Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Онлайн машыгууну көксөгөндөр көбөйдү


Пандемияга байланыштуу онлайн видео сабактарга, анын ичинде спорт көнүгүүлөрүнө суроо-талап көбөйдү. Кыргызстанда жашаса да чет өлкөгө иштеп жаткан заманбап машыктыруучулар да пайда болду.

Фитнес машыктыруучу Келдибек Атайбековдун аралыктан машыгууларды өткөрө баштаганына эки жыл болду. Азыр анын шакирттеринин арасында Кыргызстандын ар башка аймактарынан тышкары Түштүк Кореяда, Орусияда жашагандар да бар.

Келдибек Атайбеков.
Келдибек Атайбеков.

«"Инстаграмдагы" баракчамдын катталуучулары машыгууларымды көрүп, «сиз менен чогуу машыксак жакшы болот эле» деп көп кайрылышат. Бирок алыста же айыл жеринде болгондуктан биздин залга келгенге шарты жок болчу, - деп айтып берди Келдибек. - Биз ойлонуп отуруп Интернеттен даяр машыгуу программаларын аларга жөнөтө баштадык. Айыл жергесиндеги жаштар да көп кайрыла баштады. Анткени Интернеттеги машыгуулардын көбү орус же англис тилдеринде болгондуктан аларга кыйын болчу. Себеби ар бир көнүгүүнү жасаарда анын маани-маңызын жакшы түшүнүш керек да. Биз кыргыз тилинде баарын так жана даана түшүндүрүп беребиз».

Карантин учурунда аралыктан машыгууну каалагандар көбөйгөн. Келдибек ар бир окуучусу менен өз алдынча иштеп, программасын түзүп берет.

«Каалаган жерден машыксаңыз болот. Көп шаймандын кереги жок. Айыл жергесинде болобу же башка өлкөдө болобу бул өтө ыңгайлуу. Окуучуларым көп. Орусияда эле 70ке жакын бала машыгат. Түштүк Кореяда 10 бала, Италияда эки, Түркияда экөө, Америкада жашаган төрт бала аралыктан машыгып жатат. Жада калса Жалал-Абадда жайлоодо жүрүп, машыгып жаткан Айзирек деген карындашыбыз бар. Баары алардын шарттарына, убактысына жараша болот. Үй шартында гана машыгууга ыңгайлуу көнүгүүлөр, туура тамактануу боюнча кеңештер берилет».

Келдибек Атайбеков булчуңдарды чыңалтуучу көнүгүүлөргө кошуп туура тамактануу, арыктоо же салмак кошуу боюнча да кеңештерди берет. Ал видео сабактарын «Инстаграмдагы» жана «Ютубдагы» баракчаларында бөлүшүп турат.

Биз Келдибектин Орусиядагы окуучусун кепке тарттык. Назым Нурланов Москва шаарында тейлөөчү кызматта иштейт. Залга барып машыкканга кээде убактысы болбойт экен:

«Агайдын көнүгүүлөрүн «Инстаграмдагы» баракчасынан көрүп жүрүп кызыгып калдым. Байланышып, машыгып көрүүнү чечтим. Онлайн машыккан өтө ыңгайлуу экен. Жумушуңа тоскоол болбойт, - деди Назым. - Агай эртең менен тургандан баштап кечке чейин эмне кылыш керектигин, кантип туура тамактанса болорун айтып, бизге тапшырмаларды жиберип турат. Менин машыкканыма үч ай болду, жыйынтык жакшы».

Онлайнга өткөн машыктыруучулар

Пандемия машыктыруучулардын ишине да таасирин тийгизди. Карантинден улам көпчүлүк машыктыруучулар ишсиз калды. Бирок кырдаалдан чыгып машыгуунун жаңы жолун тандагандар да жок эмес.

Карантин учурунда бокс боюнча машыктыруучу Акжол Ажибековдун залы жабылып калган. Бирок ал окуучулары үчүн атайын көнүгүүлөрдүн видео сабактарын тартып чыгып, онлайн сабактарды өтүп жатат.

Акжол Ажыбеков (солдо).
Акжол Ажыбеков (солдо).

«Албетте мындай машыгуулар толук болуп эсептелбейт. Бирок айрым элементтерди иштетсе болот. Мен азыр балдар менен «Зуум» программасы аркылуу онлайн машыгууларды өткөрүп жатам. Мен балдарды, алар мени көрүп турат. Ката кетирген жерлерин оңдойм. Ушундай учурда машыктыруучунун деңгээли билинет. Машыктыруучу кырдаалдан чыгуунун жолун табышы керек».

Анастасия Помещикова пандемия шартында Кыргызстанда алгачкылардан болуп онлайн машыгууга өткөн көркөм гимнастика боюнча машыктыруучулардын бири. Азыр анын кол астында машыгып жаткан 50дөн ашык кыз бар. Алар жашына жараша тайпаларга бөлүнгөн.

Анастасия Помещикова
Анастасия Помещикова

«Спорттук форманы калыбына келтирүү өтө кыйын. Ошондуктан биз ата-энелер менен сүйлөшүп, онлайн машыгуу өткөрүүнү чечтик. Техникалык жактан кыйынчылыктар болду. Анткени ар бир эле ата-эне онлайн сабактар өтүлө турган платформаларды жакшы түшүнбөй калган учурлар болду. Бирок бара-бара үйрөнүп кетишти. Азыр Интернеттин заманы эмеспи, видео машыгуу учурунда ар бир баланын кыймылына көз салып, ар бирине өзүнчө тапшырма бере аласың. Ансыз деле азыр балдар үйдө бош отурушат. Ошондуктан онлайн машыгуулар балдарга да, чүрпөсүн эмне менен алаксытарын билбей отурган ата-энелерге да жакшы табылга».

Онлайн видео сабактарды сатуу дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө кеңири тараган. Спорт журналисти Гулиза Авазова Кыргызстанда бул тенденциянын өнүгүшүнө карантин түрткү бергенин айтат.

«Башка өлкөлөрдө бул элге сиңип калган көрүнүш. Видео сабактарды сатып алып йога же фитнес болобу үй шартында машыгып келишкен. Кыргызстанда болсо ден соолугун ойлогон тенденция эми гана модага айланып бара жатат. Бул абдан жакшы көрүнүш. Бирок, мурдагыдай салттуу залда иштеген машыктыруучулар жумушсуз калууда. Андыктан ар бир машыктыруучу заман талабына жараша өзгөрүп турушу керек деп эсептейм. Бирок олимпиадага же эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга онлайн машыгуу туура келбейт. Алар дайыма машыктыруучусунун көзөмөлүндө, залда машыгышы керек. Ал эми жалпы элдин саламаттыгын чындоодо онлайн же видео машыгуулар өтө пайдалуу».

Эл аралык басылмалардын маалыматы боюнча дүйнөдө эң көп сатылган онлайн видео сабактардын катарында фитнес, йога жана бий боюнча сабактар турат.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу спорттук залдар жабылып, бир катар эл аралык мелдештер, анын ичинде Токиодо өтчү жайкы оюндар 2021-жылга жылдырылып, футбол боюнча Чемпиондор лигасы, континенталдык чемпионаттар убактылуу токтотулган. Мындан улам айрым эл аралык спорттук уюмдар да мелдештерди онлайн өткөрүп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG