Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

"Жер арыктаганда аба булганат". Кара топуракты кантип сактайбыз?


Бириккен Улуттар Уюму 5-декабрды эл аралык топурак күнү катары бекиткен. Аталган уюмдун маалыматында Жер планетасынын 40% аянты топурагын жоготуп, деградацияга учураган. Бул процесс Кыргызстанда да жүрүүдө.

Эксперттер соңку кезде жайыттар жана айдоо аянттары асылдуулугун жоготуп, такырайып баратканын белгилешет. Окумуштуулар топурак абага зыяндуу газдарды чыгарбай кармап турган кабык экенин айтышат. Топурак кантип пайда болот, аны кантип сактоо керек, түшүмдү кантип мол алыш керек?

Бул суроолорго "Жер эне" подкастында топурак таануучу адис, биолог Таалай Мамбетов жооп бермекчи.

- Таалай мырза, саламатсызбы? Сиз менен топурак тууралуу маектешким келип жатат. Адегенде эле топурак изилдөөчүлөр кимдер деген суроо бергим келет. Топурак таануучулар да ич ара бөлүнөт тура?

- Албетте, топурак таануучулар ичинен бөлүнөт. Мисалы, топурактын химиялык түзүлүшүн изилдегендер башка. Топурактагы микроорганизм болобу же курт-кумурскалар болобу изилдеген адистер башка. Айыл чарба багытында кадимкидей эле топурактын түзүлүшүн, өсүмдүктөргө байланыштуу суроолорду изилдеген адистер өзүнчө. Ар биринин өз багыты бар. Бизде азыркы Агрардык университетте топурак таануу боюнча адистер даярдалат. Алардыкы айыл чарба багытында болот көбүнчө. Кыргыз улуттук университетинде биология факультетинде өсүмдөрдүн физиологиясы боюнча адистерди окутат.

Таалай Мамбетов.
Таалай Мамбетов.

- Сиздики кайсы багытта?

- Жалпысынан өсүмдүктүн физиологиясын изилдейм. Өсүмдүктү топурактан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Акыркы кезде топурактагы көмүртекке көңүл буруп жатам. Органикалык көмүртек деп коёт. Учурда бул абдан актуалдуу маселелердин бири. Изилдөөлөр жүрүп жатат.

- Көмүртекпи же көмүр кычкыл газыбы?

- Көмүр кычкыл газы деген бул ошол мисалы өсүмдүктөрдүн өсүп-өнүгүшү үчүн керектүү компонент да. Жалпысынан көмүртек, топурактын көмүртеги деп коёт. Көмүртек ич ара органикалык жана органикалык эмес деп бөлүнөт. Биз органикалык көмүртекти изилдейбиз.

Топурак - Жердин архиви

- Биз эми топуракка чаң катары эле карайбыз да. Бирок ал Жер планетасында алгачкы тиричиликтин пайда болушуна чоң роль ойногон экен, азыр да ойнойт тура.

- Ооба, биз баарына эле жер бетиндеги катмар катары карайбыз да. Албетте, мунун артында көптөгөн процесстер жатат. Топурак өзү жандуу анан жансыз компоненттен турат. Жансыз деп геологиялык процесстерди айтсак болот. Тоолор, тоо кендери, жаан-чачын, шамалдын таасири астында майдаланып, талкаланып пайда болгон зат. Анан анын бетинде козу карындар, бактериялар, балырлар өз жумушун баштап, анын таасири астында курт-кумурскалар пайда болгон. Микроорганизмдер алардын калдыктарын иштетип, чиритип, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө өбөлгө түзүшөт да. Топурак ушул биология менен геологиянын ортосунда пайда болгон зат.

Азыркы көптөгөн изилдөөлөр жашоо биринчи сууда пайда болгонун айтышат. Аминокислоталардын бири-бири менен катнашынын астында жөнөкөй бир түзүлүш пайда болуп, кийин бир клеткалуулар, андан кийин көп клеткалуулар организм болуп өрчүп жатып кургакка чыккан дешет. Суу астындагы балырлардын таасири менен биздин атмосфера кычкылтекке байыган. Кычкылтектин арты менен суудагы жандыктар кургакка чыккан деген илимий божомолдор бар. Жогоруда айткандай, биологиялык жана геологиялык кубулуштардын таасири астында азыркы топурактын структурасы пайда болгон.

