Президент Садыр Жапаров "Кемпир-Абад иши" боюнча 22 саясатчы жана активисттин акталышына байланыштуу комментарий берди. Ал соттун чечимин сыйлоо керектигин айтып, бирок, бул иш боюнча айыпталгандар элди адаштырышкан деп эсептерин билдирген. Эгер ал өзү соттун орунда болсо жаза бермектигин кошумчалаган. Бул тууралуу президент 15-июнда "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде айтты.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков "Кемпир-Абад иши" боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активистти актаган. Соттун чечими күчүнө киргенче тергөө абагындагыларынын баарынын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, дароо камактан бошотулган.
Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу, азырынча белгисиз.
Эл аралык уюмдар соттун актоо чечимин кубаттады.
Дегеле соттун чечими коомдо кандай кабылданып жатат? Бул иштин логикалык уландысы кандай болушу керек? Саясий өңүттөгү иштер менен камакта жатат делген башка активист, журналисттердин иштери эмне болот?
Сот чечиминен кийинки пикирлер
Президент Садыр Жапаров 22 саясатчы жана активисттин акталышына байланыштуу пикирин бир күндөн кийин "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди. Анда ал соттун чечимине эч кандай тиешеси жок экенин айткан:
"Албетте, менин эч кандай тиешем жок. Сот – бийликтин өзүнчө бир бутагы. Мен башынан бери эле соттун ишине кийлигишкенге эч кимдин акысы жок деп айтып келе жатам го. Соттун чечимине баарыбыз баш ийишибиз керек. Ал мыйзамдуубу же жокпу аны сындаганга да акыбыз жок. Сот кандай чечим чыгарбасын, ал туурабы же туура эмеспи, макул болушубуз керек”.
14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар да чечим алар үчүн күтүүсүз болгонун билдиришкен.
“Кемпир-Абад иши” боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков сот залынан чыгып баратып, ага чечим күтүүсүз болгонун, абактагылардын иш-аракеттери мыйзамдын алкагында болгону далилденгенин билдирди.
“Мен мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Мына, керек болсо түрмөдөн чыгып жатканда сумкаларымды таштабай, кайра түрмөгө келем деп даярданып келгем. Бирок, сот адилеттүү чечим чыгарды. Кандай негиз менен чыгарганын биз билбейбиз. Бирок, биз эч убакта күнөөлүү эмес болчубуз. Биз үчүн күтүүсүз чечим болду. Соттун чечими азыр биздин күнөөлүү эмес экендигибизди, биздин бардык болгон мүмкүнчүлүгүбүз мыйзамдын негизинде болгонун толугу менен далилдеди”.
Айыпталуучулардын дагы бири Азимбек Бекназаров соттун чечиминде кандай гана боёк болбосун, мыйзамдуу жана адилеттүү өкүм чыкканы маанилүү экенин белгиледи.
“Канчалык кыйын болбосун, сот акырына келгенде мыйзамдуу, акыйкат чечим чыгарды. Чечимде кандай гана боёк болбосун, бүгүн мыйзамдуу, адилеттүү актоо өкүмүн алганыбыз бизге белгилүү. Бизге ошол маанилүү”.
Ал эми Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кемпир-Абад иши боюнча соттун актоо чечими адилеттүү болгонун айтты. Андан тышкары “кемпирабадчылар” толук реабилитацияланып, мамлекеттен кенемте алууга укуктуу экенин кошумчалады.
“Мыйзамсыз иш козголгондор, мыйзамсыз кармалгандар, биз ошондон жабыркаганбыз. Моралдык, материалдык жактан жабыркадык да. Ошонун баарын биз азыр мамлекетке доо кылганга укугубуз бар. Доо берип, мамлекеттен кенемте алганга укугубуз бар. Бирок, азырынча сот чечими күчүнө кире элек. Өзүңөр билесиңер, прокуратура тарабынан апелляциялык даттануулар болушу мүмкүн. Алар 20 жыл сурагандан кийин сөзсүз түрдө апелляциялык даттануулар болот го дейм. Ошон үчүн азыркы күндө акыркы чекит коюу дагы эрте”.
