Кыргыз шарабы бүт дүйнөгө чыгат!
Соңку жаңылык: Кыргыз бордосу бүгүн дүйнөдөгү атактуу шараптардын катарына кошулду. Анын баасы эл аралык базарда француздардын бордо шарабынан ашса ашат, кем калбайт. Бүгүн кыргыз-бордо шарабы, туризм менен катар, экономикабыздын башкы киреше булагына айланды.
Мындай кабарды уксаңыз, бул кайдагы фантастика деп ойлойт болушуңуз керек. Бирок мындай жаркын келечекке ишенген адам бүгүн арабызда жашап жүрөт!
Анда таанышып коюңуз: Рене Канья – француз армиясынын ардактуу эс алуудагы офицери, жазуучу, сүрөтчү жана Кыргызстандын 11 жылдан берки туруктуу жашоочусу:
- Чүй менен Ысык-Көлдө француз шарабын өндүрүүгө эң сонун мүмкүндүктөр бар! Эгер франциялык адистерден жардам болсо, кыргыз шарабын грузин виносундай бүт дүйнөдө сатса болооруна кепил боло алам, анткени силерде эң мыкты жүзүм бар.
Бордо шарабы негизинен кызыл түстө жана даамы кыйгыл келип, дүйнөдөгү эң кымбат шараптардын бири деп саналат. Бирок Бордонун ка шарабы да баалуу. 18-кылымда жасалган Сотерн деген таттуу шарап мындан төрт жыл мурда Лондондогу аукциондо 90 миң долларга сатылган. Мына ушул Сотерндин бир түрү кыргыздар менен шилекей алып, достошкон Бордо аймагындагы Бомм деген айылда жасалат.
Ооба, Бомм менен кошо аты татаал Пюжол-сүр-Сироң деген дагы бир айыл кадимки эле Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айылы менен түгөйлөштүк тууралуу грамота менен алмашышкан. Бул жөрөлгөгө Рене Канянын түздөн түз тийешеси бар. Көрсө, иш мындай болгон экен:
- Мен Пюжолдон электрондук кат алып турам, алар жума сайын интернет аркылуу айылдагы соңку кабарларды таркатып турушат. Бир ирет андан бул айылда «Арык» деген өзөн бар экенин окуп калдым. Бюллетендин авторлорун «бул түрк сөзү болушу мүмкүн» деп жаздым, ошондон Кыргызстанга кызыгып калышты, азыр эми түгөйлөшүп алышты.
Рене Каня 1990-жылдардын башында өзүнүн Франциядагы айылын Молдовадагы айыл менен достоштурган, андан бери ортодо бир туугандык ымалаш мамиле түзүлгөн:
– Биздин айылдын тиш догдурлары бир клиниканын техникасын бүт жиберишкен. Андай техника ал кезде Молдовада жок болчу. Азыр молдовандар Францияга жайында, күзүндө барып иштешет. Адистер, динаятчылар, жаштар арасында мамиле түзүлүп, кыз алып, кыз беришип, айтор эң мыкты жыйынтык болду.
Француз-молдован түгөйлөшүүсүнө 20 жыл болгон, ал эми француз-кыргыз түгөйлөшүүсү эми гана башталып жатат.
Француз балдары кыргыз боз үйүн тиккенди үйрөнүштү
Туз буйруп, быйыл жайда көлдүктөр менен түгөй болгон Бордодогу Бомм, Пюжол-сүр-Сироң айылдарына барып калдым. Кыргыз журналисти келатат экен деп айыл башчылары маданият борборунун алдында тосуп турушуптур.
Алар бул жайдагы компьютердик клубун көрсөтүшүп, «Жети-Өгүздөгү мектептердин бирине бир компьютер алып берели дедик, француз тилинен окуу китептерин жиберсек жакшы болот элек, бирок Оштогу окуялардан кийин ортодо байланыш начар болуп кетти», - деп айтышты.
Ага карабастан, август айында бул жактан бир мугалим Жети-Өгүздө болуп кайтты. Ал эми өткөн кышта айыл мектебинде балдарды кыргыздын боз үйүн жасаганды үйрөтүшкөн.
