Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына менчик мектеп, бала бакча ачууга уруксат берилгенин билдирди.
Ал тиешелүү буйрукка кол койгонун жарыялап, мындай чечим жеке билим берүү жайларын өнүктүрүү, мектеп, бала бакча тартыштыгын жоюу үчүн ушундай чечим кабыл алынганын кошумчалады.
“Коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандарыбыз көп кабаттуу үйлөрдө жашайт жана балдарыбыз да ошол жерде жашашат. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары абдан катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт”, - деди ал.
Нурдан Орунтаев турак жай комплексдеринде балдар аянтчалары күндүз көп учурда бош турарын, аларды максаттуу пайдалануу керек экенин айтты.
2024-жылдын октябрь айына карата, өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет.
Кыргызстанда мектеп жана бала бакча жетишсиздиги дагы деле курч бойдон турат. Ушундан улам бир класста 30-40тан ашык бала окуган учурлар көп. (BTo)
Шерине