Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ажыкулов: Бийлик ачыктыкка өзгөчө көңүл буруш керек


Темирбек Ажыкулов
Темирбек Ажыкулов

14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп, алты айдагы Кыргызстандын экономикалык-социалдык абалы талкууланды. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров өлкөдөгү өндүрүш, тоо-кен жана бир катар тармактардагы көрсөткүчтөр жакшырганын белгиледи.

Аткаруу бийлигинин жарым жылдагы ишинин жыйынтыгы жана айтылган маалыматтар боюнча экономист, Сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин төрагасы Темирбек Ажыкулов «Азаттыкка» маек курду.

- Темирбек мырза, бүгүнкү жыйындагы негизги жыйынтык өкмөт буга чейинки амбициялуу пландарды өз нугунда аткарып жатканы айтылып, экономикалык өзгөрүүлөр күтүлүп жатканы кабарланды. Өкмөттүн бул жыйынында сандар сизди канчалык ынандырды?

- Өтө кескин жылышты көрө алган жокпуз. Бирок бул жылга саресеп сала турган болсок, февралдан тарта эле Украинадагы согушка байланыштуу кризисте жүрөбүз деп ойлойм. Инфляциянын деңгээли өстү, импорт азайды, доллардын курсу туруксуз болуп жатат. Азыр калктын ойлогону ушул.

Соода, курулуш, туризм тармагындагылар ушул сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп, андан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. Ошондуктан өкмөт ишинин жыйынтыгын кескин жакшыртты дегенди көрө алган жокпуз. Тескерисинче, антикризистик чаралар жөнүндө кеңири маалымат берип, дал ушундай шартта абалды турукташтыруу үчүн аткарылчу иштер тууралуу айтса туура болмок деп эсептейм.

- Сиздин көз карашыңызда өкмөт жетекчилери айткан бюджеттин кирешесиндеги миллиарддаган сом кошумча каражат, анын натыйжалуулугу боюнча аракетти коомчулук, жарандар сезе элекпи?

- Жок, сезиле элек. Жакынкы арада сезилбесе керек. Тескерисинче, бир катар талкуу жараткан иштер менен эсинде калды. Ошол эле январь айын күчүнө кирген Салык кодексинин айланасындагы жаңжал, коомдук тамактануу жайларына байланыштуу бир катар окуялар боюнча эсте калды.

- Президент өзү башкарып жатканын айтып, бир катар тапшырмаларды берди. Демилгесиз, талапка жооп бербеген жетекчилер иштен алынарын, эч ким ишине киришпей турганын белгиледи. Бизнеске да тиешелүү шарттар түзүлөрүн убада кылды. Бизнестин өкүлү катары айтсаңыз, дал ушундай шарт түзүлүп жатабы?

- Мен ишкердик чөйрөдө жүргөн адам катары айтсам, тилекке каршы андай эмес. Текшерүүлөр, сырттан кийлигишүү болуп жатат. Салык кызматынын, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү күчөп жатат. Ошол нерсе түшүнүксүз болуп жатат. Бир жагынан президенттин айтканын былтыртан бери угуп эле жатабыз. Эсиңиздерде болсо, 2021-жылы февралда ишкердикке жеңилдик берүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анда керек болсо Кылмыш кодексине тиешелүү өзгөртүү киргизгиле деп айтылган. Бир жарым жыл өттү, ошол нерселер аткырылган жок.

- Президент бул жыйында саясат менен алектенчү мезгил бүткөнүн, мындан ары экономикалык ири иштер күтүп жатканын дагы бир жолу белгиледи. Ага мисал катары Кумтөр баштаган долбоорлор өлкө кызыкчылыгына иштеп, мындан ары да ири долбоорлор ишке ашыраларын билдирди. Бирок коомчулукта ушул сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындык талабын айтып келет. Бийлик ачык-айкындык, транспаренттүүлүк маселесине жетиштүү көңүл буруп жатабы?

- Кумтөргө байланыштуу маалыматтар: казылган алтын, экологиялык абал боюнча жетиштүү маалымат берилбей жатканы айтылып эле жатпайбы. Медиада деле бул маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Же болбосо «Манас» аэропорту боюнча деле абалды көрдүк. Аба майдандарды сырткы башкарууга берүү боюнча эки-үч жылдан бери Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен сүйлөшүп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген. Анан капысынан эле биз түрк компаниясы менен сүйлөшүп алдык деп баш тартканы кадыр-баркка бир катар доо кетиргендей болду. Дагы жакшы, коомчулук бул маселеге көңүл буруп, коомдук пикир түзүлгөн соң бул чечимден баш тартууга аргасыз болду. Бирок бул туруктуу саясатка көлөкө түшүрчү окуя болуп калды. Бул чоң коңгуроо. «Манас» аэропортко келчү ири инвесторлорго чоң сигнал. Кааласак, мыйзам боюнча кылабыз, каалабасак өзүбүз чечебиз деген саясат алпарсак башка долбоорлорго да инвесторлордун келишине да шек жаратат.

- Демек, ачык-айкындыкка өзгөчө көңүл буруу керек деп ойлосузбу?

- Албетте, ачык болуш керек. Коомчулуктан айткан талабына жооп бериш абзел. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG