Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ БОЮНЧА КЕЛИШИМДИ ПАРЛАМЕНТ БЕКИТТИ


Жогорку Кеңеш бүгүн “Кыргыз-казак чегарасы жөнүндө” келишимди көпчүлүк добуш менен жактырып бекитип берди. 65 депутат жактап, 14 каршы добуш беришти. Келишимди талкулоо учурунда социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү бул маселе боюнча эл-журт, коомчулук менен акылдашып чечим кабыл алууга чакырышты. Анткени аталган келишим боюнча Каркыра өндүү айрым кыргызга кымбат жерлер Казакстанга өтүп кетип жатат деп нааразылык чыгып, каршылык акциялары Ысыккөлдө, Бишкекте болуп жаткан.

Депутат Роза Отунбаева мындай маселелерди Президент Бакиевдин Казакстанга расмий иш сапарына белек катары даярдоого катуу каршы экенин, эл-журт арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй атканын билдирди.

“Мындай маселелер эч качан конфиденциалдуу болбойт. Конфиденциалдуу маселенин өзүнүн жагдайы бар, чегара боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканда ал боло берет, ал эми бүгүн бул маселе парламентке келди, бир эмес, экинчи, үчүнчү жолу келип атат. Ошондуктан бул эч качан конфиденциалдуу болбойт. Биз мындан эч кандай драматизация кылбашыбыз керек, эч кандай шашпашыбыз керек. Эч качан мындай маселелерди визиттерге даярдабашыбыз керек. Мындай маселелер өз орду менен чечилиш керек”,-деп баса белгиледи Роза Отунбаева.

Ал эми “Ак Жол” фракциясынан чыгып сүйлөгөн депутаттар чегара маселесин создуктурган болбойт деп, эртеңки күндүн энчисине калтырбай чечим кабыл алууга чакырышты.

“Биз эмне үчүн шашып атабыз. Эл аралык келишимдер жөнүндө Вена конвенциясын окугула, анын талаптары кандай экенин. Бардык чегара сүйлөшүүлөрү ыкчам жана кыска убакытта чечилиши керек. Анткени бардык чек ара проблемалары согушка алып келет.
Бул маселени эртеңки күндүн энчисине калтыруу аймактарда экспанияга алып келет, чегаралар биз жакка тереңдеп кире берет. Биз эмне үчүн жол берип жатабыз. Анткени биз чабалбыз, биздин күчтүү армиябыз жок. Керектүү сандагы танкаларыбыз жок, мамлекеттик сырды ачык айта турган болсок. Эгер биз бул маселени тез арада чечпесек анда биз жерибизден биротоло айрылабыз”,-деп сүйлөдү “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Зайнидин Курманов.

XS
SM
MD
LG