Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Балдар үйү: жетим балдарга эне болгон жетекчи


Жалал-Абаддагы “Ак бермет” аттуу балдар үйүндө алты улуттун уул-кыздары тарбияланат. Алар күнү-түнү жанынан жылбай, камкордук көргөн үйдүн жетекчисин апасындай көрүшөт.

“Ак бермет” аттуу балдар үйүндө жашаган өспүрүмдөр орус мектебинде билим алганы менен баары кыргыз тилин билишет. Кышкы эс алууга чыкканы үчүн алар мектепке барбай, ашканада табышмак менен баш катырманын жандырмагын чогуу издеп отурушту:



Балдар үйүнүн тарбиялануучулары бош убактыларын китеп окуу менен да өткөрүшөт. Орус баласы Саша жомоктордон сырткары саясий китептерге да кызыгат.

Султан Ибраимов тууралуу китепти колуна алган Сашаны кыргызча туура окууга эжекеси үйрөтүүдө:



Томолой жана жарым жетим болгон көп улуттун балдары үйдүн жетекчиси Алима Ташбаеваны энесиндей эле көрүшөт. Анткени ал көчөдө калган балдарды ушул үйгө жайгаштырбадыбы. Июнь тополоңунда бир көчөнүн балдарын үйүнө жашырып жана кан басымы көтөрүлүп, ооруканада жатса да, балдарын унутпай, кабар алган күндөрү болду.

Балдар улутка бөлүнбөйт

Ар кайсы улуттун балдары бул үйдө ынтымактуу жашайт. Ата-энелеринен тирүүлөй жетим калган балдар тууралуу Алима Ташбаева буларды айтат:

- Бизде алты улуттун балдары: кыргыз, казак, татар, орус, башкыр, өзбек балдары жашайт. Мэриянын чечими менен томолой жана жарым жетим балдар келет. Кээде балдардын саны он сегизге чейин жетип кетет. Бир үй-бүлөнүн үч баласы бар, алардын энеси ооруп, психоневрологиялык ооруканада жатат. Эң жакшы жери булар өздөрүн билбейт, ким экендигин сүрүштүрүү ойлоруна да келбейт. Үйүндө жалаң орусча сүйлөгөн Саша бул жерде кыргызча таза сүйлөйт.

Башкыр баласы Тимур жакшы окуйт. Жаңы жыл алдында губернатордун балаты майрамына катышкан экен. Балдардын улуусу Акмал техникалык лицейде окуп, устачылык өнөрдү үйрөнгөнү менен балдар үйүнүн жетекчиси Алима Ташбаева сыймыктанат:

- Тимур балам 3-мектепте окуйт. Кийинки жылы президенттик балатыга камынсакпы деп жатабыз. Класс жетекчиси муну мактап атат, эми класстын президенти болот экен. Төртү азайып, беши көбөйүптүр, ага чейин эмне сөз угам деп ойлондум эле. Бул мен үчүн өткөн жылы эң жакшы белек болду. Муну былтыр сүннөткө отургуздук. Буйруса, быйыл Сашаны да сүннөткө отургузуп, мусулман кылалы деп атабыз. Акмал болсо, ушул жерде жашап, лицейге барып окуп жатат. Светибиз өчүп калганда монтерлорго айтсак, мынча акча бересиң, баланча сом бересиң деп баалашып калат эле, эми Акмал андай иштерди өзү эле жасап калды.

Өспүрүмдөр балдар үйүндө китеп окуп, кыргыздын дастандары менен да тааныш. “Манас” эпосуна кызыгып жүргөн өзбек тектүү бала Акмал улуу дастандан үзүндү да айта салды:



Балдардын тилеги, эненин жүрөгү

Балдар минтип өз ара күбүрөшүп отурганда, тарбиячы эже түшкү тамакка кам урду:

- Азыр түшкү тамакка нокот кошулган эти менен сорпо бышырып берем, кечкисине мастава салып берем. Тамак-аш жетиштүү.

Балдар үйүнүн чатырлары менен жердеги тактайлары эскирип калган. Жыл сайын оңдолуп, сырдалганы менен балдардын жана кыздардын бөлмөлөрү сыз тартып турат:

- Элүүнчү жылы курулган там экен. Фундаменти түшүп калган, мешти жакшылап ысытканы менен баары бир сыз болуп турат, полдорун кичине көтөрүү керек, шыйпырдан тамчы өтөт. Мешти оңдогонго акча жетпей жатат десем Жалал-Абад шаардык Кеңеш төрагасы Таалай Абдуллаевич он беш миң сом акча бөлдүртүп берди, ошону менен мешти оңдотуп алдык. Балдар ооруп калбасын деп эле күнү-түнү чуркаганым чуркаган. Башка уюмдардан да жардам келип турат. Өткөн жолу Жалал-Абаддагы ишкерлик университетинде окуган оогандык жигит жардам берип кетти. Мен “өзүң студент болсоң, үйүңө жеткенге жол киреге акчаң калбай калса кантесиң?”,-десем, колунда бардар адамдын баласы окшойт, “мен ушундай адамдарга соопчулук кылганымды укса, атам да аябай сүйүнөт”,-дейт.

Алима Ташбаева жаңы үй курууга шаар мэриясынан жер сураган. Жергиликтүү бийлик менен Жалал-Абад шаар кеңеши балдар үйүнө тиешелүү маселелерди карап жаткан экен:

- Балдарга байланып калгам да. Бир жолу кан басымым көтөрүлүп ооруп калсам, Акмал сүйүндүрүп атпайбы: “Апа, оорубаңыз, мен чоңойсом иштеп акча таап, сизди ажыга алыпбарып келем” деп. Дагы бирөө “мен чоңойгондо артист болуп, концерт койгонумда, сизди алдыңкы катарга отургузуп, гүл карматам” деп кубандырды да. Анан кантип таштап кетесиң мындай балдарды! Өзүмдүн балдарым эр жетип, үйлүү-жайлуу болуп калышкан.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG