Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Улуттук банк кирешесин жарыялады


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.

Улуттук банк өткөн жылы алтын сатуудан жана валюталык операциядан 9,2 миллиард сом киреше таап, 90% республикалык бюджетке чегерип бергенин билдирди.

Калк арасында аманат салуу үчүн банк тутумуна ишеним өсүп, экономиканы насыялоонун көлөмү көбөйгөнүн Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев парламенттин тиешелүү комитетинде жылдык отчету менен тааныштырып жатканда билдирди.

Депутаттар насыялардын пайыздык коюму жогору бойдон калып, анын айынан насыя алуучулар кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын белгилешти.

Улуттук банктын отчетундагы ийгиликтер

Жогорку Кеңештин бюджет, каржы, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев 2021-жылдагы отчетун берди.

Анда ал дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында инфляциянын деңгээлин 11,2% ашырбай кармап, улуттук валютанын туруктуулугун сактоо чаралары көрүлгөнүн белгиледи.

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банк алтын куймаларын сатуудан жана банктык операциялардан 9 млрд. сомдон ашуун таза киреше таап, пайданын 90 пайызы бюджетке чегерилгенин билдирди:

Кубанычбек Бөкөнтаев, Улуттук банктын төрагасы.
Кубанычбек Бөкөнтаев, Улуттук банктын төрагасы.

“Улуттук банк 2021-жылы 37,3 кг алтын куймаларын 192,9 млн. сомго сатты. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алтын куймаларын сатуудан жана валюталык операциялардан 9,2 млрд. сом пайда тапты. Ал кирешенин 70% же 6,4 млрд. сом мамлекеттик бюджетке которулмак. Бирок жакында кабыл алынып, күчүнө кирген мыйзам боюнча анын 90% же болбосо 8,3 млрд. сом республикалык бюджетке чегерилип берилди”.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Улуттук банктын отчету жалпылама мүнөздөмө болуп жатканын айтып, табылган кирешинин булактарын так көрсөтүү керектигин белгиледи.

Сомдун кунун түшүрбөй кармоо үчүн валюта рыногуна ташталган каражаттын өлчөмү жана сатылып алынган акчанын ортосундагы айырмачылык боюнча так маалымат берүүнү сурады:

“Түшкөн киреше 9,2 млрд. сом болду дедиңиз. Бирок муну жалпылабай, киреше булактарынын ар бирин өзүнчө көрсөтүп берсеңиз. Алтын куймасын сатуудан жана валюталык операциялардан табылган пайданы өзүнчө бөлүп айтыңызчы. Анан дагы өткөн жылы улуттук валютаны турукташтырып, кармоо үчүн интервенция жасоо үчүн жалпысынан канча акча салынды? Рыноктон кайра сатылып алынган валютанын так саны тууралуу маалымат берсеңиз”.

Улуттук банктын төрагасы баяндамасында маалымат жалпыланып калганын айтып, депутатка кийин бөлүп, көрсөтүп берүүнү убада кылды.

Кубанычбек Бөкөнтаев алтын куймаларын сатуу финансылык туруктуулукка негиз берип, улуттук валютанын кунун кармап турууга өбөлгө түзгөнүн, анын натыйжасында өлкөнүн финансы тутумунда анчейин олку-солкулук болбогонун белгиледи.

Анын айтымында, өткөн жылы Улуттук банк жеке жана юридикалык тараптарга 37,3 кг, ал эми 2020-жылы 44 кг алтын куймасын саткан.

Ошондой эле ал соңку жылдары калк арасында банк тутумуна ишеним өсүп, өткөн жылы банк аманаттарынын көлөмү 34,3% көбөйгөнүн айтты. Анын айтымында, өткөн жылы аманатчылардын салымы 29% чейин жетип, 2021-жылы коммерциялык банктардын кредит портфелинин көлөмү 11,8% өскөн:

“Экономиканы насыялоо иштери натыйжалуу улантылды. Бул өсүш коммерциялык банктардын сом менен берген кредиттеринин эсебинен жүрдү. Ошол эле кезде банктардын насыяларынын пайыздык чендери төмөндөгөн”.

Пайыздык чендер чектен ашканда

Анткен менен парламенттин бюджет, каржы, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде депутаттар кагаз жүзүндө кооз сөздөр жазылган менен калкты жана ишканаларды насыялоодо көйгөйлөр көп экенин белгилешти.

Депутат Алишер Козуев айрыкча аймактарда берилип жаткан насыялардын пайыздык коюмдары абдан жогору болуп, жарандар төлөй албай, карызга батып жатканын айтып, бул боюнча Улуттук банктын көзөмөлү начар экенин сынга алды:

Алишер Козуев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Алишер Козуев, Жогорку Кеңештин депутаты.

“Биздин аймактарда жашаган калктын арасында ар кандай шылтоо менен элдин башын айлантып, 50 миң сомдон 200-300 миң сомго чейинки насыяларды берип жатат. Бирок ал насыялардын пайыздык коюму 50-60 пайыздан ашып кетти. Бирок ошол эле кезде алар мыйзам менен бекитилген насыялардын пайызы 30-35 пайыздан ашпоого тийиш деген талапты бузуп жатат. Мына ушул жагдайды карап, Улуттук банк көзөмөл жүргүзгөн жок. Эл ичинде буга нааразылык көп. Сиздер атайын көзөмөл жүргүзүп, ушул нерсени тартипке салбасаңдар болбойт. Жанагы кредиттик союздар элдин канын ичүүдө”.

Парламенттин аталган комитетин жыйынында депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагасынан 2010-жылы "Азия-Универсал" банкына байланыштуу кылмыш иши козголуп, кызматтан кеткен кызматкерлер боюнча сурады.

Буга бир мисал катары ал "Керемет банктын" жетекчиси Жамила Койчуманованын ысымын атады.

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банк сатып алган бул банктын мурдагы ишмердигиндеги мыйзам бузуулар аныкталган күндөн бери анын өзүнө жана аудит жүргүзгөн Койчуманова карата маалыматы чабуулу жүрүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Улуттук банктын өткөн жылдагы отчетун палатанын кароосуна чыгарууга макулдук берди.

XS
SM
MD
LG