Associated Press кабарлагандай, бардык штаттарда миңден ашуун акция өткөн. Анын бири Флоридада АКШ президенти барган гольф-клубдан алыс эмес жерде уюштурулган. Рейтер агенттигинин маалыматына караганда, Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынын жанында 400дөй адам чогулган.
Демократтарды колдогон уюштуруучулар бийликти узурпациялоого каршы экенин билдиришти. Катышуучулар мамлекеттик кызматкерлерди иштен кетирүүгө, мекемелерди жабууга, депортацияларга, медицинаны каржылоону кыскартууга жана жаңы төлөмдөргө нааразы болушту.
Трамп нааразылык акциялары учурунда америкалыктарга өзүнө караштуу Truth Social тармагы аркылуу кайрылып, соода согушу маалындагы оор өзгөрүүлөр тууралуу эскертти.
"Кытай АКШга караганда көбүрөөк жабыр тартты. Алар жана башка өлкөлөр бизге жаман мамиле кылып келишкен. Кармангыла, бул оорчулук жаратат, бирок жыйынтыгы тарыхый болот", - деди Трамп.
Reuters билдиргендей, бул жумада АКШ президентинин рейтинги 43% түшкөн. Бул Трамп кызматка киришкенден берки эң төмөн көрсөткүч.
Шерине