Бернар Кураң - Бомм айлынын башчысы. Боз үй сабагын уюштурууга өзү баш-көз болгон:
- Биз башында кагаздан кичинекей боз үйлөрдү жасадык, андан кийин балдарды кадимки боз үй тиккенди үйрөттүк. Башкалары нан жабышты.
Ата-энелер бул сабактарды видеого тартып, дискке көчүрүп коюшкан экен, конокторго сыймыктануу менен көрсөтүштү.
Боз үйдүн кереге, уук, түндүгүн устаканадан кестирип келишип, кадимкидей боз үй тигишиптир. Бир гана жери - кийиз жок, таар менен жабышкан экен. Бирок бул балдар, эми түн ортосунда ойгонсо да, боз үй алатоолук көчмөндөрдүн үйү экенин жаңылбай айтып бере алаарында шек жок.
Жети-Өгүз менен шилекей алышкан айылдарды көрүүгө биз менен кыргыздын күйөө баласы Давид Гаүзер да келди. Кыргызстандын саясаты боюнча жаңы эле докторлук эмгегин жактаган Давид кыргыз-француз достук коомунун вице-президенти катары эки элге данакер. Ал былтыр кышта Рене Каня менен бирге Жети-Өгүзгө барып, бордолук эки айылдын кызматташттык грамотасын тапшырууга катышкан.
Кийин Давид менен Бомм айлындагы атактуу Сотерн ак шарабын жасоонун сырларын үйрөткөн техникумга бардык. Шарап жасаган ферма Францияда “шапо” деп аталат. Бул техникумдун аты да окуу жай жайгашкан санжыргалуу ак сарайдын мунарасынан улам Шапо Ла Тур Бланш же Ак Мунара Шапосу деп аталат. Жүзүм талаалары менен курчалган күнөстүү дөңсөөдө жайгашкан окуу жайда бизди техникумдун директору Алекс Барру тосуп алды.
Анын айтымында, бул окуу жайдын имаратын жергиликтүү ишкер тартуулаган, окуусу бекер, 80 окуучу 5 жыл окуйт, кийин кааласа мындан 50 чакырым түндүк-батыштагы Бордо шаарында Технологиялык институттан окуусун уланта алышат.
Давид Гаүзердин айтымында, учурда Кыргызстандын Улуттук Университетинин чет тилдер факултетинин үч студентин ушул жакка алып келүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Бирок азырынча француз тилин үйрөнгөн студенттер болгону үч жумага келишмекчи.
Алекс Барру конокторго түсү алтындай тунук сары Сотернден сунду. Витринада коюлган шишилердин баасын карасам, 2007-жылы куюлган бир литри 20 евро, 1998-жылдагы жүзүмдөн жасалганы 40 евро экен. Ал эми төрт литрлик шишенин бетинде 2000 евро деп бадырая жазылып турду.
Кыргызстанды Швецариядай гүлдөтсө болот...
Көз карандысыздыктын жылдарында кыргыздар демилгени илгиртпей илип алган, тапкыч эл экенин далилдей алды. Жеке ишкерлер бүгүн Кыргызстанда экономиканын түпнегизин түзүп калды. Рене Канянын ишениминде, жаңы идеялар үчүн азганактай акчасын тобокелге салган ишкерлерге тоскоолдук болбосо, Кыргызстан Швецариядай гүлдөп, өсөт:
- Швецариянын экономикасы башынан жеке демилгеге таянган. Анан жыйынтык болгон. Кыргызстанда да тез эле жыйынтык боло баштайт. Бул үчүн шымаланып эмгектениш керек, кол куушуруп отура берген жаман. Силерде ишкерлер бар. Бизде да кызыккандар бар. Мына ошол ишкерлер арасында алака түзүш керек. Шаар-кыштактарды түгөйлөштүрүү - дал ошол демилгелүү, иштен качпаган адамдардын ортосунда байланыш түзүүнүн эң мыкты жолу.
Францияда түгөйлөшүү программасы мамлекет тарабынан колдоого алынган. Пюжол-сүр-Сироң айылы, мисалы, испаниялык бир айыл менен түгөй.
Испаниядан айырмаланып, Кыргызстан алыс, коррупциялашкан жарды, дини да, тили да бөлөк, саясий жактан туруксуз өлкө дээрсиз. Бирок кезегинде дүйнөлүк держава болгон Франция ар түркүн элдер менен эзелтеден ар кандай алака түзүп көнгөн. Ошондуктан, кеп француздарда эмес, кыргыздарда.
Анын үстүнө, Кыргызстандын Франция менен мамилеси кечээ башталган жок.Аздыр-көптүр байланыштар бар. Анын ичинде Гренобл университети менен Бишкектеги Улуттук университеттин он жылдан берки натыйжалуу кызматташтыгын атасак болот. Франциялык энергетика фирмалары Суусамырда, Кумтөрдө иштешкен, ГЭСтерди куруу, темир жол салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Азыркы тапта, эң келечектүү багыт катары туризмди атасак болчудай. Рене Канянын айтымында, бүгүн Ала-Тоо жергесине келген чет элдик туристтердин арасында француздар эң көп. Анын эсебинде, жалпы жонуна Кыргызстанда 40 чакты француз туруктуу жашаса, ар түрдүү себептер менен келип кетип, улам каттап тургандардын саны бир миңге чукулдап барат. Ал эми былтыр Кыргызстанга Франциядан 10 миңдей турист келген.
- Муну “баскынчылык” деп атасак да болчудай. Кызыгуу бар. Бизде Альпы тоолору бар, тоого көнгөн элди силердин тоолор кызыктырат, - дейт Каня.
Чет элдик туристтер адатта майлуу тамакка тоюп алып, көл жээгинде күнгө какталып жатканды жактырышпайт. Алар такай кыймыл-аракетте болуп, жер көрүп, эл көрүп жүргөндү каалашат. Маектешибиздин сөзү боюнча, спорттун түрлөрүнөн француздар биринчи кезекте треккинг же тоодо жөө сейилдөө, рафтинг, же шаркырап аккан тоо суусунан кайык менен түшүү сыяктуу спорттун түрлөрүнө кызыгышат.
Бишкекке кайтып келгенде алар ресторан, кафелерде шашпай түштөнүп, кофе ичип отурушат. Ал эми илбериңки чайчы ага Бордонун шарабынан сунса, бейишке чыккандай сезет болуш керек.
Бир жери, азырынча шарап жаатында маселе көп. Чет элдик шараптын түрү чектелүү, ал эми Бордо шарабын импорттогон бир французду Францияда окуп келген кыргыз “СНБга чыгып, көзүңдү тазалатам” деп коркуткан экен.
Бул тууралуу Давид Гаүзерден угуп, Рене Канядан сурасам, дипломат эмеспи, андайды уккан эмесмин, бирок турмуш оңолсун десеңер, кыргыздар, ишкерлерге мүмкүндүк бергиле деп жооп берди:
- Бул тууралуу эч нерсе билбейм. Бизнесмендердин демилгесине эч качан тоскоол болбош керек. Алардын ишинен майнап болсо, көп кишиге иш орундары түзүлөт, экономикага акча түшөт. Ишкерлерге тоскоол болбой, сырттан гана байкоо салып туруш керек.
Ошентип, Пюжол-сүр-Сироңдун “Арык” деген өзөнүн көрүп, Боммдогу шарап техникумун кыдырып, жолум андан ары Ошко карай уланды.
Ооба, Францияда да Ош деген шаар бар, жана кечээ жакында Кыргызстандагы Ошко келген франциялык депутат бул эки шаарды достоштуруу демилгесин кайра сөз кылды. Бирок Жети-Өгүздөн айырмаланып, Ошко, эки Ошко тең байланышкан биз билген да, билбеген да пробеламар бар экен, алар тууралуу башка жолу сөз кылалы.