Ал жерде анын чыгармаларын изилдөө, жарыялоо маселелери козголгон.
«Молдо Кайып ыр кылды, Айтылар терең сыр кылды...»
Молдо Кайып Козубай уулунун айрым чыгармалары учурунда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда сакталып, социализм доорунда аз жерден китеп болуп чыгып кала жаздаганын айтылуу фольклор таануучу Сулайман Кайыповдун эскерген жайы бар.
Илимпоздун айтуусунда, Балык, Найманбай, Ботобай, Эсенаман, Чонду, Солтобай, Жеңижок, Калмырза сындуу төкмө акындардын, Алдаш Молдо, Нияз Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кайып, Нур Молдо, Молдо Багыш, Казыбек казалчы сындуу кат тааныган акындардын чыгармаларын топтоп, аларды эки том кылып чыгаруу аракети ошол кездеги идеологиялык камчыдан биротоло жүрөкзаада болуп калган окумуштуулардын каршылыгына кабылып, биртоп авторлор ал китепке кирбей, социалисттик цензурадан чочулагандардын этияттыгынан багы ачылбаган акындардын эки томдугу бир томго түшүп, 1980-жылы «Эл ырчылары» деген аталышта «Кыргызстан» басмасынан чыккан.
«Менин жыйнагымдын кол жазмасына Молдо Кайыптын кандай саптары киргени азыр эсимде жок. Ортодон жарым кылымдай убакыт өтүп кетиптир. Окуган ырымды жаттап калмай, жаттап калбасам, кийин кайра окуганда сын-сыпатын эсиме түшүрө коймой адатым бар эле, жадыма бир нерсе келер бекен деп, ыр саптарын кыйла тинтип, тааныш сөздөрдү издеп көрдүм. Бирок көзүмө эч нерсе илинбеди. Балким, кандайдыр бир себептер менен, акындын ал ырлары бул кол жазмага алынган эмес чыгар. Ким билет», - деп жазат С.Кайыпов (Молдо Кайып. Казал-мурас. Ырлар. Бишкек, Турар, 269 – 270-бб.).
Кашкар менен Букарда билим алып, жашоо-тирилигин айылда өткөргөн сабаттуу акындын совет заманында Кыргыз илимдер академиясынын Кол жазмалар фондунда 380 саптан турган адабий мурасы сакталып турганын, аны китеп кылып чыгаруу милдетин мурдагы президент А.Акаев Илимдер академиясынын жетекчилигине тапшырганын, а бирок мамлекет башчынын жардамчылары кол жазманы алып кеткен боюнча кайтарышпай койгонун Молдо Кайыптын «Казал - мурас» китебине жазган баш сөзүндө акын Нурлан Калыбеков өкүнүч менен белгилеген. Окуган текстин жадында бекем сактап калчу Сулайман Кайыповдун китептен «тааныш сөздөрдү» таба албай жатышынын бир себеби мына ушул жагдайга байланыштуу болушу ыктымал.
Молдо Кайыптын диний түшүнүк, көз караш, окуяларга арбын кайрылышы анын Чыгыш поэзиясын мыкты билерин айгинелеп турат. Ушул ыңгайда акындын «Жусуп пайгамбар» дастаны өзгөчө кызыгууну жаратарында шек жок. Түпкүлүгү библиялык сюжеттен тамыр жайган аңыз кеп чыгыш акындарынын кызыгуусун арттырып, айтылуу «Жусуп менен Зулайка» дастаны жаралган. Учурунда ушул темага кайрылган немис классиги Томас Манн «Иосиф жана анын агайындары» төртилик романын жараткан. Ыйык китепте үстүрт баяндалган окуяны ал кеңири эпикалык масштабдагы тетралогияга айланткан, бул ишти жүзөгө ашырууда чыгыш акындарынын дастандарын окуп, биртоп маалымат алганын айтылуу классиктин чыгармачылыгын изилдеген окумуштуулар белгилеп жүрүшөт.
Молдо Кайып чыгыш поэзиясында көп ырдалып, поэтикалык салтка айланып калган темага диний өңүттөн караган. Дастанда ал «Жусуп» сүрөөсү кантип түшүрүлгөнүн, таза болуунун кыйындыгын, зомбулукка баш бербей, чындык үчүн күрөшүүнүн оордугун, ишенимге берилген пенде баласы акыйкатка умтулуп, ак жолунан танбашы керектигин ырастоо үчүн белгилүү сюжетти тандап алган. Жусуптун өмүрү башкаларга багыт берип, адашкан адамдар андан жол табарын ырастаган.
