Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Шайлоо: Эки талапкер жана бир жаранга айып пул салынды


Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер Темирлан Айтиевге (№20 шайлоо округу) жана Илимбек Кубанычбековго (№7 шайлоо округу) үгүт шарттарын бузган деген негизде 7,5 миң сомдон айып салынды.

Бул маселени БШК 18-ноябрдагы жыйынында карап, чечим чыгарды. Мындан сырткары Facebook социалдык тармагында №30 шайлоо округунан талапкер Ырысбүбү Мөндүрбаеванын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жасаганы үчүн Мухара Сатыбалдиевага 12,5 миң сом айып салынды.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттаган, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу, эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG