Евробиримдик Кыргызстанда жарандык коом менен медианы чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.
25-июнда президент Садыр Жапаровдун алгачкы жолу Бельгияга расмий сапары маалында кол коюлган жаңы келишим көптөгөн өз ара пайдалуу багыттар боюнча саясий диалогду бекемдөө жана кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жаңы укуктук негизди түзөрү белгиленди.
Бул багыттар – соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана байланыш, изилдөө жана инновация, билим берүү, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү, мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары жана жарандык коом.
Мындан тышкары, бул келишим тышкы саясат жана коопсуздук саясаты, анын ичинде чыр-чатактарды болтурбоо жана кризистик башкаруу, коркунучтарды азайтуу, киберкоопсуздук, аймактык туруктуулук, куралсыздануу, курал-жаракты жайылтпоо, көзөмөлдөө жана экспорттук көзөмөл боюнча кызматташтыкты чыңдоого мүмкүндүк берери, экология жана санарип жаатындагы кызматташтыкка да мүмкүнчүлүктөр ачылары маалымдалды.
Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел жаңы келишим алакаларды бекемдөөгө жана тереңдетүүгө жол ачарын белгиледи:
"Жаңы геосаясий жана экономикалык реалдуулукту чагылдырган орток баалуулуктарга жана кызыкчылыктарга негизделген "Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишим эки тараптуу байланышты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө дилгирлигибизди көрсөтөт. Биз Кыргызстан менен адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди мындан ары коргоонун үстүнөн иштөөнү, ачык демократиялык коомдун таянычы болгон жарандык коом менен кызматташууну сүрөөнгө алууну улантабыз", - деп белгиледи Боррел.
Шаркеттин соода боюнча еврокомиссары Валдис Домбровскис жаңы документти эки өлкөнүн "экономикалык жана соода алакаларындагы жаңы барак" деп сыпаттады.
"Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндөгү келишим Евробиримдиктин Кыргызстан менен экономикалык жана соода алакаларындагы жаңы барак болуп калды. Документке соода жана туруктуу өнүгүү тууралуу дымактуу беренени киргиздик. Ал ачык жана адилет атаандаштыкка өбөлгө түзүүнү көздөйт, кыргызстандык кардарлардын жана чакан, орто бизнестин пайдасына иштейт, - деди Домбровскис. - Бул келишим аркылуу соода агымын жана кызматташтыкты кеңейтүү менен шаркеттин жана Кыргызстандын бизнесине, инвесторлоруна көбүрөк шарт түзүүгө жардам берүүдөбүз. Бул өнөктөштүк жаңы жана мурдагыдан жакшырак жумуш орундарын түзүүнүн, экономикалык өнүгүүгө шыкак болуунун эсебинен биздин региондордун гүлдөшүнө жол ачат", - деди еврокомиссар келишимге кол коюлгандан кийин.
Жаңы макулдашуу Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишимди жаңылап, аны учурдагы шартка ылайыкташтырары буга чейин айтылган эле. Анда Кыргызстанда жана аймактагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен экономикалык жана соода тармактагы укуктук базаны жакшыртуу каралган.
Бишкек Брюссел ортосунда жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөр соңку төрт-беш жыл бою жүргөнү белгилүү.
Адам укуктары жана демократия
Стратегиялык жаңы документте Кыргызстандагы реформаларды жана модернизациялоо жараянын колдоонун бекем потенциалы белгиленген. Макулдашууда белгиленгендей, эки тарап тең адам укуктарын жана фундаменталдык эркиндикти жайылтууну бекемдеп, демократиялык принциптерди, мыйзам үстөмдүгүн урматтап, эффективдүү мамлекеттик башкарууну, ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Келишим жарандык коомду чыңдап, ачык демократиялык өлкө курууда анын экономикадагы, социалдык жана саясий айдыңдагы ролун арттыруудагы кызматташтыкты чыңдайт.
Еврокомиссиянын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Питер Стано жаңы келишимде адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн алган милдеттемелер да камтылганына токтолду.
"Биз Кыргызстан менен адам укуктарын, негизги эркиндиктерди коргоону мындан ары күчөтүүнү, жарандык коом менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантабыз. Себеби бул - ачык демократиялык коомдун, биздин принциптердин маанилүү бөлүгү. Үчүнчү өлкөлөр менен кандай гана келишим түзбөйлү, андай принциптер сөзсүз эске алынат, - деди Стано. - Биз адам укуктарын, негизги эркиндиктерди коргоону күчөтүү жана жарандык коом чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп келген маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтабыз", - деди Еврокомиссиянын тышкы саясий мекемесинин өкүлү "Азаттыктын" суроосуна жооп берип.
Бир учурда Евробиримдик Кыргызстанды Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөргө умтулган аймактагы өнөктөш катары сыпаттаса, соңку учурда кыргыз бийлигинин жарандык коомду, медианы чектеген демилгелерине тынчсызданып келет.
Быйыл жазында “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышын, талкууланып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун, 11 журналисттин жапырт кармалышын, оппозициялык жана жарандык активисттердин кысымга кабылганын Брюссел кескин сындап, кыргыз бийлигин мыйзам үстөмдүгүн орнотууга үндөп жатты.
Былтыр 13-июлда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюцияга добуш берген. Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.
Страсбургдагы жыйында Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешинин мүчөсү болуп шайланганда адам укуктарын эл аралык деңгээлде колдоого милдеттеме алганы, бирок өлкөнүн өзүндө “авторитаризме карай регресске ыктап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун эркиндигин чектеп жатканы алган милдеттемесине төп келбейт” деп айтылган.
Буга удаа эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, өлкө жогоруда көтөрүлгөн маселелерге артыкчылык берерин белгилеген.
"Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда" - деп жазылган билдирүүдө.
Брюсселде жайгашкан "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" уюму Кыргызстанда "жарандык эркиндикке кысым күчөп турганына карабай Евробиримдик жаңы келишимге кол койгону турат" деп сындады.
Саясат таануучу Чынара Эсенгул Кыргызстандын жетекчилери европалыктарга өзүнүн айрым чечимдерин жана тышкы саясаттагы принциптерин түшүндүрүп, алардын колдоосун бекемдеп келсе жакшы болмок деген пикирин билдирди:
“Коомдун өнүгүүсү үчүн, албетте, ачык коом, жарандык коомдун позициялары эң маанилүү. Мыйзам кабыл алынганда дагы Кыргызстандагы демократияга бир топ сокку болду. Биздин лидерлер ошол нукта дагы пландары менен бөлүшсө, европалыктар бизди түшүнсө, өзүнүн колдоосун улантса жакшы болмок. Туура, демократиялык коомду өнүктүргөнгө биз дагы өзүбүздүн ойлорубузду сунушташыбыз керек. Анан албетте, саясий коопсуздук маселеси бар. Азыр адамзат жалпы дүйнөдө жагдай оор. Анткени блокторго бөлүнүп – Орусияны Кытай менен чогуу колдогон жана Батышты колдогон нукта өнүгүп жатпайбы. Ошол жагын эске алганда, Кыргызстан дагы өзүнүн көп тараптуу тышкы саясаттагы позицияларын айтышы керек. Мисалы, жакында эле Швейцарияда өткөн тынчтык форумуна Кыргызстан катышкан жок. Катышпасак дагы “биз жалпы согушту колдобойбуз, ошол эле маалда Орусия - биздин стратегиялык өнөктөш” деп, тышкы саясатта көп тараптуу саясат жүргүзгөн принциптерин европалыктарга дагы бир сыйра түшүндүрүш керек деп ойлойм. Алардын өзүнүн көз карашы бар”.
Экономика жана соода
Кыргызстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүндө Европа өлкөлөрүнүн үлүшү 10% түзөт. Экспорттун 21% Европага кетет. 2022-жылы Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү кескин кыскарып кеткен. Бирок 2023-жылдан тарта соода жүгүртүү кайра 3,4 эсеге көбөйгөн. Соода алакасында эң ири көрсөткүчтөр Германия, Улуу Британия, Швейцария, Франция, Италия жана Бельгияга туура келет.
Евробиримдик 2016-жылы Кыргызстанга ВСП+ макамын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген. Анын алкагында Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн рынокторуна жеңилдетилген шартта чыгууга болот. Арийне, ал программаны Кыргызстан толук кандуу колдоно албай келет.
Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу, ишкер Марат Жаанбаев дүйнөдөгү геосаясий жагдайлардан улам ВСП+ программасы кыргыз экспорттоочулар үчүн ыңгайлуу өбөлгө түзүп жатканын айтат. Ал программага кирген постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстандын товарлары Европанын базарларында атаандаштыкка жөндөмдүү экенин белгилейт:
“Учурда Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосунда соода-экономикалык байланыштар аябай өсүп жатат. Себеби геосаясий окуялардан улам мурун Евробиримдиктин бизнес-компанияларынын кеңселери көбүнчө Орусияда болуп, Кыргызстанга товарларды Москва же Петербургдан ташычу же соода алакалары Орусия аркылуу түзүлчү. Азыр санкциялар болгондуктан, көбүнчө Евробиримдикке кирген мамлекеттер Борбор Азияга, ошонун ичинен Кыргызстанга кызыга башташты. Мисалы, жөнөкөй статистика боюнча алганда, былтыркы жылга салыштырмалуу азыр Чехия менен Кыргызстандын ортосундагы соода алака 2700% өсүп кеткен. Албетте, Евробиримдикте “Кыргызстан Орусияга санкцияларды буйтап өткөнгө жардам берип жатат” деген сынчылар бар. Бирок ал тастыкталган маалымат эмес, аны эч ким далилдеп бере алган жок. Болгону логикасы ошондой, мурун кыргызстандык ишкерлер Орусия же Украина аркылуу иштесе, азыр эми түздөн-түз алака түзүлүп калды. Ошол себептен азыр геосаясий абалга байланыштуу Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда мамилелер өнүгүп-өсүп жатат”.
24-июнда Евробиримдик Орусияга салынган санкциялардын 14-пакетин бекитти. Анда Кыргызстанда катталган эки компания бар экени жазылган.
“Азаттыктын” колуна тийген тизмеден дареги Кыргызстанда көрсөтүлгөн эки ишкананы көрүүгө болот. Биринчиси "Мюллер Маркт" жоопкерчилиги чектелген коому, экинчиси "ПроффЛаб" жоопкерчилиги чектелген коому деп аталат.