөбүз. Аларды ордуна келтиребиз. Буга чейин биз 140ка жакын билдирме таратканбыз. Чыгып кеткен чектерди ордуна келтиргиле деп эскерткенбиз. Эгерде уруксат кагаздары жок куруп алган болсо, анда алар демонтаждалат. Билдирме алгандардын жарымынан көбү муну кабыл алды, тилекке каршы айрым объекттердин ээлери аны кабыл алган эмес, билдирмелерди алуудан баш тарткан. Андан сырткары экинчи этабында бизде сотко 90дон ашык доо арыз даярдалган. Учурда анын 19ун бердик, калган доо арыздар бир-эки күндүн ичинде берилип, ошол чечимдерге жараша иштер башталат ".

Юрист Акин Токталиев бул жерде жашагандардын айрымдарынын укугун коргогону жатат. Анын пикиринде, алгач жерлердин мыйзамсыз берилишине жол ачкандардын жоопкерчилиги каралышы керек эле.

"Бузардын алдында мыйзамсыз документтерди кимдер берген, аны кимдер каттаган деп ишти ошондон башташ керек эле. "Төрт-беш мэр бар экен, ошолор мыйзамсыз бериптир" деп айтып, ошолорду козгош керек болчу. Андан кийин аларды соттоп, жерлер мамлекетке керек экен деп компенсация төлөп, каалаган жерден тилке бөлсө туура болмок. Анан мэриянын жөн жерден эле чыга калып "буга чейинки токтомдор жарабайт" дегени туура эмес. Эгер бул мэри кетип, эртең башкасы келсе аныкы жарабайт, меники туура деп чыгабы? Бири-бирин ушинте берсе болобу?".


Ал арада мэр Айбек Жунушалиев Ататүрк паркына байланыштуу күч органдарынын жетекчилери менен координациялык кеңешме өткөргөнү белгилүү болду. Мэриянын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда сот иштерин утурлай жашоочуларга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Жунушалиев мэриянын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине шаар тургундарына сейил бактын аймагында жайгашкан жеке турак үйлөргө биринчи кезекте соттук мүнөздөгү чаралар көрүлөрүн түшүндүрүүнү тапшырды. Бүгүнтөн тарта бекитилген планга ылайык, Мамлекеттик курулуш шаардык кызматтар менен биргеликте уруксаты жок курулуп жаткан жана салынып калган бир катар объектилерди демонтаждоону башташы керек. Ошондой эле алардын жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду жана дубалдарды алуу пландаштырылган", - деп жазылган маалыматта.


Айбек Жунушалиев апрель айында убагында Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүүгө байланыштуу мурдагы шаар башчыларынын жалпы 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Анда 1992-жылдагы №225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү токтомуна кол койгон. Мэр анын негизинде мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керектигин билдирген. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоого андагы үй ээлерине 30 күн мөөнөт чектеген.

Ушундан кийин аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтышып, үйлөр менен кошо алардын менчик укугу бузуларын да айтып келишет.

Ататүрк паркы: Мэрия 43 гектар жерди кантип кайра алат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG