Вашингтон жарыялап, кийин Ирактын Башкаруу Кеңеши тарабынан жактырылган план боюнча, адегенде келээрки майдын аягына чейин Иракта улуттук жыйын, же убактылуу парламент тандалышы керек, андан кийин ошол жыйындын мүчөлөрү июнь айында утурумдук өкмөттү шайлашат. Ошондон тартып формалдуу түрдө АКШга баш ийген Башкаруу Кеңеши өз бийлик укуктарын жоготуп, Америка жетектеген коалициялык күчтөрдүн Ирактагы оккупациясы аяктаган болуп саналат.
Вашингтон бул багыттагы алгачкы кадам – улуттук парламенттин мүчөлөрүн ар бир провинцияда өтчү жабык жыйындарда тандоону сунуш кылган. Бирок, бул демилгеге ирактык шийилер каршы чыгып, эгерде утурумдук парламент тикелей шайлоо аркылуу тандалса, элдин ишеничине ээ болуп, ошондой эле кийин ал бекиткен өткөөл өкмөттүн бийлик укуктары да мыйзамдуу болоруна басым жасашууда. Утурумдук парламент 2005-жылдын март айында Ирактын Конституциялык жыйыны, ошол жылдын аягында бүткүл элдик шайлоо өткөнгө чейин өмүр сүрүшү күтүлөт.
Ирактык шийилердин лидери, Улуу аятолла Али Систани АКШ сунуш кылгандай, убактылуу парламентти провинциялардагы жабык жыйындарда тандоого каршы экенин аны менен жолугушкан саясатчылар билдиришти. Анын пикирин кийинчерээк Ирактын Башкаруу Кеңешинин шийи мүчөлөрү да колдоп чыгышты. Өлкөдөгү суннилер жана башка диний, улуттук тайпалар арасында карама-каршы пикирлерди жараткан шийилердин мындай позициясын Лондондук аналитик Нейл Патрик төмөндөгүдөй чечмелейт.
- Утурумдук парламентти жабык жыйындарда тандоого каршы чыккандарды түшүнсө болот, анткени андай болгондо улуттук жыйындын мүчөлөрү жалаң азыркы Башкаруу Кеңешине жагымдуу адамдардан куралып, калган ирактыктар четте калат деген кабатырлануу негиздүүдөй сезилет.
Иракта бирок, шийилер саны жагынан басымдуулук кылганы менен, алардын коңшулаш Ирандагыдай ислам республикасын түзүү ниетин колдобогондор аз эмес. Анын үстүнө Башкаруу Кеңешинин айрым мүчөлөрү Иракта азыр тикелей шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деген пикирлерин айтышууда. Ага биринчи кезекте өлкөдөгү бейстабилдүү кырдаал тоскоол болору талашсыз.
Жакында Ирактын америкалык башкаруучусу Пол Бремер өлкөнүн эгемендүүлүгүн шарттай турган аракеттер жаңыдан башталып жаткан чакта коалициялык күчтөргө каршы чабуулдар күч алаарын эскерткен. Анын бул сөздөрүн ырастай, шейшембиде Ирактын түндүгүндөгү Мосул калаасында америкалык базанын кире беришинде жеңил машине жардырылып, 40тан ашуун аскер жараат алышты. Ага удаа Багдадда суннилердин мечитинин жанында бомба жарылып, ал жерде бир нече киши каза тапканы кабарланды.