Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ташиев майнинг фермалар 2026-жылдын март айына чейин иштебей турганын айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бардык майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебей турганын билдирди.

Бул тууралуу ал Region телеканалына берген маегинде айтып, мындай чечим энергетика министри Таалайбек Ибраев менен бирге кабыл алынганын кошумчалады. Майнинг ферманы иштеткенге аракет кылгандар жазага тартыларын белгилеп, өлкөдөгү энергетикалык абалга да токтолду.

“Министр да айтты мамлекетте “веердик” өчүрүү деген болбойт. Эч бир жерде, атайын эч ким жарыкты өчүрбөйт. Жарык Кудайга шүгүр жетет. Ошондой болсо да электр энергиясын үнөмдүү пайдаланалы деп баарыбыз кайрылып атабыз. Урматтуу президентибиз, министрлер айтып жатат. Туура, суу аз элекр жарыгын өндүрүрүү азайды. Ошого карабастан быйыл кыштан чыгып кетебиз”, - деди ал.

Камчыбек Ташиев орто мектептерде сабак бүтөөрү менен класттарда электр жарыгын өчүрүүгө каршы экенин, окуучулар үйлөрүнө тарап кеткенге чейин жарыкты өчүрбөй турууга чакырды. Агартуу министрлиги окуу процесси аяктагандан кийин (бардык сабактар бүткөн соң) 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөн соң жарыкты өчүрүү керектигин билдирген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жаткандыктан, бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын жарыялаган.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн билдирип келет.

Кыргызстанда энергетика системасына байланыштуу талкуу президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абал, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин күчөгөн.

10-ноябрда мурдагы президент, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG