Жекшембиде Хан-Юнисте бир күн мурдагы соккудан жабыркаган тургундар урандыларга айланган турак жайдын астында аман калгандарды издеп, оокаттарын чогултуп жатышты. Мохамед Абу Уда бардык адамдардай эле түнкүсүн тынч уктагысы келерин айтат:
"Кошунамдын үйү биздикине кулаганда ойгонуп кеттим. Ракетанын добушу угулган эмес. Түтүн каптап, район катуу жарылуудан силкингенин сездик. Мүчөлөрү жулунуп кеткен кошуналарымды биздин үйгө алып келишти. Бир бала менен кичинекей кыздын дайыны табыла элек".
Рейтер агенттиги канча киши каза тапканы так маалымдала электигин, видеодо эки сөөктү алып чыгып жатышканы көрүнүп турганын жазды.
Ок атышпоо келишиминин экинчи баскычы боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелгени Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 18-мартта Газадагы согушту жандандырды. Эки айга созулган убактылуу жарашуу маалында израилдик 38 киши барымтадан бошотулуп, жүздөгөн палестиналык туткун Израилдин абактарынан чыгарылды. Газалыктар анклавдын түндүк тарабындагы үйлөрүнө кайта баштаган.
БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган кеңсеси (OCHA) кабарлагандай, соңку эки жумада 280 миңдей газалык кайрадан жер которууга аргасыз болду.
Ал арада ЦАХАЛ аскерлери ката кетирип, Газадагы куткаруучу жана медициналык кызматкерлерди өлтүргөнүн билдирди. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады.
23-мартта Палестинанын Кызыл жарым ай уюмунун "Тез жардам" машиналары, БУУнун жана Газанын жарандык коргонуу мекемесинин өрт өчүрүү унаасы бараткан кербен Рафахтын жанында аткылоого туш болгондо 15 киши мерт кеткен. Израил аскерлер ок ачканда, алар куралсыз болгонун моюнга алды.
Адегенде ЦАХАЛ унаалардын эки жакка каттоосу куралдуу күчтөр менен алдын ала макулдашылбаганын, жарыктарын күйгүзбөй жакындаганы «шек жаратканы» үчүн аскерлери ок ачышканын билдирген.
Бирок, бир катар агенттиктер менен маалымат каражаттары жазгандай, каза тапкан парамедиктин чөнтөк телефонуна тартылып калган видеодон жардамга жөнөгөн машиналардын жарыктары күйүп турганын, кызматкерлер караңгыда байкалган атайын униформа кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Сөз болгон видеону 5-апрелде Кызыл жарым ай уюму да жарыялады. Рейтер агенттиги видеону текшерип чыккан, ал Рафахтын жанындагы Тал ал-Султан деген жерде тартылганын аныктаган.
ЦАХАЛ бери дегенде 6 дарыгер, фельдшер ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюму менен байланышта болчу деп айтканы менен, анын далилдерин келтире элек.
Биринчи болуп New York Times чыгарган видеодо чукул кырдаалдар унаалары жолго жакындаганда аскерлер эскертүүсуз аткылоого киришкени көрүнүп турат.
Израил машиналар жарыксыз бараткан деген буга чейинки маалыматы так эмес болгонун, аны аскерлерден алышканы билдирди.
Ишембиде өткөн брифингде армиянын өкүлү аскерлер жапайы жаныбарлардан коргоо үчүн 15 кишинин сөөктөрүн кумга көмүп салганын айтты. Аларды бир жумадан кийин гана табышканын БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялаган кеңсеси (OCHA) билдирген.
ЦАХАЛ ал окуяны жакшылап териштирерине убада кылды.
Эл аралык Кызыл жарым ай жана башка эл аралык уюмдар көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышууда.
"Менимче, бул кылмыштын масштабы анын бир нече күндүн ичинде унутулуп калган дагы бир окуяга айланбашы үчүн эл аралык коомчулукту көбүрөк аракет корүүгө түртүүгө, милдеттендирүүгө тийиш", - деп айтты Палестинанын Кызыл жарым ай уюмунун вице-президенти Марван Жилани.
Анклавдагы уруш согушкерлер 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салып, 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, 250дөй киши барымтага алынгандан кийин башталган.
ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин аскердик операциясынан тилкеде 50 миңден ашык адам набыт болду.
Жекшембиде ХАМАС израилдик туткундар менен жаңы видеону жарыялады. Барымтадагылар оор шартта кармалып турганын жакында тамак жана суу тартыш болушу мүмкүн экенин айтышкан.
5-апрелде жакындары жоочулардын колунда калып жаткан израилдиктер кайрадан өкмөткө каршы акцияга чыгышты. Алар премьер Биньямин Нетаньяхуга жана Газадагы чабуулдардын жанданышына наарызылыгын билдирип, барымтадагыларды аман-эсен чыгарууну талап кылышты. Маалыматтарга караганда, хамасчылар кармап жаткан 59 кишинин 24ү тирүү.
"Президент Трампка кайрылып, Нетаньяху сизге калп айтып жатат деп айткым келет. Аскердик кысым барымтадагыларды үйлөрүнө кайтарууга жардам берет деп айткандары калп. Аларды согушту токтотуу аркылуу гана кайтарса болот. Башка жол жок", - деп айтты барымтага алынган Нимрод Коендин атасы Йехуда Коен Рейтердин кабарчысына.
Нетаньяху ушу тапта АКШда сапарда жүрөт. Президент Дональд Трамп менен кездешүүдө барымтадагыларды бошотуу, Иран маселеси, АКШнын соода тарифтери талкууланарын Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирген.
Шерине