- Топуракты илимпоздор ландшафттын эс тутуму деп коюшат тура. Ошол аймакта болгон кубулуштун баарын топурак аркылуу билишет деп окуп калдым.

- Ооба, орусча айтканда летопись деп койсок болот. Жердин тарыхын кыртыш аркылуу изилдешет. Жердин катмарлары бар да. Көп жылдык даракты кыйганда шакекчелер болот го, ошол аркылуу жашын аныкташат. Жердики да ошондой. Катмарлар аркылуу мурда ал жерде жанар тоо атылып, лава каптаганбы же байыркы адамдар дыйканчылык менен алектенгенби топурак ошол маалыматтын баарын өзүндө сактап калат.

- Космонавттар Айга барганда топуракты ошон үчүн алып келишкен тура.

- Албетте, азыр адам баласы Күн системасындагы башка планеталарды да изилдеп жатат. Топурак ошол планета тууралуу толук болбосо да кандайдыр бир маалымат берет. Мындайча айтканда архив деп койсок болот.

Топурак кантип пайда болот?

- Негизи бир сантиметр топурактын пайда болушу үчүн канча жыл керек?

- Бул аябай кызык суроо. Мисалы, бир сантиметр топурактын пайда болушу аймакка жараша болот. Кыргызстандын шартын алсак, биз тоолуу мамлекетпиз. Жарым чөлдүү зонага киребиз. Бизде топурактын пайда болушуна узагыраак убакыт, бери дегенде 100 жыл керек. Чөлдүү аймактарда андан да узаргыраак, кеминде 300 жылды алат. Ал эми ысык, нымдуу, жаратылышы бай аймактарда бул процесс 50-60 жылды алат. Айталы, тропикалык токойлор жайгашкан аймактарда органикалык заттар батыраак ажырайт. Ошол эле чөп-чардын, жалбырактардын, жан-жаныбарлардын калдыктары чирип топуракты байытат. Топурактын үстүңкү бетин гумус деп коебуз да. Бул ошол органикалык чириндилердин негизинде пайда болгон катмар. Өлгөндөн кийин бизди дагы ошол ажыроо процесси күтүп турат.

- Топурактын өзүндө да организмдер жашайт да?

- Бир кашык топуракта жер бетинде жашаган адамдардан көп микроорганизм бар десек болот.

- Андан тышкары химиялык элементтер бар дегендей?

- Макро жана микроэлементтер деп бөлүнөт. Макроэлементтерге балким уккандырсыңар азот, калий, фосфор ж.б. кирет. Булар топурактын пайда болушуна, сапатына чоң таасир этет. Мисалы, айыл чарбада ошол элементтердин көлөмүнө жараша иш жүрүшү керек. Андан сырткары өсүмдүктөрдүн кандайдыр бир химиялык процесстеринде олуттуу роль ойногон цинк, темир, марганец, магний баштаган микроэлементтер бар. Ушул жерден кызыктуу факт катары айта кетсем, өсүмдүк топурактан бул заттардын эки эле пайызын алат. Калган 98% суу, көмүр кычкыл газы жана күндүн жардамы менен калыптайт. Бирок ошол жерден алынган эки пайыз өсүмдүктүн жашоосунда чоң роль ойнойт. Аларсыз өсүмдүк өсө албайт.

- Сиз айткан азот, калий, фосфор азыркы жер семирткичтердин курамында бар да. Бирок алар топуракты булгап, курамын бузарын айткандар бар.

- Бардык нерсенин оң жана терс жагы бар да. Мисалы, дары адамга батыраак айыгууга жардам берет. Бирок аны көзөмөлү жок ичүү зыяндуу. Минералдык жер семиткичтер өсүмдүктөрдүн тез өсүп, мол түшүм беришине жардам берген элементтерден турат. Ошол эле фосфор, ошол эле калий же азот. Албетте, аны чени менен колдонсок түшүмдүүлүк жогорулайт, өсүмдүктүн саламаттыгын чыңдайт дегендей. Бирок туура эмес, ашыкча колдонсок, албетте кесепети оор болот. Жерди кычкылдандырат, топурактын курамын бузат. Жер астындагы сууларды, айланадагы көлчүктөрдү же башка суу объекттерин булгайт. Өсүмдүккө ашыкча топтолуп, биздин дасторконго коюлганда организмге түздөн түз терс таасир этет. Ошон үчүн аны туура колдонгонду билиш керек. Дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун отчетторуна таянсак, дүйнөдөгү ар бир төртүнчү фермер минералдык жер семирткичтерди ашыгы менен колдонот экен. Алар көбүрөөк чачсам, көбүрөөк жана батыраак түшүм алам деп ойлошот. Бирок жана жогоруда айткандай, өсүмдүк өзүнө керектүү гана өлчөмдү алат. Калганы топуракта калып, жер кыртышын бузат.

- Сиз айткан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму табигый жер семирткичтерди колдонууну колдоп келет го. Аны кантип жасайбыз?

- Эми көпчүлүгүбүз эле элетте өскөнбүз да. Ошол айылда артып калган тамак-ашты, жер-жемиш калдыктарын ыргытпай малга беришет. Биз илгери кичинекей чуңкур казып, ошол жерде сактачубуз. Үстүн жаап койсоң, курт-кумурсканын, сөөлжандардын жардамы менен алар биогумуска айланып калат. Биологиялык жер семирткич - бул жаратылыштан келген азыкты кайра өзүнө колдонуу. Бирок булар кымбатыраак келип, таасири жай болот. Ошол себептүү дыйкандар тезирээк жыйынтык алуу үчүн минералдык жер семирткичти тандап жатышпайбы.

- Айылда малдын кыгын да чачып жүрүшөт го. Бирок ошол эле фермерлер малдын кыгында ар кандай зыяндуу бактериялар болушу мүмкүн экенин, ага караганда минералдык жер семирткичтер жакшы экенин айтышат.

- Малдын жаңы кыгында аябай көп өлчөмдөгү аммиак болот. Ал өсүмдүктү, аны менен катар топурактагы микроорганизмдин баарын күйгүзүп салат. Кыкты чачуудан мурда бир жерге үйүп же чогултуп коюш керек. Ошондо анда атайын процесстер жүрүп, зыянсыз абалга келет. Бул кантсе да табигый жер семирткич да, минералдык заттарга караганда коопсуз. Табигый жер семирткич алуунун дагы бир жакшы жолу - бул биогаз өндүрүү. Бишкекте ошондой компания бар. Алар малдын кыгын, тамак-аш калдыктарын иштетип, биогаз алышат. Микроорганизмдердин жардамы менен иштетилген кыкта жагымсыз, уулуу, патогендик зыяндар жок болот. Иштетүүдөн калган зат байытылган, керектүү элементтерди камтыган, табигый жер семирткичке айланат.

Бизде шаарларда таштандыны иргебей эле ыргытып коюшат да. Бул дагы чоң көйгөй. Эгер тамак-аш өзүнчө ташталса, аны кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк пайда болмок. Муну бир программа же долбоор алкагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Анткени мунун пайдасы зор. Ошол эле биогаз, ага кошумча электр энергиясын алса болот. Зыянсыз жер семирткичтер жасалмак.

- Топуракка кайтсак, Бириккен Улуттар Уюму 2015-жылды топурак жылы деп жарыялаган эле. Акыркы маалыматтарды карап көрсөм, жер бетинин 40% деградация болгон деп жүрөт, бул демек күрдүү топурагы жок калды дегенди билдирет да?

