Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндары 19-августта жыйынтыкталды. Бул оюндарда кыргызстандык спортчулар сегиз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге утту. Медал алган 56 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 9-орунду ээледи.
Бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча (WBA) жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстанга келди. Мушкер алдыдагы машыгууларын Ысык-Көлдө өткөрүп, күзүндө өтө турган беттешине даярданат.
Лейлектин эң четки айылы Көк-Ташта кыз-келиндердин футбол мелдеши өттү. Бул оюнга эл майрамдагыдай чогулуп, жашы 60тан ашып калган апалар да топ тээп, күч сынашты.
Кыргызстандык балбандар Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында жалпы 14 алтын, 12 күмүш, 12 коло байге алышты. Мелдештер “Бишкек-Арена” муз майданында өттү. Чемпионатка 11 өлкөдөн 600гө чукул спортчу келcе, Кыргызстандан 60 спортчу күч сынашты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды.
Украинанын Северодонецк шаарында дээрлик эки айдан бери Орусиянын күчтөрүнө багынбай келаткан Украинанын аскерлери чегинүүгө аргасыз болду. Оштун Кара-Суу районунда көмүр ташып келаткан “HOWO” оор жүк автоунаасы жолдон чыгып кетип, алты кишини басып калды.
Бишкекте 17 жашка чейинкилер жана 24 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 чейинкилер арасындагы күрөш 22-июнда жыйынтыкталды. Бул ирет кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
Дагы жүктөңүз