Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Brand house компаниясынын директору алдамчылыкка шек саналып кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Brand house курулуш компаниясынын башкы директору (Э.Н.) алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ушул жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү башкы прокурорго жамааттык арыз жазган. Алар кайрылуусунда Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине - “Хан-Строй” ишканасынын башкы директору (Э.Н.) жана башка адамдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Жабырлануучулар курулуш компаниясы Бишкек мэриясынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери жок туруп 2021–2024-жылдары үлүшчүлөрдөн көп суммадам акча алып, турак-жайды бүтүрүп бербегенин жазышкан.

Бул факты боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөдө 38 жаштагы Э.Н. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Brand house ишканасынын социалдык тармактардагы баракчаларында Нурлан Эшбаев компаниянын директору деп көрсөтүлгөн. Акыркы маалымат боюнча анын жакындары менен адвокаты же Brand house комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG