Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Чек ара: Маалымат таратууда жоопкерчиликти ким алат?


Баткен облусу. Лейлектин Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.
Баткен облусу. Лейлектин Максат айылы. 2-май, 2021-жыл.

Активисттер, журналисттер эл аралык коомчулукту 28-29-30-апрелде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка жана андан жабыркаган элдин абалына көңүл бурууга үндөп жатышат. 1-майда кыргыз өкмөтү бирдиктүү маалымат таратып туруу үчүн медиа штаб түздү.

Баткенде абал курчуп турганда маалымат каражаттарында, социалдык медиада талкуу күчөдү. Басылмалардан тышкары социалдык тармактарда отургандар маалыматтарды чет тилдерге которуп, дүйнө коомчулугуна жеткирүүгө аракет жасашты.

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу менен катар маалымат согушу жүргөнүн “Баштан-башта” кыймылынын өкүлү, жарандык активист Улан Үсөйүн айтат.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

“Бир катар орус тилдүү жана орусиялык маалымат каражаттары Кыргызстанды "агрессор" деп жазышты. Ошондо дүйнө коомчулугуна англис тилинде көбүрөөк маалымат таратуу керек экенин түшүндүк. Биздин топто жети-сегиз адам маалыматтарды даярдап, тексттен тышкары видео-материалдарды да жасадык”.

Котормочу болуп иштеген Хонзадахан Тахиржан кызы он чакты жаштардан түзүлгөн демилгечи топ менен кошо жергиликтүү кабарларды түрк, англис, немис, араб, кытай тилдерине которуп, социалдык тармакка жайылткан.

“Алгач өзүбүздүн “Фейсбуктагы” баракчаларга жайгаштырып жаттык. Андан кийин “Конттентчи” платформасы менен сүйлөшүп, ошол жерге бере баштадык. Мен түрк тилине которгондуктан, Түркиядагы бир канча гезиттерге байланышып турдук, алар жайгаштырып турабыз дешти. Он чакты ыктыярчы котормочу иштедик. Бир гана англис тилине эмес, немис, араб, кытайча да которуп жатышты”.

"Элгезит" электрондук басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков кыйын кырдаалда элге так жана туура маалымат жеткирүүдө жарандык коом, ыктыярчылар демилгени дароо колго алган учурларды эске салды.

“Бизде коронавирус пандемиясы, башка кыйынчылыктар көрсөттү. Көз карандысыз журналисттер, жарандык коом биринчи реакция кылып, өзү демилге көтөрүп, ишти алып барып жүрөт. Мамлекеттик органдар кечеңдеп калып жатат. Журналисттер гана эмес, блогерлер, социалдык тармактын активдүү колдонуучулары аябай чоң салым кошту. Ар бир маалыматты англис, түрк, кытай, француз тилине которуп жарыялап жатты. Мамлекеттик органдар да көрүп, ушундай багытта иштөөгө тыянак чыгарат деп ишенем”.

Баткендеги чек ара чатагы 28-апрелде чыккан. Ал эми кыргыз өкмөтү ал жактагы абал тууралуу бирдиктүү маалымат таратып туруу үчүн медиа штабды 1-майда түздү.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат саясат бөлүмү чек арадагы жаңжал учурунда маалыматтын тактыгы маанилүү экенине басым жасай турганын билдирди.

Нуркамал Асканова
Нуркамал Асканова

"Жаңжалды күчөтүп жибербөө зарылдыгын эске алуу менен маалыматтар өтө такталып берилип жатты. Анын ыкчамдыгын, тактыгын камсыздоо максатында журналисттер үчүн бирдиктүү маалымат аянтчасы түзүлгөн. Ал аркылуу басма сөз жыйын форматында мамлекеттик органдын жетекчилери маал-маалы менен бүгүнкү күнгө чейин маалымат берип жатат. Баары кыргыз-орус тилдеринде жана англис тилинде да таркатылууда. Ал эми көз карандысыз журналисттер тарабынан да маалыматтар англис тилине которулуп жатканын көрдүк. Бул, албетте, колдоого аларлык”, - деди президенттин маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси Нуркамал Асканова.

Ал тапта мамлекет башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Кыргызстан эл аралык журналисттер үчүн Баткендеги чек ара чатагынан жабыркаган аймактарга пресс-тур өткөргөнү турат.

Галина Байтерек.
Галина Байтерек.

“Баткендеги окуя тууралуу дүйнө коомчулугуна туура, калыс маалымат жеткирүү үчүн эл аралык журналисттерди Баткенге алып бара жатабыз. Саат 16.00дө атайын учак менен Баткенге учуп кетебиз. Жеринде баарын көрсөтүп, айтып беребиз. Алар өз көздөрү менен көрүп, жыйынтык чыгарышсын”.

Баткендеги жаңжал чыккан аймактарга Кыргызстанда аккредитациядан өткөн онго жакын эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү барат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180ден ашык киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Тажик бийлиги Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарындагы куралдуу чек ара чатагынан жабыркаган үйлөрдү карап чыгып, 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланды.

3-майда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөдү. Тажик Башкы прокуратурасынын билдирүүсү расмий сайтында жарыяланды.

Чек ара: "Головнойдогу" кандуу окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:15 0:00

2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда "Головной" тилкесинде минометтен атылган октон кыргызстандык 25 адам каза болгонун билдирип, тергөө башталганын маалымдаган. Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш ачылган. Чектеш аймакта кыргыз тараптан бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG