- Президент Садыр Жапаров коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган мыйзамга кол койду. Ага чейин ондогон эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, анын ичинен Amnesty International да кыргыз бийлигин бул мыйзамды четке кагууга чакырган. Буга карабастан мыйзамга кол коюлганын сиз кандай кабыл алдыңыз?
- Кыргызстандын эли үчүн кайгырып турам. Amnesty International бул мыйзамды кабыл алуу жараянына жакындан көз салып турду. Биз мындай мыйзамга зарылчылык жок болчу деп эсептейбиз. Өзгөчө региондогу эң жигердүү, жаркын жана креативдүү деп эсептелген кыргыз жарандык коому үчүн мындай мыйзам керек эмес эле.
Өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү Кыргызстандын калкынын бардык катмарларынын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жан үрөп келген. Алар элди суу менен камсыз кылуу, жардам жеткирүү, өкмөттүн ачык-айкындуулугу, бюджеттин сарпталышы, майыптарга көмөк көрсөтүү, балдарга билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, абанын булганышын азайтуу сыяктуу тармактарда иш жүргүзүп келген.
Сиз айткандай, биринчи кезекте Кыргызстандын өзүндөгү адистер олуттуу, жүйөлүү тынчсыздануусун айтышты. Мындан тышкары региондогу гана эмес, Латын Америкасындагы, Африкадагы, Азиядагы байкоочулар, Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачылары да бул мыйзамга камтамачылыгын билдиришти.
Андыктан жарандык коомго кыргыз элинин укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени кейиштүү. Кыргызстанда жарандык коом обочодо калган аярлуу катмарларга жардам берүүдө маанилүү ролду ойноп келген. Бул мыйзам жокко чыгарылат деп үмүттөнөбүз.
- Кыргыз бийлиги бул мыйзам илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо сыяктуу тармактарда иш алып барган уюмдарга таасирин тийгизбей турганын, “саясий ишмердик” менен алектенгендерге багытталганын билдирип жатат. Бир нече күн мурда Amnesty International бул мыйзамдын “көпкө чейин таасир этүүчү олуттуу кесепеттери” болорун эскерткен. Сиздерди кандай кесепеттер тынчсыздандырып жатат?
- Биринчиден, Кыргызстандагы коомдун жана соңку тарыхый келечегинен алып караганда, “чет элдик өкүл” деген термин жарандык коомду жаманатты кылууга жол ачат. Мыйзам чет жактан каржы алгандарды бөлүп алып, расмий документтерде аларга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам тагууну көздөйт. Грузия, Орусия жана Молдова сыяктуу өлкөлөрдөгү биздин досторубуз айткандай, чет элден келген акчаны жарандык коомдун өкүлдөрү өздөрү алып калбайт. Алар “чет элдик өкүл” эмес. Бул терминдин мааниси такыр башка.
Экинчиден, мамлекет тигил же бул уюмду бутага алууну көздөбөшү мүмкүн. Бирок “саясий ишмердик” деген өтө кеңири түшүнүк. Региондон көргөнүбүздөй, мындай жобо каалаган адамга каршы колдонулуп калышы мүмкүн. Бул жоболор жарандык коомдун өкүлдөрүнө жаманатты болбой, эркин иштөөгө тоскоолдук жаратып, аксатат.
Эл аралык укукка ылайык, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн чет өлкөдөн каржы издөөгө жана аны пайдаланууга укугу бар. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин баарында ушундай. Идеалдуу түрдө өкмөт элге керектүү кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандык коом менен чогуу, өнөктөш катары иш алып барышы керек эле.
Бул мыйзам жарандардын уюм түзүү жана ага мүчө болуу укугуна каршы келет. Кыргызстан мындай укукту камсыз кылуучу бир катар эл аралык келишимдерге кошулган.
Эл алдында жарыяланган билдирүүлөрдө бул мыйзам кайсы бир уюмдарды бутага алууну көздөөрү айтылбаса да, иш жүзүндө кандай болорун региондогу тажрыйба көрсөтүп турат.
Бейөкмөт уюмдар жана жарандык коом коррупция маселесин көтөрүп, мамлекеттик бюджеттин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн аракет кылып келет. Тилекке каршы, бул мыйзам Кыргызстан элинин мамлекеттик каражаттардын кандай сарпталып жатканын билип туруу укугун чектеп коёт.
- Президент Жапаров бейөкмөт уюмдарга “эч кандай куугунтук болбой турганын”, айрым өкмөттүк эмес уюмдар чет элдик донорлорду “алдап жатканын”, чет жактан алган каражаттарын “жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына” иштетип жатышканын айтты. Ал бул мыйзам менен бейөкмөт уюмдар “Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүп”, “ачык айкын иштей баштайт” деп белгиледи. Мындай билдирүүгө сиз эмне деп жооп бермексиз?
- Менин эки жообум бар. Биринчиси, жогоруда айтып кеткен ой. Өкмөттүн бюджетти жана мамлекеттик каражатты кандай сарптап жатканы боюнча ачык-айкындуулук азаят деген чоң тынчсыздануу бар. Себеби акча кандай сарпталарына жарандык коом, анын ичинен сиздер сыяктуу медиа каражаттары көз салып келет эмеспи.
Бюджетке жана коррупцияга байланыштуу ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу шарттар болбосо, мыйзам өзү ниеттенген максатка карама-каршы жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.
Экинчиден, дээрлик эки жыл мурда “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, бейөкмөт уюмдарды киреше булагын ачык көрсөтүүгө милдеттендирген талап эбак эле иштей баштаган. Мындай маалыматтар салык мекемесинин сайтында ачык турат. Айтор, жарандык уюмдардын каражаттарынын ачык-айкындуулугу боюнча тиешелүү механизм эбак эле ишке кирген.
Соңку үч жылда Кыргызстанда эркин медиага, сынчыл пикирлерди айткандарга, адам укуктарын коргогон тараптарга басым күчөгөнү белгилүү. Буга сиздердин медиа уюмдун, “Клооп Медиа”, Болот Темировдун окуясын мисал келтирсе болот.
Ниет башкача болушу да мүмкүн. Бирок соңку жылдар ичиндеги кадамдарды эске алганда, позитивдүү таасир тууралуу сөз кыла албайбыз. Тилекке каршы, региондо бул сыяктуу мыйзамдар жарандык коомдун дараметин чектеп койгонун көрүп жатабыз.
- Көп жыл бою Кыргызстан көз карандысыз журналистикасы жана жигердүү жарандык коому менен Борбор Азияда өзгөчөлөнүп турду. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкө дагы деле демократиялык багытынан тайбаганын, жарандык коом күчтүү экенин кайталап келет. Кыргызстандагы кырдаалга жакындан көз салган уюм катары өлкөдөгү медиа эркиндигинин жана жарандык коомдун азыркы абалына кандай баа бересиз?
- Менимче, соңку үч жыл ичинде чоң артка чегинүү болду. Алдыда айтылгандай, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилди; медиа каражаттарына байланыштуу абдан катаал мыйзам долбоору сунушталды; көз карандысыз маалымат каражаттары бутага алынды; Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу нааразылык айткандар кармалды; “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчү 50 баскычка артка кетти.
Корутундулай турган болсок, соңку 2,5-3 жыл ичинде кескин артка чегинүү катталды. Ошентсе да, Кыргызстандын жарандык коому бул мыйзамга каршылык көрсөтүүдө. Биз аларга тилектештик билдирүүнү улантабыз.
- Маегиңиз үчүн рахмат!