10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискациялоону сураган.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова судья Марат Сыдыковдун ушул чечимин сот системасынын тарыхындагы бурулуш жасаган окуя катары баалады.
“Биринчи камалган күндөн баштап “балдар туура эмес камалды, туура эмес кылмыш иши козголду, иштин тергөөсү өтө мыйзам бузуулар менен жүрүп жатат” деп, аны бир нече жолу кайрылып, эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жетекчилерге чейин айтып келгенбиз. Бирок, бүгүнкү соттук системаны көрүп, мындай актоочу чечим чыгат деп үмүт кылган эмеспиз. Жок дегенде эркиндигинен ажыратпаган чечим чыкса экен деп, ошону күткөнбүз. Прокурорлор 20 жыл мүлкүн конфискациялоо менен деп сураганына карабастан, ушундай эр жүрөктүүлүккө, чечкиндүүлүккө барып, актоо чечимин чыгарат деген – бул Кыргызстандын тарыхындагы, балким сот системасындагы бурулуш катары бааласак болот”.
Анткен менен президент Садыр Жапаров "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандардын күнөөсү болгон деп эсептейт. Ал өзү сот болсо аларга кандайдыр бир жаза бермектигин айтты.
“Негизи мен дагы эч кандай комментарий бербешим керек. Бирок эми соттун чечими чыккандан кийин пикиримди билдире берсем болот. Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация. Себеби булар жарымы келип аткан Кемпир-Абадды кетип атат деп элдин башын адаштырып, аларды шыкактап көчөгө чыгарып, бийликти сүрүп түшөлү деген сөздөрү интернет булактарында желдей тарап жүрбөйбү. Буларды Кемпир-Абаддын тагдыры кызыктырбайт. Буларга кресло – кызмат орду гана керек. Кандай гана жолдор менен болбосун, креслого жетип, илгеркидей эле миллиарддарды уурдасак деп самашат. Бирок андай кыялдары ишке ашпайт. Азыр эл дагы, заман дагы таптакыр башка. Илгеркидей кыйкырчаактарды, жарма патриотторду ээрчип кетпейт. Эл өздөрү талдаганды, өздөрү ой жүгүрткөндү үйрөндү. Кемпир-Абадды бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек тарап 50/50 башкарып жатабыз. Азыр 3 адам бизден, 3 адам өзбек тараптан болуп плотинада олтурушат. Бирге башкарып жатабыз. Чечимдерди биргелешип кабыл алабыз. Мындан ары ушундай болот” , - деген Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде.
"Бул - актагандык эмес, ырайым"
Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бир жыл сегиз айга созулган тергөө иштери жана абакта кармоо “кемпирабадчыларга” карата тарбия иши болду деп эсептейт. Ал “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө сүйлөп жатып, эркиндикке чыгаруу бийликтин аларды актагандыгы эмес, ырайым кылгандыгы экенин билдирди.
“Сот деген сот. Сот деген бийликтин бутагы. Судья деген ошондой чечимдерди кабыл алат. Мен аны комментарий кыла албайм, “туура кылды, туура эмес кылды” деп да айтканга укугум жок. Биз ал судья Марат Сыдыковдун (чечимин) кабыл алабыз. Албетте, биздин көпчүлүк элибиз үчүн дагы сүйүнүч, кубаныч. Анткени, бардыгыбыз акпейилбиз, бардыгыбыз ошондой 870 күн жатса биз деле, албетте кандайдыр бир кылмышкер болгон күндө деле, өздөрүн аябасак дагы, үй-бүлө мүчөлөрүн аяйбыз. Бирок, мен айтып коюшум керек, булардыкы чын болуп чыкты деп айтпашыбыз керек. Тескерисинче, азыр элдин 95%ы адам катары, кошуна, тууган, замандаш катары булар үчүн сүйүнсө, бирок негизги сабак – “Кемпир-Абад”, чек ара боюнча бийликтики чын болгон. Жана бийлик азыркы учурда минтип чыгарып койгону буларды актагандык эмес, ырайым кылгандыгы”.
Райондук соттун чечимин “саясий чечим” деп баалагандар да бар. Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков буларды белгиледи.
