Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги бийик кабат үйдүн көркү ачылды. Жергиликтүү арт-тайпа демөөрчүлөрдүн колдоосу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын ири сүрөтүн тартышкан.
Көп балалуу түгөйлөр өлкөдөгү спортко кошкон салымы, чемпиондорду тарбиялоо сыры, үй-бүлө баалуулуктары жана карьера менен тиричиликтеги баланс тууралуу ой бөлүшүштү.
Бишкекте баскетболдун 3х3 түрүнөн Кыргызстандын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анда Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан жалпы 80 команда күч сынашты.
Орусиянын Екатеринбург шаарында олимп оюндарынан кийин кыргызстандык мигранттардын балдары арасында күрөшкө кызыгуу күчөгөн. Бир нече ай мурда ачылган спорт залда ондогон балдар эркин күрөш менен машыгып жатышат. Тренерлер да, балдардын ата-энелери да бир учурда иш издеп Екатеринбургга келген мигран
"Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдешинин акыркы оюну 7-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, беттеште Кыргызстан курамасы Бангладешти 4-1 эсеби менен утту.
Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.
24-августта Жапониянын Токио шаарында XVI Паралимпиада оюндары башталды. Ага 162 өлкөдөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашат.
Ысык-Көлдүн Челпек айылында жергиликтүү активисттердин демилгеси менен маркум журналист, “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин элесине арналып кичи футбол боюнча турнир өттү.
Медициналык окуу жайдын студенти Эмир Мырзабеков 14 жашынан баштап көчө спорту менен машыгат. "Башында бир да жолу тартыла алчу эмесмин" деген Эмир учурда 60 кишиден турган Көчө спортунун түрлөрү федерациясынын президенти.
Дагы жүктөңүз