Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишин караган сотто эксперт Азамат Жанышбек уулу сурак берди. Депутат Молдобекова жардамчысынын кармалды. Орус армиясы Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул койду. Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” жана “Кең-Сай” өткөрүү бекеттери кайра ачылды.
Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилди.
Тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды. Газада Израилдин аскерлери абадан сокку урганда Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду. Сокулук районунда мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду.
Зеленский Курскидеги операцияда Орусия алты миңдей аскерин жоготконун билдирди. Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн орус жергесине алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды.
Париж паралимпиадасына Борбор Азиядан ондогон спортчу катышып, алтын медал тагынгандар бар. Параолимпиада - алардын көптөн күткөн кыялы. “Азаттык” олимп кыштагында толгон-токой кыйынчылыктан өтүп, кыялына жеткен Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан келген үч спортчу тууралуу айтып берет.
Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиадада кыргызстандык спортчулар Айтунук Жоомарт кызы жана Гүлназ Жүзбаева мелдешти жыйынтыктады. Дзюдочу Маматибраим Суранов 6-сентябрда таймашка катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 8-сентябрда күч сынашат.
Бишкек шаардык соту Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карады. Ленин райсотунда 11 журналисттин иши уланды. Израил Газадан тышкары Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги масштабдуу операциясын улантып, ондогон адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Парижде Жайкы Паралимпиада оюндары расмий ачылды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Мирбек Ахматалиев бир айга камакка алынып, футболдон беш жылга четтетилди. Ал командалашына кол көтөргөн деп айыпталууда.
Эл аралык Олимпиада комитети 2028-жылы өтө турган Лос-Анжелестеги жайкы оюндардын тизмесине боксту кошкон жок.
Дагы жүктөңүз