Президент Садыр Жапаров Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыктарын жокко чыгарды. Буга байланыштуу өзү жана администрациясы түшүндүрмө берген жок. 2022-жылы кол коюлган жарлыктагы тыюунун мөөнөтү буга чейин эки ирет жылган.
Тоо-кен тармагындагы айрым адистер ошондо эле жарлыкты чыгарардан мурда аны аткарууга даярдык керектигин, рудадан алтын бөлүп алуу технологиясы татаал болорун, ар бир кендин өзгөчөлүгү эске алынышы зарылдыгын айтышкан.
Садыр Жапаров алтын рудасы менен концентратты сыртка ташууга тыюу салган биринчи жарлыгына 2022-жылы октябрда кол койгон. Документте бул тыюу 2023-жылы май айынан тартып күчүнө кирет деген жобо болгон. Бирок 2023-жылы мартта сыртка ташууга тыюу салуунун мөөнөтүн жылдын аягына чейин узарткан.
Президент ушул жылдын башында мөөнөттү дагы өзгөртүп, алтын камтыган руда менен концентратты сыртка чыгарууга тыюуну ушул жылдын июль айынан баштоо тууралуу дагы жарлык чыгарган.
Президенттин басма сөз кызматы 10-июнда Садыр Жапаров жогорудагы жарлыктарынын баарын жокко чыгаруу тууралуу дагы бир жарлык чыгарганын маалымдады. Буга байланыштуу президент дагы, анын администрациясы дагы түшүндүрмө берген жок. Кыргызстанда эми руда ташууга келечекте тыюу салынабы же жокпу деген суроо ачык турат.
Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жарлыктардын жокко чыгарылышын иш маалындагы кадыресе көрүнүш катары сыпаттады. Ошол эле маалда президентке кеп-кеңеш берген адистердин катасы болушу мүмкүндүгүн белгиледи:
"Бул чечим адистердин сунушун эске алып кабыл алынса керек деп ойлойм. Себеби бул рудаларды иштетүүнүн көп жолу бар экен. Айрым бир рудаларды иштетүүдө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетпейт экен. Ошондуктан президент ушундай жолго барды окшойт. Иште жаңылыштыктар дагы болот, иш жүргөн жерде дайыма өзгөрүүлөр дагы болот. Коом өзү бир жерде турбайт экен, бүгүнкү маселе эртең башкача болуп калат экен. Эми мен азыр рудаларды иштетүү жагынан адис болбогондон кийин мындан так айта албайм. Балким, учурунда бул тармакты жакшы билген адистер туура эмес сунуш берип коюшкандыр, бирок азыр маселе терең каралып, ошонун негизинде ушул чечим кабыл алынса керек деп ойлойм".
Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков мындай жарлык чыгарылганда кен тармагындагы соңку абал, эксперттердин пикири эске алынбай калганын айтып келген:
"Учурунда биз деле далай жолу айтканбыз, концентрат менен руданы сыртка алып чыгууга тыюу салуу шашылыш чечим болуп калды дегенбиз. Себеби мындай чечимдердин баарын адистер даярдап алып келет да. Тилекке каршы, туура эмес даярдалып келген аныктамалардын негизинде туура эмес чечимдер кабыл алынып калган учурлар болуп жатат. Биз, мисалы, ошол мезгилде айтканбыз, Кыргызстанда жылына 18 миң тоннага жакын руда, концентрат сыртка чыгарылат экен, эгер аны токтотуп койсо, компаниялардын алтын чайкаган фабрикалары болбосо, аны кайда алып барып иштетет дегенбиз. Эми бул жагдай алтын компания компанияларга түрткү дагы болушу мүмкүн. Алар эгер концентрат чыгара албай калсак келечекте алтын элөөчү фабрика курушубуз керек турбайбы деп ойлонушу керек. Бирок мындай ой, суроо кандай учурда пайда болот? Ошол кен казган команиянын рудасынын запасы, кору чоң, көп жылдык болсо гана пайда болот. Анткени кайра иштетүүгө көп каражат жумшалат. Ошондуктан алар бардык жагынан эсептешет. Бүгүнкү күндө рудасын жана концентратын сыртка алып чыгып жаткан "Вертекс Голд Компани" менен "Алтынкен" өңдүү чоң компаниялар бар".
Чаткалда Жамгыр кенин казып жаткан "Вертекс Голд Компанини" курган фабрикасынын иши туура эмес болуп калганы, мындан улам иштебей турганы белгилүү болгон.
Андан кийин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул ишкананы текшерип, кылмыш ишин козгогону, Кыргызстандагы жетекчиси камакка алынганы айтылган. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес. Аталган компаниянын кожоюну, казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге былтыр октябрда атайын операция маалында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевди каржылоого байланыштуу Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.
Садыр Жапаров 2022-жылы октябрда руда, концентратка байланыштуу биринчи жарлыгына кол коёр алдында "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" барган. Президенттин басма сөз кызматы анда "мамлекет башчысына заводдун негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, аткарылган иштердин көлөмү, бюджетке төлөмдөр жана социалдык программалар тууралуу маалымат берилгенин, ишкана рудаларды кайра иштетүүгө даярдалып жатканын" билдирген. Комбинатка өлкөдө казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилгени кабарланган.
"Комбинаттын кадрдык потенциалын сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүүчү жаңы өндүрүш ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык өндүрүмдүүлүгү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты иштетүүгө жарайт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартына белгиленип жатат. Садыр Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана "Кара-Балта тоо-кен комбинатынын" потенциалын жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады", - деп жазылган маалыматта.
Бийлик өкүлдөрү Кара-Балта комбинатынын учурдагы абалы, жагдайы тууралуу азырынча маалымат бере элек. Кара-Балта тоо-кен комбинаты 1955-жылы ишке кирген. Өлкө эгемен болгонго чейин бул жайда негизинен уран кайра иштетилип келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган комбинат өкмөткө өткөрүлгөнүн былтыр экинчи элдик курултайда билдирген жана "бутуна тургузабыз" деп убада бергени менен, анын жол-жобосуна токтолгон эмес.
Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, бул комбинатта алтын кошулмалары бар руданы иштетүү долбоору аягына чыкпай калды:
"Президент өзү баш болуп адистер менен Кара-Балта комбинатына барып, ал жакка Орусиядан "Березевский рудник" дегендин жетекчилери келип, ошолор менен жолугуп, алдын ала тапшырмалар берилип, ушул ишканада Кыргызстанда алынган руданы кайра иштетебиз дешкен. Биз ошол мезгилде деле бир чети бул идея туура, бирок экономикасын сөзсүз эсептөө керек дегенбиз. Мисалы, түндүктө жайгашкан кендер менен түштүктө жайгашкан кендердин курамы башка, бөлөк. Алардын ар бирине өзүнчө технологиялык линияларды жайгаштыруу керек дегенбиз. Орусиялыктар менен башталат деген долбоор дагы аягына чыкпай калды. Ушул Кара-Балтадагы комбинатта руда иштетүү маселеси дагы аягын чейин чечилбей калды деп айтсак болот".
Тоо-металлургчулар кесиптик кошууну дагы руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салынса, бир катар кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүн экенин эскертип чыккан. Аталган бирикменин башчысынын орун басары Алмазбек Жакыпов тыюу дароо салынышы мүмкүн эместигин билдирген. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып мындай деген:
"Президенттин жарлыгы күчүнө кирип, бизден эгер концентрат чыкпай калса, ошол концентратты кайрадан иштетип, алтын куймаларын жасоого шарты жок болуп жатпайбы. Анын технологиялык ыкмалары өзгөчө болот экен. Алтын өндүрүү жердин өзгөчөлүгүнө жараша болот экен. Кээ бир жерде жез көп болот экен, кээ бир жерде күмүшү көп болот экен. Алтын бөлүп алууда колдонулган химикаттар ар башка болот экен. Аффинаж заводдору ар бирине ылайыкташтырылышы керек экен. Кара-Балта комбинатында Орусиядан келген адистер концентратты кайра иштетип көрүп жатканына күбө болгом. Ошондо 2-3 грамм алтын чыгаруу үчүн жабдууларды, химиясын даярдашкан. Ошондон ал концентраттын күмүшү азыраак, жези көбүрөөк экен. Ошондуктан "бул жерге цианидди көбүрөөк колдонобуз, азот, азот кислотасы, күкүрт кислотасы дагы колдонулат, булар уулуу заттар болгондуктан эгер ушул жерде руда кайра иштетиле баштаса, ошол жердеги жашыл айлана-чөйрө такыр жерге, чөлгө айланышы ыктымал деген коркунуч бар деп бизди эскерткен. Ошондуктан муну казактар чөлдө жасап жатпайбы. Биздин ажобуздун тегерегинде деле ага кеп-кеңеш берген адистер бар. Ошолордун анча-мынчасы чала-бучук адис болуп калса керек. Көп учурларда билбестик менен деле иш алып барылып жатат да, туура эмес кеңештер берилип калып жатат го дейм".
Буга чейин негизинен Нарын жана Жалал-Абад облустарында алынган алтын рудалары жана курамында күмүш, калай, жез, коргошун сыяктуу түстүү металл кошулмалары экспорттук бажы төлөмүсүз жана салык алынбай чет өлкөлөргө ченемсиз өлчөмдө ташылып жатканы айтылып келген. Анын көзөмөлдөө демилгеси көтөрүлгөнү менен, ишке ашпай жүргөн.
2020-жылы САдыр Жапаров премьер-министр болуп турганда Ала-Бука жана Чаткал райондорунда эл менен жолукканда алтын кошулмаларын сыртка ташууга тыюу салууга убада берген.