Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Ататүрк паркы: Мэрия 43 гектар жерди кайтаруу аракетин баштайт


 Коллаж
Коллаж

Бишкек мэриясы Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерди кайтаруу ишин баштоону көздөп жатат. Маалыматка караганда, парктын аймагындагы курулуштарды демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландалган.

Мэриядагы жыйын, Жунушалиевдин тапшырмасы

Бишкек шаарынын мэриясында Ататүрк сейил багынын мыйзамсыз берилген жерлерин кайтаруу, анда жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйынга мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышкан.

Жыйында Жунушалиев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, парктын жер тилкелерин кайтаруу боюнча 20-майга пландалган иштерди даярдоону табыштады.

Мэрия парктын аймагындагы курулуштарды демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландалганын билдирди.

Апрелде мэр кол койгон жаңы токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берген.

Жер тилкелер качан, кантип өткөн?

Ататүрк паркынын 2005-жылдагы Google картадагы сүрөтүн карасаңыз бир нече чоң үйлөрдүн түшө баштаганы көрүнөт. 2023-жылдагы сүрөттөрдө болсо парктын капталдарында хансарайлардын шаарчасы, көп кабатуу турак үйлөр пайда болгон.

Бишкектеги санаалуу ири парктардын бири – мурдагы Достук, Ататүрк паркындагы жерлер 2000-жылдардан тартып аткаминер, таасирдүү фигулардын жакындары бөлүп алганын буга чейин бир нече медиа иликтеп берген. Маселен, 2019-жылы «Клооп» басылмасы жана OCCRP жүздөгөн документтерди анализдеп, журналисттер бир жыл көз майын коротуп, иликтөө жарыялашкан.

Анда парктан эки жүзгө жакын жер тилкени качан, кайсы аткаминер, кимден, кантип алып, кайра сатканынан бери документтер менен ийне-жибине чейин иликтеп беришкен. «Клооп» менен OCCRPнин документтерине таянсак алардын арасында:

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков, экс-премьер министр Апас Жумагулов, экс-спикерлер Алтай Бөрүбаев, Медеткан Шеримкулов сыяктуу мамлекет жетекчилеринен баштап мурдагы депутаттар Райымбек Мамыров, Эркин Байсалов, Канат Керезбеков, Рысбек Качкеев, Турсунбай Бакир уулу, Сайдулла Нышанов, Азизбек Турсунбаев, Арызбек Бурканов, Асамидин Марипов, Искендер Гайпкулов, Рашид Тагаев, Алиярбек Абжалиев, Айтибай Тагаев, Зиядин Жамалдинов, Алтынай Өмүрбекова экс-министрлер Абдулла Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Калыкбек Султанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Турсун Турдумамбетов, Александр Костяк, Болот Абилдаев, Мустафа Кидибаев, экс-судьялар Жумадил Макешов, Курманбек Осмонов, экс-прокурорлор Асанбек Шаршеналиев, Галина Пугачева, Улукбек Узакбаев бар.

«Клооп» медиасынын мурдагы журналисти Метин Жумагуловдун айтымында, бул чиновниктер Жер кодексиндеги ар бир жаран бир жолу жер тилкесин алууга укугу бар деген нормага таянып, сейил бактан жер алышкан.

«Элге жер бөлүп берген токтомдорунда жаңылышпасам, Жер кодексинин 25-62-беренелерине таянышкан. Анда ар бир кыргызстандык эгерде жашаган үйү жок болсо бир жолу жер алганга укугу бар деп жазылып турат. Алар ушундай жол менен алышкан. Бирок, жер алгандардын көпчүлүгүнүн үйү болгон деп эсептейбиз. Башкача айтканда ижара төлөп батирде турушкан эмес. Экинчиден, парк 2002-жылы тарыхый маданий эстеликтер тизмесине киргизилген. Мыйзам боюнча эстеликтер аймагына курулуш кылууга, айрыкча турак жай салууга тыюу салынат».

"70% мигранттар жашайт"

Жогорудагы санагандардан сырткары ошол кездеги таасирдүү аткаминерлердин ондогон жакындары дагы жер тилкелерин бекер алышкан. Жер алгандардын көпчүлүгү журналисттерге «мыйзамдуу ээ болгонун» айтып, окшош жоопторду берип келишет. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Cайдулла Нышанов «Азаттыкка» мыйзамга ылайык жер тилке алганын билдирген:

“Конституциянын нормасы боюнча бир адам бир жолу мамлекеттен жер алууга укуктуу. Ошонун негизинде он депутат арыз менен кайрылганбыз. Анан жер берилген”.

Учурда алардын азыраагы гана өздөрү жашабаса, көпчүлүгү там салып же участок катары сатып кетишкен. Андан бери колдон-колго сатылып, бул жердеги үйлөргө жетинчи кожоюн болгондор дагы бар. Бишкек мэриясынын Ататүрк паркынан берилген жерлер боюнча буга чейинки токтомдорду жокко чыгарып, 1992-жылдагы 107 гектар болгон сейил бактын аймагын калыбына келтиребиз деген билдирүүсүнөн кийин бул жердеги жашоочулардын түн уйкусу бузулду.

Эми дал ушундай жер тилке сатып алып, үй куруп жашап жаткандар президент баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылууда. Сейил бактын аймагында жашайт дегендердин бири Сабира Байтурсунова бул жер тилкелерди маңдай тери менен чогулткан каражатка алганын, эгер мэрия аны буздурса, жеке менчикке кол салуу болорун “Азаттыкка” айтып берди:

"Ушу жерде 20 жылдан бери турам. 2004-жылы жер тилкесин сатып алгам. Бул жерде жалаң байлар жашайт деп билбей туруп эле айтып жатышат. Бул абдан туура эмес психология болуп жатат. Же атайлап ушинтип таратып жатыштабы, билбейм. Бул жерде жашагандардын 70% мигранттар. Миграцияда жүрүп, чакан бизнесте жүрүп каражатын топтоп сатып алгандар. Мисалы мен чакан бизнес менен алектенип жүрүп, ушул жерди сатып алгам".

Ататүрк паркынын кире бериши
Ататүрк паркынын кире бериши

Бул аймакта бир кабат, эки кабат жеке үйлөр гана эмес, көп кабаттуу үйлөр да курулуп кеткен. Алардын бирин “Ихлас” курулуш компаниясы курган. Учурда аталган батирлердин кожоюндарына мэриянын жер тилкеси мыйзамсыз экени жазылган билдирмеси жетип, санаага батып турушат. Алардын бири Өкмөт Юлдашева кырдаалдан кантип чыгуунун айласын таппай турганын айтууда:

“Балдар Орусияда иштеп жүрүп, эки бөлмө батир сатып алганбыз. Мындайча айтканда, кашыктап чогулткан каражатка араң ушул батирди алган элек. Андан бери жакшынакай жашап жатканбыз. Бир канча күндөн бери эле тополоң чыгып, мэриядан кагаз келди. Эми биз кайда барабыз?"

Өкмөт Юлдашева сыяктуу көп кабаттуу турак үйдөн батир сатып алгандардын саны 250гө чукул. Алар үйдү Ихлас компаниясынан алганын жана парктын аймагында экенин билишпегенин айтышат.

Мэриянын жаңы токтомуна ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Муниципалитет парктын аймагындагы мыйзамсыз курулушту тазалоодо мыйзам чегинде гана иш алып барарын билдирип, андагы үй ээлерине 30 күн убакыт берди.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылып, жалпы сейил бакта 198 объект мыйзамсыз курулганын буга чейин айткан:

«Жалпысынан парктын аймагына курулган 198 объект тууралуу сөз болууда. Башында 150 болчу, андан кийин 168 болду, акыркы такталган маалыматтар боюнча 198 объект болуп чыкты. Чечимге ылайык, булардын баары мыйзамсыз. Айрым иштер боюнча биз сотко берип, чечим чыгарабыз. Азыркы тапта сейил бакта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот. Болбосо сот органдары жана дагы башка укук коргоо органдары аркылуу ишке ашырабыз”, - деди калаа башчысы.

Жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги карала турган болду. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканын кошумчалады.

Парктагы курулуш
Парктагы курулуш

Бул маселе парламентте дагы көтөрүлдү. Депутат Бакыт Сыдыков Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда жер басып алгандардыкы мыйзамдаштырылып, ал эми ошол кезде мэриянын чечими менен жер алгандардын турак жайы бузулса туура эмес болорун айтып чыкты.

“Кантип ал жактагы үйлөрдү түрттүрөсүңөр? Мен түшүнбөй жатам. Азыркы мэр мыйзамсыз болгон деп жатат. Мурдагы мэрлер болсо мыйзамдуу болгонун көрсөтүшкөн. Элдин тагдыры эмне болот? Мыйзам, мыйзам деп атышат. Анда жерди өз алдынча басып алгандарга эмнеге амнистия бердик. Ал дагы мыйзамсыз болгон".

Ал эми депутат Талант Мамытов болсо жер берген жетекчилерди жазага тартып, келтирилген зыянды толтурууну сунуштап жатат. 1999-жылы мэр болуп дайындалган Медетбек Керимкулов, 2005-жылы келген Арстанбек Ногоев, андан кийинки 2007-жылы бир жыл мэр болгон Данияр Үсөнов, 2008-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Нариман Түлеевдин учурунда Ататүрктөгү жер тилкелери берилгенин журналисттер аныкташкан.

Аты аталган мурдагы мэрлерлен комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Колдон колго өтүп кеткен үйлөр. Маселе кантип чечилет?

Талаштуу маселенин кандай чечилери көпчүлүктү кызыктырып турат.

Жарандык активист, бир учурда Бишкек мэриясынын сейил бактар боюнча бөлүмүн жетектеген Калича Умуралиева борбор калаадагы парктар, алардагы жерлер жеке колдорго кантип өтүп кеткенин иликтеп, китеп жазган. Китепти экология жөнүндө эмес, мыйзамсыз иштердин схемасын ашкерелеген детективге айланып кетти деп тамашалаган Умуралиева эртеби-кечпи Ататүрктөгү көйгөй көтөрүлмөктүгүн белгилейт. Ал эми учурдагы кырдаалды чечүү үчүн эл аралык тажрыйбаны колдонуп, жашыл зонада жашагысы келгендерге салыкты көбөйтүү зарыл экенин айтууда:

“Парк зоналарында жашагандар салыкты көп төлөш керек. Биз 1 чарчы метрге 1,50 сом жер салыгын төлөп жатпайбызбы. Бул эми арзан. Кимдир-бирөө паркта жашагасы келеби, жашай берсин. Бирок салыкты көп төлө. Мисалы, чарчы метрине 1500 сомдон төлөгөндөй кылыш керек. Ошондо ал жакта ким жашагысы келгенин көрөт элем”.

Журналист Метин Жумагулов болсо мэрия маселени чечиши керектигин, бирок ал жакта жер тилкени сатып алган катардагы тургундардын укугунун тебеленишине жол бербөө зарылдыгын белгилейт:

“2019-жылы биз иликтөө кылган учурда ал жактагылардын көпчүлүк бөлүгү колдон-колго сатылып кеткенин аныктаганбыз. Башында алган кожоюндары жок. Бул жердеги айрым жашоочулар мэрия жер тилкелерин Жер кодексин одоно бузуп, таратканын билбеши мүмкүн. Алар үй сатып алганы үчүн күнөөлүү эмес деген маселе чыгат. Мындай учурда укуктук мамлекетте баары сот аркылуу чечилиши керек. Соттун чечимине жараша мэрия кенемте төлөп бериши керек. Бирок андай болоруна ишенбей турам. Себеби, жер тилкелери, үйлөр көп жана кымбат. Ага көп каражат керек. Албетте парк баштапкы калыбына келсе жакшы болмок. Маселе татаал. Жаран жана активист катары турак үйлөрдү сүрдүрүп, парк кылса дейт элем. Бирок аларга кенемте төлөп берилиши зарыл".

Парктын айланасындагы жер үйлөр
Парктын айланасындагы жер үйлөр

Ататүрк паркынын тарыхы

Мэрия 1992-жылдагы 107 гектар парк аймагы аныкталган картаны, документ менен көрсөтө элек. Эми жанатан бери кеп кылып жаткан Ататүрк сейил багынын тарыхы жана маанисине токтолсок:

Азыркы Ататүрк атындагы парктын пайдубалы 1958-жылдары түптөлгөн. Азыркы дүпүйгөн бак-дарактар ошондо тигиле баштап, аянты болжолдуу түрдө 5 гектардай болгон. Кийин 1963-жылы парк аянты бир топко кеңейтилип, «Достук» деп аты өзгөртүлөт. 1972-жылы «Кыргыз ССРине 50 жыл» деп аталып баштаган. Бул жылдардагы парктын так аянты жөнүндө ачык булактарда маалымат жок.

1992-жылы ошол кездеги мэр Өмүрбек Абакировдун №225 токтому менен анын аянты 107 гектар деп белгиленет. Бирок ошол учурда деле парк аймагына ар кандай мамлекеттик мекемелердин курулуштарына уруксат берилген экен. 1996-жылы паркты өнүктүрүү үчүн азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк фондуна 49 жылга ижарага берилет. Ошентип аты дагы Ататүрк деп өзгөртүлөт.

Парктын аймагын сактап калууга Ататүрк фондунун деле чамасы жетпейт. Анын аймагында курулуштар улана берген. 2002-жылы өкмөт паркты тарыхый-маданий эстелик деп жарыялап, ал өзгөчө корголуучу объектке киргизилген. Өзгөчө корголуучу обьект делгени менен ошол 2000-жылдардан кийин сейил бактын аймагынан жер берүү күчөп, жеке адамдар дагы ала баштаган. Андан бери Ататүрк паркындагы жер боюнча соттошуулар, курулуштарга тыюу салуу аракети болуп келген. Бул жолу дагы Бишкектин жашыл аймагы үчүн талаш-тартыш бир топко созулчудай болуп турат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG