Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Балдар үйүнөн чыккандар камкордукка муктаж


Көпүрөдө бараткан эне-бала.
Көпүрөдө бараткан эне-бала.

Кыргызстанда ата-энесинен ажыраган миңдеген наристе, өспүрүмдөр совет доорунан калган балдар үйлөрүндө тарбияланат.

Орто билим алгандан кийин балдар үйүндө тарбияланган улан-кыздар өз алдынча кетүүгө мажбур. Бирок алардын көпчүлүгү буга даяр эмес.

Алфия Малахова эки иниси менен бирге сегиз жылдан бери шаардагы балдар үйүндө жашайт. 2008-жылы атасы каза болгон үч бир тууганды жакындары кургак учук санаториясына жайгаштырган. Ал жерден сот чечими менен балдар үйүнө жеткирилген. Балдардын апасы учурда психиатриялык ооруканада дарыланат. Таенесинен калган кароосуз батири оңдолгуча Алфия балдар үйүндө кала бермекчи.

- Ачыгын айтканда, бул жерден эч жакка кетким келбей жатат. Балдарга, апабызга (балдар үйүнүн жетекчиси) көнүп калган элем. Өзүм кыз бала болсом, кантип жашап кетем деп ойлонуп жатам. Кантип жашарымды да билбейм. Спутник кичи районунда таенемден калган батир бар, азыр аны оңдоп жатабыз. Балдар үйүнүн жетекчиси жардам берип жатат. Өзүм иштеп, 3 миң сом айлык алам. Бирок ал эч нерсеге жетпейт экен. Үйдү оңдоого көп каражат керек дешти. Өкмөттөн үйүбүздү ондоого көмөк берсе деп жардам сурагым келет, - дейт Алфия.

Балдар үйүндө тарбияланган ар бир баланы кесипке үйрөтүп, ал жерде кийинки жолуна багыт берүү керек. Азыр кризистик борборлорду ачалы деп, шаар кеңешинин депутаттарына эч жеткире албай жатабыз.
Айдан Нышанбаева

Алфиянын облустук акимчиликте пол жууп иштеп жатканына үч ай болду. Кийинки жылы анын 1999-жылы туулган иниси Руслан Малахов да балдар үйүнөн чыкканы турат. Эң кичүүсү Рустам азыр 5-класста окуйт. Алар жашаган үй-бүлө тибиндеги "Ак-Бермет" балдар үйүнүн директору Алима Ташбаева буларга токтолду.

- Устав боюнча 3-18 жашка чейинки балдар шаардык мэриянын чечими менен кабыл алынат. Алар бул жерде жатып тарбияланып, мектепте билим алат. 18 жашка толгондон кийин окууга тапшырганга жардам беребиз. Кыздарды турмушка узатабыз. Былтыр бир балабызды үйлөндүрүп, өз алдынча кылдык. Бир кызыбызды ушул жерден ак көйнөк менен турмушка узаттык. Алфиянын таенесинен калган үй бар экен, аны былтыртан бери ремонттоп бүткөнү калдык. Буйруса, ооруканада жаткан апасын алып келип, бирге жашайбыз деп жатышат.

Өткөн жылы Альфия сыяктуу эки бала балдар үйүнөн чыгып, өз алдынча кеткен. Алардын бири Тимур шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жатса, Инна турмушка чыккан.

Балдар үйү.
Балдар үйү.

Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдан Нышанбаева бойго жеткен жетим балдардын кийинки жашоосун мамлекет камкордукка албасын айтты:

- Жолун таап кетет жана өз алдынча оокат кылат деп 18 жаштан кийин камкордукка албайт. Балдар үйүндө тарбияланган ар бир баланы кесипке үйрөтүп, ал жерде кийинки жолуна багыт берүү керек. Азыр кризистик борборлорду ачалы деп, шаар кеңешинин депутаттарына эч жеткире албай жатабыз. Балдар үйү менен кризистик борбордо тарбиялангандардын айырмасы өтө чоң. Ар кыл тагдырга туш болгон, таштанды балдар соңку учурда көбөйүп бара жатат. Анан ошол эле учурда шаар бийлигине балдар үйүнөн чыккандарга коомдук жатаканалардан орун берүү боюнча кат жазсак, аларды кезекке коюшат. Андан көрө жылына бир жолу жетим балдар үчүн бир батир ажыратып койсо жакшы болмок.

Мамлекет аларды турак жай жана жумуш менен камсыздоого тийиш. Алар жарандык алган соң өз алдынча турмуш куруп, андан ары жашап кетүүсү кыйын болот. Бул багытта азыр мамлекеттин деле чамасы чакталуу.
Абдилбап Мамарасулов

Шаар бюджетинен каржыланган "Ак-Бермет" балдар үйүндө учурда тогуз бала тарбияланууда. Алардын эң кичүүсү үч жаштагы Жумагүл. Аны апасы апты ай мурда бейтааныш адамга убактылуу кароого таштап кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Азыр анын апасын укук оргоо органдары издеп жатат.

Жергиликтүү талдоочулардын бири Абилбап Мамарасулов интернат балдарын жаштайынан кесипке үйрөтүү керек деген ойдо.

- Мамлекет аларды турак жай жана жумуш менен камсыздоого тийиш. Алар жарандык алган соң өз алдынча турмуш куруп, андан ары жашап кетүүсү кыйын болот. Бул багытта азыр мамлекеттин деле чамасы чакталуу. Көбүнчө буларды камкордукка алуу маселеси анчейин колго алынбай жатат. Турмушка берип гана койбой аны кесипке үйрөтүп, багыт берүү керек. Балдар үйлөрү балдарга жол көргөзүп бериши керек. Бирок андай болбой жатпайбы.

Жалал-Абад облусунда учурда эки балдар үйү, бир реабилитациялык борбор жана бир психоневрологиялык балдар үйү иштеп келет.

Адистер соңку кездери өз балдарын кароосуз таштап кеткен ата-энелер көбөйүп жатканын айтып, коңгуроо кагууда.

Балдар үйүнөн чыккандар колдоо күтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00

XS
SM
MD
LG