Шаршембинин кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү федералдык өкмөттү каржылоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып, 43 күнгө созулган шатдаун токтоду. Андан көп өтпөй мыйзамга АКШнын президенти Дональд Трамп кол койду.
Мыйзамга ылайык, эми 43 күндөн бери эмгек акысын ала элек көптөгөн мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине компенсация толук төлөнөт. Шатдаун убагында жумуштан бошотулган мамлекеттик кызматкерлер кайрадан кызматка алынат жана аз камсыз болгон америкалыктар үчүн азык-түлүк боюнча жөлөк пулдар кайрадан берилет.
Бул шатдаун АКШ тарыхындагы эң узун деп бааланып, өкмөттүн иши жарым-жартылай 40 күндөн ашык убакытка токтоп калды. Мурдагы эң узун шатдаун 2019-жылы Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө болуп, 35 күнгө созулган.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. (BTo)
Шерине