“Бул - саясий чечим. Албетте, бул - саясий чечим. Биз баарыбыз билебиз, Кыргызстанда сот системасы түзүлө элек. Бул абдан оор. Кыргызстан эле эмес, мына Америкада деле көрүп жатасыңар, мисалы Трампка каршы иштер болуп жатат, Европада деле ушундай. Саясатта мындай көрүнүштөр боло берет. Бирок, бизде карапайым адамдарга болуп жаткан соттордо дагы жакшы болуп жатат деп айтканга болбойт. Ошон үчүн, биринчиден, бул - саясий чечим. Экинчиден, бул абдан жакшы саясий чечим деп эсептейм. Биздин президент Садыр Жапаров абдан акылдуу киши. Эмнеге? Бул кишини эмоциялар алып кетет экен кээде. Кээде эмоциялар басып, эмоциялардын астына жатып калат экен. Бирок, кийин кичине ойлонуп, эмоциялардан өтүп, туура чечимдерди кабыл аларын биз көрүп турабыз”.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын арасынан 22 кишинин сотто акталып чыгышын кубаттаган билдирүү таратты. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча директору Мари Стразерс 14-июндагы билдирүүсүндө сот чечимин адилеттиктин жана адам укугунун жеңиши деп атады. Amnesty International уюму жана башка бир катар эл аралык абройлуу уюмдар бийликти бул ишти токтотууга, камактагыларды токтоосуз боштондукка чыгарууга буга чейин чакырып келген.
Башка иштер эмне болот?
Кыргызстанда талаш жараткан жана саясий өңүтү көбүрөөк талкууланган дагы бир катар кылмыш иштери бар. Он бир иликтөөчү журналисттин, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун, активист Афтандил Жоробековдун, жазуучу Олжобай Шакирдин, акын Аскат Жетигендин жана социалдык тармактарда сын-пикир айткан дагы бир катар активисттердин иши жергиликтүү жарандык коом менен эл аралык укук коргоо уюмдарынын кабатырлануусун жаратып келет.
Абакта жаткан иликтөөчү журналист Актилек Капаровдун апасы Кундузбү Маматова социалыдк тармактагы баракчасына "кемпирабадчылардын" соту сыяктуу 11 журналисттин иши да токтотулса деген үмүтүн жазды.
"Бүгүн 11 журналистин соту болду, бирок бүтпөй, калганы кийинки жумага калды. Үйгө келип Фейсбуктан "кемпирабадчылардын" акталып чыкканын угуп абдан кубандым. Ооба, чарчаганым деле унутулуп, Актилегим чыккандай сүйүндүм. Жакшылыкка жакшылык уланып, "кемпирабадчылардын" артынан 11 журналист да азаттыкка чыкса экен деп үмүт-тилек кылып отурамын. Азаттык жугуштуу болсун, бардык балдар, журналистер азаттыкка чыкса экен".
Ал арада мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкканы белгилүү болду. Мындай чечимди активисттин баш коргоо чарасын 15-июнда караган Ленин райондук соту кабыл алганын анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди.
Маалыматка ылайык, сот жараянынын жүрүшүндө адвокат Жоробековдун ишинде мыйзамсыз чакырыктарды экспертиза аныктабаганын жүйө кылып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырды.
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев “кемпирабадчылардын” чечиминен кийин саясий өңүттөгү дагы башка сот иштерине да чекит коюлушу зарыл деген пикирин билдирди.
“Ушул иштердин баары бүтсө жакшы болот эле. Кезекте журналисттер бар, Мадумаров бар, ошол саясий иштердин баарын бүтүрүш керек. Акташ керек. Ошондо коомчулукта бир ачуу, тирешүү азаят. Ушул иштердин баарын кыскартып, жокко чыгарып таштап, “келгиле чогуу иштейбиз” деп аракет кылса, алдыга жылалы деген саясат болсо жакшы болот. “А” дегенден кийин, “б” да деш керек. Эгер бир ишти баштап туруп, эртең Мадумаровду калтырып койсо, бул таптакыр кыйшык болуп калат. Журналисттер камалып кетсе таптакыр башка болот. Анткени, булар баары бирдей сценарий менен жасалган, жол-жобосу бирдей. Ошондуктан, бир кадам жасагандан кийин, экинчи кадамды да жасалышы керек”.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду.