Түп районунун тургуну, 18 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Маркумдун жакындары буга медиктерди айыпташууда. Дарыгерлер болсо келин кош бойлуу кезинде каттоого кеч турганын, толгоо башталган күнү ооруканага дене табы көтөрүлүп келгенин билдирди.
Орусияда “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалды. Алардын баары тең Борбор Азиядан баргандар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. жайда жатат. Казакстанда селден улам 20 миң киши эвакуацияланды.
Зомбулуктун курмандыгы болгон 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын сөөгү жерге берилди. Бишкектин четиндеги Кут жаңы конушунда жашаган келин 4-апрелге караган түнү күйөөсүнүн колунан каза тапкан. Кылмышка шектүү деп маркумдун күйөөсү Б.К. аттуу жаран кармалды.
Орусияда “Крокус Сити Холл” борборундагы терактка байланышы бар деп шек саналган дагы үч киши кармалды. Федералдык коопсуздук кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын баары Борбор Азиядан баргандар. Бирөө - Орусиянын жараны. Орусияда мигранттарды кармоолор жанатинтүүлөр уланууда.
Өзбекстандын Бухара аймагында бир нече кылым мурда жер которуп келген перстер жашайт. Жергиликтүү тургундар аларды “ирони” же ирандыктар деп аташат. Перстер үчүн үйлөнүү үлпөтү шаан-шөкөт менен коштолгон чоң майрам.
Ооганстандын түндүгүндө Коштөбө каналын куруу иши уланууда. Бул – Талибан жетектеген өкмөттүн эң ири инфраструктуралык долбоору. Курулуш аяктагандан кийин 285 километрлик канал кургакчылыктан жапа чеккен ооган дыйкандарын суу менен камсыздап турмакчы.
Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, акыйкатчы укук коргоо органдарын буга көңүл бурууга чакырды. Милиция бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.
Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Харьковго кайрадан дрондор менен чабуул койгондо 4 киши каза тапты. Жергиликтүү бийлик пилотсуз учактын бири 14 кабат үйгө тийгенин билдирди.
Орус аскерлеринин Харьковго жасаган дрон чабуулунан төрт киши набыт кетип, 12 киши жараат алды. Бишкекте үч баланын энеси мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапканы кабарланды. Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы бийликтен абакта жаткан сегиз журналистти бошотууну талап кылды.
Кыргызстанда дагы бир келин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, мурдагы күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Үч баланын энеси, 34 жаштагы келинге 4-апрелге караган түнү бир нече жолу бычак сайылган. Милиция кылмышка шектүүнү кармап, экспертиза дайындады.
Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды.
Кыргызстанда "Чет өлкөлүк өкүл" деп мүнөздөлгөн мыйзамдын кабыл алынышына АКШ, Евробиримдик жана айрым эл аралык уюмдар тынчсызданууда. Ал тапта президент Садыр Жапаровдун бейөкмөт уюмдар тууралуу жазганы талкууга түшүп, жарандык коом өлкө жетекчилигин маалыматты бурмалоого айыптап жатат.
Дагы жүктөңүз