Курандын текстине кирип кеткен аңыз кеп, уламыш, жомоктордун арасынан эмнеликтен Жусуп пайгамбардын тарыхына кайрылып калышынын жөн-жайын ал мындайча түшүндүргөн:
Дин илимим болгондон,
Окуп Куран Каримди,
Ой жүгүртүп толгонгом,
Тазалык деп, сабыр деп,
Мейли көрсөм жабыр деп,
Касиеттүү пайгамбар
Өткөн татаал жолдордон,
Аруулуктун багытын,
Азыркылар тутса деп,
Пайгамбардын өмүрү,
Балдар үчүн нуска деп,
Калем алып баштадым.
Чыгыш поэзиясында арзуу менен амалдын, адамгерчилик менен көралбастыктын, күтүү менен сабырдын ашташынан турган белгилүү сюжетке биртоп акындар кайрылган. Ошол жөрөлгөнү Молдо Кайып да улап, каргадай кезинен тагдырдын катаал сыноолоруна кабылган Жусуп пайгамбардын өмүр жолун ырааттуу баяндап берген.
Сыйкырдуу түш
Жусуп он эки жашында ажайып түш көрүп, аны атасына айтып, Кудайдан аян келгенин, он бир жылдыздын кучагында Күн менен Айды кармап турганын чечмелеп берген. Атасы уулуна бул кереметти агаларына айтпашын, антсе баары бузулуп каларын эскерткен. Ай менен Күн ата-энеси, он бир жылдыз бир туугандары экенин туюнтуп, Жусуп тирүүсүндө көп кууралга кабыларын, чегирткедей башы көп азапка малынарын, бирок баары бир туугандарынан кол үзбөөсүн суранган. Ыбырайым бабасынан бери иши жүрүшүп келаткан жамааттын жолун улай турган уулу баарына калыс болушун катуу табыштаган. Ата-бала ортосундагы жашырын кеп эч кимге айтылбай табышмак боюнча калышы керек эле. Жусуптун келечегин аныктаган, көктөн түшкөн аян узак мезгилди - бир өмүрдү камтыган узун таржымал.
Жусуп тагдыр жолунда кез келген тоскоол, азап-тозоктордун баарын утурумдук деп эсептеген. Анын ишин Жараткан өзү жалгап, бул жарыкчылыкка улуу миссияны аткарууга келгенин жакшы билчү. Бирок ата-бала сыр кылып сактаган түштүн маани-жайын шайтан билчү. Ал шойкон ата-баланын сөзүн угуп калган. Жакыптын бапыраган базар үй-бүлөсүн бузуп, эки аялынан туулган балдарын бири-бирине кайраштырып, өчөгүштүрүүнү өзүнө милдет кылып алган шайтан тилегине жетип, атасына нааразы балдары Жусупту алдап барып чөлдөгү кудукка түртүп ийишип, Жакыпка калпты айтышат. Пайгамбардын кырк жылга созулган узун одиссеясы ич ара көралбастыктан башталган.
Өтөт жолдон кербендер,
Алыс жактан келгендер
Дилин коюп акчага
Ырыскысын тергендер,
Алар таап алышар,
Алыс-алыс жактарга,
Кошуп алып барышар,
Кул катары сатышар,
Не бар акыл чатышар.
Кутулабыз Жусуптан,
Кезегинде унуткан,
Көңүл бурар атабыз,
Аны көрө жатабыз...
Бир туугандардын шойконун боолгологон Жакып: «Болсо болсун мейли деп, бешенеге жазганы» бардыгын ойлоп, айласыз макул болот. Кудукта калган Жусупту кербенчилер таап алып, аны Мисирге алып барып кул базарда сатып ийишкен. Пайгамбардын Мисирдеги жашоосу он эки жашынан башталат. Акимдин айдай сулуу жары Зулайка үй кызматчысы болуп жүргөн жаш кулдун өңүнө, акылына азгырылып, аны кандай да болсо өзүнө үйүр, каалаганда чер жазар көңүлдөшүнө айлантуунун амал-аргасын издей баштаган.
Окуянын сызыгы,
Ушул жерде кызыгы.
Китфийирдин аялы,
Кушу түшүп Жусупка,
Азгырам деп кызыды.
Ашып-ташып арманы,
Кээде тайып дарманы,
Үйүндөгү Жусупка
Ашык болуп калганы!
Мындай иш жерде жатмак беле, тез эле шаарга дайын болуп, калаа акиминин кызматчысы тууралуу айың кептер тарай баштаганда Жусуп кожоюнуна кыянат кылгандан көрө зынданда жатууну артык көргөн. Жалган жалаага кабылып абакка түшкөн. Кыйла жылын жарык турмушка жетпеген караңгы зынданда убакыт кечирүү ошондон башталган. Зындандагы кызматчынын канча жатканын санаган деле киши чыкпастыр, бирок эбепке себеп болуп ортодон дагы бир окуя чыгып атпайбы.
Мисир падышасы жатып алып түш көрсө, арык жети уй семиз жети уйду жеп жатат. Бул укмушка айран калган өкүмдардын түшүн жоруй турган киши чыкпай, акылдуулар кысталып турганда зынданда жаткан пайгамбарды эстешет. Көрсө ал түштүн табышмагы бар экен.
Удаама-удаа жети жыл,
Буудай эгин эккиле.
Ой-тилекке жеткиле,
Бузулбасын үчүн дан.
Машагында калтырып,
Камдангыла чарк уруп,
Данды жанчып алгыла.
Жети жылы каатчылык,
Болор мезгил алдыда,
Жети жылда кургакчыл,
Акыл кетет, эс кетет,
Кампаларга жыйналган,
Эгиндерди жеп кетет.
Бирок өлбөй, жан калат,
Үрөн кылып себерге,
Эгин кылып эгерге,
Азыноолок дан калат.
Жусуп жаанда жок акылгөйлүгүн көрсөткөндөн кийин Мисир өкүмдары аны зындандан чыгарып, жооптуу кызматка дайындайт. Анын жасаган-эткени падышага жагып, айтканы айткандай аткарылып турган чакта баягы шаар башчы каза болуп калат. Жусуп аким болуп дайындалат, калаа башчынын айдай сулуу жарына үйлөнөт. Зулайка сулуу менен Жусуп пайгамбардын арзып табышынын ушундай тарыхы бар. Арзышкандар эки перзенттүү болушат.
Соңунда Жусуп пайгамбар Мисирдин падышасы, жыйнаган эгини мол болуп кургакчылыктан азап чеккен шамдыктарга жардам берет. Жусуп менен бир туугандар акыры табышат. Бир туугандар ортосундагы ынтымакты шайтан бузганы, бала кезинде көргөн түшү аягында чынга чыкканы, чыгарманы окуган адам бул окуядан таалим, билим алышы керектигин Молдо Кайып баса белгилеген.
Пайгамбар Жусуп көргөндү,
Молдо Кайып ыр кылды,
Айтылар терең сыр кылды.
Акындын кепке алынган китебинде «Тасма баатыр баяны» дастаны да бар. Кадимки Шырдакбектин боз жоргосун ырга салган Молдо Кайыптын поэмасы биртоп кызыгуу менен окулат.
Ал көркөм сөз кудуретине үмүт артып, ак куржун толо ырлары унуттурбастыгына, билимдүү муундун көркөм энчисине айланарына көзү жеткени үчүн мураскорлоруна бекем табыштаган. «Эки ооз айткан» ырын эп тутуп айтчулар чыгарына айныксыз ишенген. Табият берешендик менен ыроологон жөндөм-шыгын билимге айкалыштырып, «каалаган ойго» жетиш үчүн Кашкарга барып окуп, буудандай чыгаан болуш үчүн Букарга чейин барып, каргадай кезинен топ жарып, калкынын арын талашканын сыймык менен жарыя кылган.
Акындык калк алдында ачылып, аламан топту жарып турушу керектигин, калайман топтун алдында калыстык сөзүн жарыя кылышка милдеткер экенин, оозунан чыккан сөзү жалпыга жукпаса бекерге кетерин баса көрсөткөн.
Анысы арадан кыйла убакыт өткөн соң чынга чыкканы менен алтынды дат баспастыгын, нукура талант баары бир элине кайтып келерин алгачкы саамалык катары чыккан Молдо Кайыптын «Казал-мурасы» айгинелеп турат. Бул китеп, акыйкатта да, казал-мурас.
Шерине