Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон оюндагы жалгыз голду 25-мүнөттө Азим Азаров киргизди.
Футбол: Кыргызстан Палестинаны 1:0 эсебинде жеңди
Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте башталган "Үч улуттун кубогу" мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды.
![Алимардон Шүкүров чабуул учурунда. Алимардон ушу тапта Беларустун "Неман" клубунда ойнойт. ](https://gdb.rferl.org/ecca27a8-39f2-404d-9bf7-6a68a3ef4d54_cx0_cy8_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
1
Алимардон Шүкүров чабуул учурунда. Алимардон ушу тапта Беларустун "Неман" клубунда ойнойт.
![Күйөрмандар. ](https://gdb.rferl.org/e30b710f-b973-40d9-862f-e6eca94f1b37_w1024_q10_s.jpg)
2
Күйөрмандар.
![Кыргызстандын гимни жаңырып жаткан учур. ](https://gdb.rferl.org/17bcf0f4-ff71-48f2-8cf7-1f098f9f1535_w1024_q10_s.jpg)
3
Кыргызстандын гимни жаңырып жаткан учур.
![Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын оюнчулары беттеш алдында Токио-2020 Олимпиадасынын байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип чыгышты.](https://gdb.rferl.org/3eee4098-6f8e-4faf-960d-525577d6c0b7_cx0_cy10_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
4
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын оюнчулары беттеш алдында Токио-2020 Олимпиадасынын байге ээлери Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип чыгышты.
!["Биз Олимпиада оюндарынын катышуучулары менен сыймыктанабыз жана аларга мекенибиз - Кыргызстанды эл аралык аренада бийик деңгээлде көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп жазылган Кыргызстандын футбол бирлиги уюму тараткан билдирүүдө.](https://gdb.rferl.org/be0b1214-a17d-490a-a063-35b9f1fc64da_cx0_cy2_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
5
"Биз Олимпиада оюндарынын катышуучулары менен сыймыктанабыз жана аларга мекенибиз - Кыргызстанды эл аралык аренада бийик деңгээлде көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деп жазылган Кыргызстандын футбол бирлиги уюму тараткан билдирүүдө.
![Буга чейин Кыргызстан менен Палестина менен алты жолу ойногон. Ал оюндарда үч жолу тең чыгып, эки жолу Кыргызстан жеңишке жеткен. Акыркы жолу атаандаштар 2019-жылы Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүп, ал оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.](https://gdb.rferl.org/15b45518-1659-418a-9442-8c5a09fea780_w1024_q10_s.jpg)
6
Буга чейин Кыргызстан менен Палестина менен алты жолу ойногон. Ал оюндарда үч жолу тең чыгып, эки жолу Кыргызстан жеңишке жеткен. Акыркы жолу атаандаштар 2019-жылы Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрүп, ал оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
!["Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт.](https://gdb.rferl.org/ca33a742-5bb1-4931-9336-b131fb813e8e_cx0_cy8_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
8
"Үч улуттун кубогу" эл аралык футбол мелдеши 7-сентябрда аяктайт.
![](https://gdb.rferl.org/5933e514-7823-434c-b787-4b8555ab8f3c_w1024_q10_s.jpg)
9
![Сарсанаа болуп жаткан күйөрман.](https://gdb.rferl.org/e7e039b4-6291-4131-a8be-e22c87071da3_w1024_q10_s.jpg)
10
Сарсанаа болуп жаткан күйөрман.
![Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда.](https://gdb.rferl.org/272107d0-72a0-454d-a938-fd697d01fc28_cx0_cy3_cw0_w1024_q10_r1_s.jpg)
11
Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда.
![](https://gdb.rferl.org/e0593a1f-13a4-4d10-b19c-40090596cfaf_w1024_q10_s.jpg)
13
![](https://gdb.rferl.org/70168137-c1c2-4ea0-9268-6454ea82e8c8_w1024_q10_s.jpg)
14
![Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты: "Кооптуу учурларды көп жараттык. Албетте, техникалык жактан жана чабуулду ишке ашырууда бир аз маселе бар. Бирок, жигиттер - азаматтар, алар оюнга коюлган пландарды аткарышты. Ага кошумча, бул оюн кээ бир оюнчулар үчүн дебюттук матч болду, аларды куттуктагым келет", - деди Крестинин. ](https://gdb.rferl.org/dd3342b6-8e38-4960-8c97-950468b8585a_w1024_q10_s.jpg)
15
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттештин жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй пикирин айтты:
"Кооптуу учурларды көп жараттык. Албетте, техникалык жактан жана чабуулду ишке ашырууда бир аз маселе бар. Бирок, жигиттер - азаматтар, алар оюнга коюлган пландарды аткарышты. Ага кошумча, бул оюн кээ бир оюнчулар үчүн дебюттук матч болду, аларды куттуктагым келет", - деди Крестинин.
"Кооптуу учурларды көп жараттык. Албетте, техникалык жактан жана чабуулду ишке ашырууда бир аз маселе бар. Бирок, жигиттер - азаматтар, алар оюнга коюлган пландарды аткарышты. Ага кошумча, бул оюн кээ бир оюнчулар үчүн дебюттук матч болду, аларды куттуктагым келет", - деди Крестинин.
![5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт. Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт. ](https://gdb.rferl.org/b4d1d91c-ed43-44fa-9eca-1414b771965a_w1024_q10_s.jpg)
17
5-сентябрда Палестина менен Бангладеш, 7-сентябрда Кыргызстан менен Бангладеш командалары ойнойт. Оюндар саат 20:30да башталат. Беттештерди Кыргыз Спорт ТВ Ютуб каналы, Elevensports.com жана КТРК Спорт каналдары түз эфирде көрсөтөт.
![](https://gdb.rferl.org/3eff6d86-c93d-4283-bfc6-b6834a574eb4_w1024_q10_s.jpg)
18
![](https://gdb.rferl.org/7f4967a1-4463-40fd-8056-9d30e65c47de_w1024_q10_s.jpg)
19