Грузиянын мурдагы президенти, Тбилисиде түрмөдө жаткан Михаил Саакашвили Украина президенти Владимир Зеленскийге кайрылды. Анда ал өзүн Орусия–Украина согушунун украиналык жарандык туткуну катары таанып, мүмкүн болсо айырбаштап алууну суранды.
Саакашвили өзү Украина жараны экенин жана буга чейин Зеленскийдин жетекчилигиндеги Улуттук реформалар кеңешинде иштегенин белгиледи.
"Украиндер өз адамдарын таштабайт деп билем жана сизге ишенем", — деди Саакашвили.
2015-жылы Саакашвили Украинанын ошол кездеги лидери Петро Порошенконун жарлыгы менен украин жарандыгын алып, алтургай Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган.
Эки жыл өтпөй алардын мамилеси начарлап, Порошенко Саакашвилиге берилген жарандык жөнүндөгү жарлыкты артка кайтарган. Ошол кезде ага Украинага кирүүгө 2021-жылга чейин тыюу салынган.
2019-жылы Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан көп узабай Саакашвилинин украин жарандыгын кайра кайтарып, аны Реформалар боюнча аткаруучу комитеттин жетекчиси кылып дайындаган.
2021-жылдын сентябрында Саакашвили Грузияга кайтып барган. Мекенине барары менен кармалып, кийин бир нече кылмыш иши боюнча соттолгон. Чыгарылган өкүмдөргө ылайык, ал 2034-жылга чейин абакка кесилген.
Ал бир топ ай Тбилисидеги жеке клиникада кайтарууда дарыланып, бир нече күн мурда эле кайра түрмөгө которулду.
Украина бийлиги бир нече жолу Грузияны Саакашвилини Киевге дарылоого өткөрүп берүүгө чакырган. Ал эми Саакашвили 2021-жылы эле Зеленскийге жазган катында өзүн "Путиндин жеке туткуну" деп атаган.
Шерине