- Деградация - бул топурактын асылдуулугу, керектүү касиеттери жоголду деген сөз да. Топурак жөнөкөй тил менен айтканда, курсакты тойгузуу үчүн керек да. Дүйнө жүзүндөгү 95% азык-түлүк топурактан келет. Деградация - бул топурактын функционалдык касиеттерин жоготуп, өсүмдүк эгүүгө мүмкүн болбой калышы. Мисалы, Кыргызстан боюнча статистиканы алсак, айдоо жерлердин 30%, жайыттардын 50% ашыгы деградация болуу астында. Эгер бул тенденцияны токтотпосок, алдыдагы 20-50 жыл аралыгында чоң көйгөйгө дуушар болобуз. БУУнун Degradation Land Neutrality деген программасы бар. Анын максатына ылайык, бир гектар жер деградация болсо, ошого жараша бир гектар жерди калыбына келтирүү керек.

- Кыргызстанда кайсы облустарда, кайсы аймактарда жер бүтөнчө арыктап, көбүрөөк деградация болгон, бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Мен бир эле аймак аябай жабыркаган, калган аймактардыкы жакшыраак деп айткандан алысмын. Мисалы, Чүй облусунда, дыйканчылык өнүккөн да. Жер иштетүүнүн жана айткандай, өз кесепеттери бар. Нарынды алсак, мал көп, жайыттар какырап жатат. Түштүктү алсак, жыл сайын суу каптап, сел жүрөт. Ошондон улам бир аймактын жери деградация болгон, биринин абалы жакшы деп айтуу кыйын. Ар биринин өзүнө тийиштүү маселеси бар.

Топурак абаны кантип сактайт?

- Сиз жана көмүртек боюнча адисмин деп айттыңыз. Мен бир маалымат окуп калдым, топурак жукарганда зыяндуу газдар абага көбүрөөк чыгат тура...

- Азыркы учурда бул дүйнөлүк көйгөй. Азыр климаттын өзгөрүшү, жанагындай көмүскө газдардын пайда болушу ушуга байланыштуу. Топурактагы көмүртектин сакталышы, топурактын курамына, абалына жараша болот. Биз илгертен бери эле жерди айдоого анча маани берчү эмеспиз да. Жыл сайын күзүндө айдап, жазында кайра эгин эгип келебиз. Бирок 80-жылдардан баштап, өнүккөн мамлекеттерде жүргөн изилдөөлөр жер айдоо жана башка ушундай иш-чаралар топурактагы көмүртекти бошоторун көрсөткөн. Бошогондон кийин ал сөзсүз атмосферага чыгат.

Топурактагы көмүртектин көлөмү атмосферадагы газдардын жана жер бетинде өскөн өсүмдүктөрдүн жалпы көлөмүнөн эки-үч эсе көп. Башкача айтканда, жер - бул көмүртекти сактоочу банк. Жер деградация болуп, талкаланган сайын көмүртек көмүр кычкыл газы формасында сыртка чыга берет. Ал болсо дүйнөлүк температуранын көтөрүлүшүнө, көмүскө газдардын пайда болушуна түздөн түз салым кошот. Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана чөйрө боюнча программасынын отчётуна ылайык, топурактын жылына 5 гигатонна көмүртекти сактоого мүмкүнчүлүгү бар экен. 5 гигатонна бул бир жылда дүйнө жүзүндөгү транспорттун баары бөлүп чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмүнө барабар.

- Демек, эмне кылуу керек?

- Топурактын асылдуулугун жана курамын туура колдонууга өтүшүбүз керек. Англисче zero tillage деп коёт. Бул баягы жерди айдабай, атайын механикалык жабдуулардын жардамы менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү билдирет. Же болбосо сидераттарды колдонуу. Айталы ошол эле беде азотту тамырдагы бактериялардын жардамы менен фиксациялап, топуракты байытат. Негизи түшүм алгандан кийин жердин бетин ачык таштоого болбойт. Өсүмдүктөр болобу же өсүмдүктүн калдыктары болобу капталып турушу керек. Жердин бети ачык калганда күндүн, жаан-чачындын таасири астында топурактын курамы бузулуп, ичиндеги көмүртек сыртка чыга баштайт.

- Жалбырактарды какырайтып шыпырып салууга болбойт тура?

- Ооба. Акыркы кезде кудайга шүгүр, мыйзамдардын негизинде жалбырактарды өрттөбөй калдык. Ошол эле жалбырактар менен жерди каптап койсок, нымдуулукту сактайт. Жазында күн катуу ысып кетип жатпайбы, ошол учурда жерди кургатпай, сугат маалы келгенче сактап турат. Экинчиден, жалбырактар чирип, кайра эле органикалык жер семирткичке айланат. Мындай тажрыйбалар бизге акырындап кирип жатат. Бирок буларды бала бакча, мектептен түшүндүрсөк, жакшы болмок. Ошондо кийинки муунда балким табиятка аяр мамиле калыптанмак.

- Кыргыздар топуракка өтө аяр мамиле кылчу экен мурда. "Туулган жердин топурагы алтын" деп бир жакка чыкса өзү менен ала кетчү экен. "Топурагыңды түйүп берем" дечү экен баласына таарынса. Азырчы, кыргыздардын топуракка мамилеси кандай азыр?

- Ооба, адам баласы байыртан эле топуракка аяр мамиле кылып келген. Анын ичинде кыргыздар дагы. Мал менен жан сактагандыктан чөпкө көз каранды болушчу да. Жайыт какырап кетсе, чөп деле өспөй калат эмеспи. Ошону адамдар өз тажрыйбасында түшүнчү. Азыр эми ошол эле фермерлер топуракты туура иштеткенге аракет кылып, кеп-кеңеш сурап калышат. Анткени жашоосу ошол жер менен өтүп жатат. Мал көбөйүп, жайыттар деградация болду дегенден бери айылдагылар да малды алысыраак жайыттарга жая башташты. Жер, жайыттар менен иштеген көптөгөн эл аралык уюмдар бар. Жерине барып фермерлерди үйрөтүп, окутуп жүрүшөт.

Топуракты эмне булгайт?

- Дагы бир маалыматтан жердин бетин дары-дармектер булгап жатат деп окуп калдым. Алар кайдан чыгууда? Малданбы же дары чыгарган заводдордонбу?

- 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында өндүрүш өнүккөн да. Ошол завод-фабрикалардан чыккан коргошун, кадмий деген элементтер топуракты булгаган. 21-кылымдын көйгөйү сиз айткандай антибиотиктер болуп жатат. Фермалар малга оорубаш үчүн антибиотиктерди, гормондорду берип жатат. Ошол эле малдын кыгынын курамында антибиотиктер, гормондордун өлчөмү көп болууда. Алар кайра эле топуракка өтүп жатпайбы. Бул көйгөй эми малды жабык кармаган өлкөлөрдө курчураак. Бизде анчалык деңгээлге жете элек.

- Туздуу, топурагы шор жерлер эмнеден улам пайда болот?

- Туз эми жаратылышта бар элемент. Топуракта ар кандай жолдор менен пайда болушу мүмкүн. Мисалы, энелик топурак деп коет. Илгери деңиз же океан болуп, кийин кургап калса, ал жердеги туз өйдө чыгышы мүмкүн. Же болбосо туура эмес агротехника. Саздак жерлер бар го, климат өзгөрүп, күн ысыганда суу бууланып, анын курамындагы туз топуракта кала берет. Аны тазалаш үчүн кайра чоң көлөмдөгү суу менен жууш керек. Анан калса, Борбор Азиядагы суулар минералдашкан болот. Жерди сугарганда кальций, калий, натрий ж.б. хлориддер топуракта топтоло берет. Жылдан жылга көлөмү көбөйүп отуруп, топурак шор тарта баштайт. Орусча солончак деп коет. Андай жерде бирдеме өстүрүш өтө кыйын. Өссө да, ар кандай шарттарга туруштук бере албайт. Өсүмдүк орто эсеп менен бир литр сууда 1- 1,5 грамм туз болсо жакшы өсөт. Андан көбүрөөк боло баштаганда өсүүсү кыйындайт. Борбор Азиядагы суунун орточо туздуулугу литрине 2-2,5 граммды түзөт. Бул өсүмдүк үчүн чоң стресс, өспөйт же ойдогудай түшүм бере албайт.

- Анда эмне сууну чыпкалаш керекпи, эмне кылыш керек?

- Туура агротехниканы колдонуш керек. Мисалы биздин эле Чүй өрөөнүндө саздак жерлер бар го. Ошол жерде дренаж деп коёт, атайын системаларды жаңыртып, тазалап жер астындагы суунун деңгээлин түшүрүш керек. Жер астындагы суунун деңгээли бийик болгон сайын туз өйдө чыгат. Талааларды чени менен сугарыш керек. Ашыкча сууну көлкүтүп жайып салган болбойт. Же тамчылатып сугарууга өтүү керек. Анын пайдасы өсүмдүктү даректүү сугарат. Кээ бир айыл чарба өсүмдүктөрүн даректүү сугарууга мүмкүн эмес. Бирок ошол эле жүгөрү, ошол эле картөшкөнү даректүү сугарса болот. Ошол эле тузду соруп алган өсүмдүктөр да бар, аларды эгип, азайтса болот. Албетте, мындай иштерди жүргүзүү үчүн алгач жер шартын, топурактын курамын изилдеш керек. Жөн салды иш алып барганга болбойт.

- Борбор Азиядагы кум бороондору жөнүндө кабарлар соңку кезде көбүрөөк чыга баштады. Шамал тонналаган топуракты учуруп кетерин мектептен окудук эле. Кантип сактаса болот аны?

- Мурда талаа четине шамалдын кесепетин азайтуу үчүн бак-дарак тигип коюшчу. Бул жакшы ыкма. Азыр деле тиксе болот. Андан тышкары талаа үстүндө кандайдыр бир өсүмдүктөрдүн калдыктарын калтыруу керек. Арпа-буудайды чаап алгандан кийин саманына чейин алып кетип жатабыз, же ошол эле картөшкөнүн сабагы. Алар жерде жатса топуракты сактайт, экинчиден, акырындап чирип, жер семирткич болот. Сидераттар дебедикпи, ошол эле бедени, люпин, сулу сыяктуу өсүмдүктөрдү эгүү зарыл. Жерди айдаган тажрыйбадан кутулуу үчүн козгобой айдаган ыкмаларды өздөштүрүү керек. Топуракты оодарып, талкалап салгандан кийин ал майдаланып чаңга айланат да шамал болсо эле абага көтөрүлөт.

- Бизде жайыттарга алтыгана чыгып жатканын жер өзүн коргоп жатат деп түшүндүрүшүүдө. Дегеним жердин эс тутуму барбы?

- Илимий жактан түшүндүргөнгө аракет кылсак, өсүмдүктөр көп жылга чейин сакталып калуу, өзүн коргоо жөндөмүнө ээ. Атайын шарт түзүлгөндө кайра чыгышы мүмкүн. Айрым илимпоздор өсүмдүктөр бири-бири менен химиялык сигналдардын жардамы менен сүйлөшөт дешет. Мисалы, бир өсүмдүккө зыянкечтер жабышып, жей баштаганда ал стресс болуп айланадагы башка өсүмдүктөргө белги берет экен. Ошол белгинин аркасында беркилер жагымсыз жыттарды чыгарып, коргонушат экен.

Советтер Союзунда Вернадский деген окумуштуу болгон, азыркы экология илимине чоң салым кошкон десек болот. Ал киши жерди бир нече катмарга атмосфера, гидросфера, литосфера деп бөлгөн. Ошолордун ичинде ноосфера деген бар. Биз азыр көзүбүз көргөн эле сфераларды изилдеп келебиз. Бирок биздин аң-сезимибиз жетпеген, көзүбүз көрбөгөн катмарлар да болушу мүмкүн. Жердин эс тутумун азыркы илимдин деңгээлинде түшүнбөйбүз. Балким 100 же 200 жылдан кийин түшүнөбүз.

Подкастты толук аудиодон уксаңыз болот.

"Жер арыктаганда аба булганат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:51 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG