Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Кожо Жоэл "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Бишкекте өткөн KFU Football Awards-2024 аттуу иш-чарада Кожо Жоэлден сырткары бир катар футбочулар, машыктыруучулар сыйланды.
Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча курама командаларынын башкы машыктыруучулары кызматтан кетип, алардын ордуна жаңылары шайланганын Күрөш федерациясы расмий жарыялады.
Теги чечен мушкер Артур Бетербиев бокс боюнча абсолюттук чемпиондукту уткандан кийин аны Грозныйда шаан-шөкөт менен тосушту. Бирок анын атаандашы Биволдун тарапкерлери эле эмес, күйөрмандар да Бетербиевдин жеңиши талаштуу экенин, Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров аны кантип калкаларын белгилешет.
Ушул аптада Бишкекте Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясы жана Чүйдүн Орок айылында “Мурас Юнайтед” футбол клубунун машыгуу базасы ачылды. Футбол адистери бул борборлор Кыргызстандын футбол чемпионатын күчтөндүрүп, өлкөдө футболду өнүктүрүүгө шарт түзөт деген пикирде.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундунун төртүнчү турунда Түндүк Корея курамасын 1:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болду.
Украинанын Аскердик-аба күчтөрү өткөн түнү Орусия учурган 53 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Өзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алынды. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясын алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыштырбасын айтты.
Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкбөрү боюнча курамасы жеңүүчү болду. Ал эми көкпардан (жер улак) Казакстандын улакчылары биринчиликти алды. Ошентип Көчмөндөр оюндарында көкбөрүдөн жана көкпардан мелдештер өз-өзүнчө өттү. Бул жолку беттеш оюндун эрежелериндеги талашты, ошондой эле спортчулардын жүрүм-туруму, бул спортту эл аралык деңгээлге алып чыгуу сыктуу мурда сөз болуп келген талкууларды кайрадан көтөрдү.
Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишин караган сотто эксперт Азамат Жанышбек уулу сурак берди. Депутат Молдобекова жардамчысынын кармалды. Орус армиясы Украинанын Сумы облусунун Конотоп шаарына чабуул койду. Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Суу” жана “Кең-Сай” өткөрүү бекеттери кайра ачылды.
Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курама командасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилди.
Тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, оор абалда ооруканага түшкөнү кабарланды. Газада Израилдин аскерлери абадан сокку урганда Ал-Маваси лагеринде 40тан ашуун киши набыт болду. Сокулук районунда мектептеги мушташтан 9-класстын окуучусу каза болду.
Дагы жүктөңүз