Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Министрлик Кыргызстан уй, кой эти менен өзүн толук камсыздай аларын билдирди


Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.
Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан ушул тапта уй жана кой эти менен өзүн толук камсыздай аларын билдирди. Ал эми тооктун эти чет жактан импорттолот. 2025-жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок эти сырттан ташылып келет деп пландалган.

Жакында эле Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.

Мекеме мындай чечим эттин баасынын кымбатташын, алып-сатарлык иштердин алдын алуу, калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын кабарлаган.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленген. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда.

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга да убактылуу тыюу салган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG