Лейлектин эң четки айылы Көк-Ташта кыз-келиндердин футбол мелдеши өттү. Бул оюнга эл майрамдагыдай чогулуп, жашы 60тан ашып калган апалар да топ тээп, күч сынашты.
Кыргызстандык балбандар Бишкекте өткөн күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында жалпы 14 алтын, 12 күмүш, 12 коло байге алышты. Мелдештер “Бишкек-Арена” муз майданында өттү. Чемпионатка 11 өлкөдөн 600гө чукул спортчу келcе, Кыргызстандан 60 спортчу күч сынашты.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды.
Украинанын Северодонецк шаарында дээрлик эки айдан бери Орусиянын күчтөрүнө багынбай келаткан Украинанын аскерлери чегинүүгө аргасыз болду. Оштун Кара-Суу районунда көмүр ташып келаткан “HOWO” оор жүк автоунаасы жолдон чыгып кетип, алты кишини басып калды.
Бишкекте 17 жашка чейинкилер жана 24 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпионаты өтүп жатат. 17 чейинкилер арасындагы күрөш 22-июнда жыйынтыкталды. Бул ирет кыргызстандык балбандар алты алтын, бир күмүш жана алты коло байгеге ээ болду.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча уландар курама командасы (U-17) командалык эсепте 1-орунду алса, кыздардын эркин күрөшү боюнча улуттук команда (U-17) 4-орунду ээледи. 22-июнда эркин күрөштөн таймаштар уланат. 23 жашка чейинки балбандардын таймашы 23-июнда башталат.
19-июндан 26-июнга чейин Бишкекте 17 жашка чейинки жана 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Мелдешке 21 мамлекеттен спортчулар келери күтүлүп жатат. Кыргызстандан 60 балбан мелдешке катышат.
Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Буга карабай эки команда тең Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алды.
Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Мьянма курама командасын Кыргызстан 0-2 эсебинде утту. Кыргызстандын эки голун тең чабуулчу Виктор Майер киргизип, оюндун мыктысы аталды. "Ак шумкарларды" президенттен баштап чет өлкөлүк күйөрмандарга чейин сүрөп турушту.
Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан 8-июнда Сингапур курама командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондө өттү.
Дагы жүктөңүз